«МАЙМЫЛДАР ПЛАНЕТАСЫ» ЖЕ АДАМЗАТ МЕНЕН ТАБИЯТТЫН ТИРЕШИ

Адам маймылдан жаралган деген теорияны жалпыбыз мектеп партасынан окуганбыз. Окумуштуулар маймыл адамга айлануу үчүн эволюция процесси миллиондогон жылдарга созулган деген тыянакка келишкен. Бүгүн биз сөз кылчу тасмада маймылдар адамдыкындай аң-сезим, акылга ээ болуп, Жер планетасындагы өз орду үчүн бүткүл адамзатка согуш жарыялашат.

КАПАСТАГЫ МАЙМЫЛДАРДЫН ТӨҢКӨРҮШҮ

АКШ, Сан-Франциско шаары. Жаш илимпоз Уилл Родман Альцгеймер оорусуна каршы дары ойлоп табуу үчүн маймылдарга генетикалык эксперимент жүргүзөт. Тажрыйба кылынып жаткан шимпанзелердин бири көзөмөлдөн чыгып, лабораторияда иштегендерге кол салганда жетекчилик илимий текшерүүдөн өтүп жаткан маймылдардын баарын өлтүрүүнү буйрук кылат. Уилл каза болгон шимпанзенин баласын үйүнө алып келип багып алат да, ага Цезарь деген ысым берет. Апасына лабораториядан сайылган дарылардын таасири Цезарга да тийген. Андыктан ал бир нерсени тез өздөштүрүп, башка маймылдарга салыштырмалуу акылдуу экенин көрсөтөт. Анын мындай жөндөмүн байкаган Уилл лабораториядан маймылдарга берген дарыны уурдап чыгып, Альцгеймер оорусу менен жабыркаган атасына берет. Бир нече жылдан кийин атасынын эс тутуму жакшырып, кадимкидей оору белгилери жоголо баштайт. Сүйүктүү үй жаныбарына айланган Цезарь ээсине болушам деп кошунасын коркутуп алат. Адамдар жашаган аймакта жапайы жаныбар багылып жатканын билген полиция кызматкерлери Цезарды маймылдар кармалуучу жайга алып барып коюшат. Мына ушул окуядан кийин Цезарь өзүнүн акыл-жөндөмүн пайдаланып капастагы маймылдарды боштондукка чыгууга, өз алдынча жашоого үндөп, адамзатка каршы согуш ачат. Темир тордо багылган маймылдар анын башкаруусунда төңкөрүш жасашат.

9 ЖОЛУ ЭКРАНДАШТЫРЫЛГАН

«Маймылдар планетасы» 1968-жылдан бери 9 жолу экрандаштырылган. Тасма франциялык жазуучу Пьер Булдун чыгармасынын негизинде тартылган. Чыгарма буга чейин көп жолу экрандаштырылганына карабастан акыркы жылдары чыккан «Маймылдар планетасынын көтөрүлүшү» (2011-жыл), «Маймылдар планетасы. Революция» (2014-жыл) жана «Маймылдар планетасы. Согуш» (2017-жыл) трилогиясы эл арасында популярдуу боло алды. Биринчи бөлүгүндө маймылдардын адамдардыкындай акыл-эске ээ болушу, көтөрүлүшү, экинчи бөлүгүндө алардын өз алдынча токойдо жашоосу, адамдардын алардын тынч жашоосуна бүлүк салганы сүрөттөлөт. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө маймылдар менен адамдардын аёосуз согушу жүрөт. Биринчи бөлүктө Цезарь баарын түшүнгөнү менен, «жок», «ооба» деген гана сөздү айта алса, калган бөлүктөрүндө кадимки адамча сүйлөп, баарлаша алат.

МАЙМЫЛДАРДЫ КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЖАСАШКАН

Трилогияда баштан-аяк Цезардын ролун актёр Энди Сёркис аткарган. Ал буга чейин «Кинг-Конг» тасмасында Кинг-Конгдун, «Шакектер шаасы» трилогиясында Голлумдун ролун аткарган. Эске салсак, Кинг-Конг да, Голлум да ойдон чыгарылган компьютердик каармандар. Тасма жаратуучулар чыныгы маймылдарды бастырып алардын кыймылын 3D форматында компьютердик графикага түшүрүп алышкан. Визуалдык эффекттерди кенен колдонгон тасманын жаратуучулары аталган эмгеги үчүн «Оскар» сыйлыгынын «Мыкты визуалдык эффект» наамына көрсөтүлгөн.

ЦЕЗАРДЫ КӨРСӨ ДАРВИН ЭСИНЕН ТАНМАК

«Тасманын сюжети учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын көркөмдөлүп сүрөттөлүшү» дешет киносынчылар. Айрыкча «Маймылдар планетасы. Согуш» тасмасы 2017-жылы жарыкка чыгып, учурда болуп жаткан окуяларды чагылдырган. Алсак: дүйнөдөгү миграциялык агым, Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүлөр, дүйнөнү каптаган терроризмди аталган трилогия кыйытып көрсөткөн. Көз караштардын, цивилизациялардын кагылышуусу да кенен баяндалат. Мындан улам дүйнөдө ушундай хаос орун ала берсе кинодогудай бири-бирибизди кырып жок болобуз деген ой берилген. Окумуштуу Чарлз Дарвин Цезарь менен жолукса теориясы туура келгенине сүйүнгөндөн эсинен танмак. Анткени аталган тасмада маймылдар 20 жылдын ичинде адамдыкындай акыл-эске ээ болуп жатышпайбы.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР


-Трилогиянын жалпы бюджети 413 миллион долларды чапчыган. Ал эми сатыктан 2 миллиард долларга жакын киреше алып келген.
-Фильмдин көпчүлүк бөлүгү Канаданын Ванкувер шаарында тартылган.
-Тасмага визуалдык эффекттерди берүү ишин «Weta Digital» компаниясы аткарган. Аталган компания буга чейин «Аватар», «Шакектер шаасы» тасмаларында да иштеген.
-Фильмдин экинчи, үчүнчү бөлүгүн да Руперт Уайатт тартмак, бирок режиссёр берилген убакытта тасманы тартып жетишпей калганына байланыштуу Мэтт Ривзге жоопкерчилик жүктөлгөн.
-Актёрлор Энди Сёркис, Терри Нотари, Карин Коновал тасманын үч бөлүмүндө тең тартылышкан.

Тасманын башкы каарманы Цезардын аялын, баласын адамдар өлтүрүп кетсе да ал ошондой жырткычтык менен жооп бербейт. Акылдуу маймылдын образы аркылуу көрөрман айрым адамдарга караганда жаныбарлар боорукер, даанышман экен деген ойго кептелет.
Маймылдардын ролун кадимки актёрлор аткарып, кийин компьютердин жардамы менен маймылга айландырышкан.
Цезардын ролун аткарган актёр Энди Сёркис.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Orozaly737373
2017-11-21 15:13:03
Озу да Цезарга окшош экен актёр.
+1
orun
2017-11-21 15:28:21
Жакшы фильм
+1
Aima94
2017-11-21 17:03:42
Сонун кино ыйлагам гоо ооо көрүп кинотеатрдан
+1
Djemre28
2017-11-23 03:37:21
Жакшы кино экен!
+1
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан