«СУПЕР-ИНФОНУН» КУБОГУНА КИМДЕР КАТЫШАТ?

Жакынкы күндөрү ааламды, анын ичинде биздин чакан өлкөбүздү футболомания каптайт. Анткени 22-майда Мадридде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы өтсө, саналуу күндөрдөн кийин ЮАРда Дүйнө чемпиондугу башталат. Ал эми бул арада Бишкекте “Супер-Инфонун” кубогу үчүн мелдеш жүрөт. Эгер дүйнөлүк мелдештерди мекендештерибиз сыналгыдан гана көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, супер футболго окурмандарыбыз түздөн-түз күбө боло алышат.

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ
Эгемен өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу пайда болгон белгилүү спорт сүйүүчүлөр арасында футболдук таймаш өткөрүү идеясы мындан 2 жыл мурда жаралган. Ошондо “Бээжин” Олимпиадасында балбандарыбыз ийгилик жаратышып, спортко болгон көңүл буруу жогорку деңгээлге жеткен. Бардык мекендештерибиздей эле биз да буга кубанып, аны менен гана тим болбостон, ушундай саамалыкты баштап жибергенбиз. Гезитибиздин спортту сүйүп, аны дайым колдоп жана чагылдырып келаткандыгы жалпыга маалым. Мындай демилгенин башкы максаты да мына ушунда. Тактап айтсак, жаштарды сергек жашоого үндөө. Бакубат жаштар бакубат улуттун негизи эмеспи.

“СУПЕРЧИЛЕРДЕН” СЕНСАЦИЯ
Ошол алгачкы таймаштар жө­нүн­дө кеп кылганда, биз алар­ды сыймыктануу менен эс­ке­ребиз. Алгачкы тарыхый оюн 2008-жылдын 7-сентябрында өтүп, майданда “Супер-Инфо” менен сахна жылдыздарынан түзүлгөн “Шоу-бизнес” командалары кезигишкен. Достук беттешинде жеңиш бирде оңго, бирде солго ооп отуруп, аягында өз кучагына эки команданы тең алган. Туңгуч оюндун 4:4 эсебинде достук жеңиши менен аякташы да символикалуу десек аша чаппайбыз.
Кийинки спорттук майрам арадан туптуура 3 апта өткөндөн кийин болуп, ага жогоруда аталган 2 командадан тышкары курамында “Бээжин” Олимпиадасынын катышуучулары бар “Спорт жылдыздары” курама командасы да катышкан. Ошондо дайыма сенсация издеп жүргөн журналисттер “Шоу-бизнести” 3:1, “Спорт жылдыздарын” 4:3 эсебинде жеңип, футбол талаасында сенсация жаратышкан эле. Ал эми “Спорт жылдыздары” – “Шоу-бизнес” тирешүүсү 3:1 эсебинде спортчулардын пайдасына чечилген.

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Ар бир иштин өзгөчөлүгү болгондой, супер футбол да бул жа­гынан куру эмес. Биз аялзатынын коомдогу ролун, гендердик теңчиликти жана башкаларды эске алып, оюндарга кыздарды катыштырууну чечкенбиз. Жана башкалар жөнүндө айтсак, кайсы шоу кыздарсыз болмок эле? Алардын жөн гана формачан майданда тургандары эле мелдешке көрк кошот эмеспи...

БААРЫН УБАКЫТ КӨРГӨЗӨТ
Ошентип, жогоруда аталган саамалык эми “Супер-Инфонун” кубогу” деген мелдешке айланып отурат. Ушул алгачкы турнирге анын баштоочуларынан тышкары аброй жана колдоочулары жагынан кем калышпаган “Улуттук биринчи канал”, “Мегаком” жана “Тамашоу” Лигасынын курама командалары катышуу тилегин билдиришкен. Адаттагы телеалпаруучу менен оператордун, “тамашоучу” жана «Мегакомдун» кызматкерлеринин футбол талаасында колунан, тактап айтсак, бутунан эмне келет экенин да көрө жатарбыз.

КАТЫШУУЧУЛАРДЫН КУРАМЫ

«Спорт жылдыздары»
Данияр Көбөнов (грек-рим күрөшү)
Канатбек Бегалиев (грек-рим күрөшү)
Азамат Эркинбаев (грек-рим күрөшү)
Руслан Түмөнбаев (грек-рим күрөшү)
Талант Жекшенов (эркин күрөш)
Улан Надырбек уулу (эркин күрөш)
Ильгиз Жакыпбеков (эркин күрөш)
Канатбек Сыдыгалиев («Гермес-профи»)
Кумар Жалиев («Гермес-профи»)
Мирлан Ибраимов («Гермес-профи»)
Ален Офойо («Гермес-профи»)
Сталбек Дарканбаев («Гермес-профи»)
Канат Сыдыкбеков («Гермес-профи»)
Айбек Дүйшөнбиев («Гермес-профи»)
Салижан Арбузов («Гермес-профи»)
Валентина Шевченко (тай бокс)
Анара Эстебесова (самбо)
Алина Карасартова (вале тудо)

«Шоу-бизнес»
Ынак Осмоналиев
Урмат Усенов
Максат Бегалиев
Сема
Ильяз Абдыразаков
Добр
Эрлан Андашев
Арсен
Эрмек Маматов
Дайыр Исмадияров
Нурлан Насип
Аваз Акимов
Мажит
Бегимай Эсенгулова
Жаным Айзат
Махабат Эматова
Гүлсана Султанова (экөө тең «Агама» бий тобунан)

«Тамашоу»
Эрмек Нурбаев
Айбек Садыралиев (“Юрский период”)
Адилет Осмоналиев (“Юрский период”)
Жеңиш Майрамбек уулу (“Юрский период”)
Никита Гривцов (“Юрский период”)
Нургазы Саралаев (“Юристтер”)
Кубат Кубанычбеков (“Юристтер”)
Кубанычбек Курманбеков (“КG 77”)
Адилет Жортушев (“2-рота”)
Айбек Байдөөлөтов (“2-рота”)
Айбек Жолдошбек уулу (“Достук”)
Эрмек Таалайбеков (“Ак-Өргө city”)
Улук Бообеков (“Ак-Өргө city”)
Асель Эсенбекова (“Достук”)
Саида Нуралиева (“Юрский период”)
Айжаркын Усубакунова (“Юристтер”)

(Уландысы кийинки сандарыбызда)


Жергиликтүү кабарлардан

Күрөш

АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНАН 3 МЕДАЛЬ
Өткөн аптада ата мекендик спорттогу башкы окуя балбандарыбыздын Азия биринчилигине катышуусу болду. Мелдештин жыйынтыгында мекендештерибиз 3 коло медаль менен чектелишти. Спортчуларыбыздан байгелүү 3-орундарга Калыбек Жолчубеков (55 килограмм, грек-рим күрөшү), Жанарбек Кенжеев (84, грек рим күрөшү) жана якутиялык легионер Айаал Лазарев (120, эркин күрөш) илинишкен. Командалык эсепте ирандык балбандар биринчи орунду ээлешкен.

Футбол

“ДОРДОЙ” РЕКОРД КОЙДУ
АФКнын президентинин кубогунда өл­кө­бүздүн намысын коргоп келаткан “дордойчулар” Бангладештен жеңиш менен кайтып келишти. “Дордой” “А” тандап алуу тобунда “Хасус” (Тайвань), “Нью Роуд” (Непал) жана “Абахани” (Бангладеш) командалары менен беттешип, бир да жеңилбей 7 упай топтогон. Тандап алуу баскычынан ийгиликтүү өткөн өлкөбүздүн чемпионун эми күзүндө аталган мелдештин финалдык баскычы күтүп турат. Кубандырганы, бишкектик “Дордой” мелдеш негизделгенден 6 жылдан бери ага үзгүлтүксүз катышып келет. Бул өзүнчө рекорд!

Бильярд

КАНЫБЕКТИН КЕЗЕКТЕГИ ТИТУЛУ
16-майда Бишкекте бильярддын жуурулушкан пирамида түрү боюнча өлкөбүздүн кезектеги биринчилиги аяктады. Кыргызстандын чемпиондук наамын №1-бильярдчыбыз Каныбек Сагынбаев жеңип алды. Күмүш медалды Рустам Абдрахманов тагынса, 3-орунга Кубанычбек Сагындыков менен Канат Сыдыков татыды. Ошондой эле 13 жаштагы Улукман Карагулов мелдештин “Эң жаш катышуучусу” наамы боюнча жеңүүчү аталды.

Таэквондо ВТФ

ЖАШ ТАЭКВОНДО ЧЕБЕРЛЕРИНИН ПАРАДЫ
Өткөн аптада “Сан сити” спорттук көңүл ачуу борборунун сыйлыктары үчүн таэквондо ВТФ боюнча сезондун жыйынтыгын чыгарган мелдеш өз жеңүүчүлөрүн тапты. Ага 70тен ашуун спортчулар катышып, 8 салмакта чемпиондор аныкталды. Бардык чемпиондор: Темирлан Эсенбек уулу (22 килограмм), Эржан Тагаев (26), Иван Рябов (28), Эмир Жунусов (31), Эльдар Гармашов (34), Дамир Шайхутдинов (38), Канат Кадыров (42), Станислав Лим (48).

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Аygerim
2010-05-24 11:03:59
Жыргал деген кайсы форумчу экен? точнее форумдагы аты?
0
temu
2010-05-24 11:38:39
форумдагы атын билбейм, бирок жакшы ойнойт экен.
0
temu
2010-05-24 11:44:23
Айтмакчы "Супер инфо" фандары оюн болчу куну барып биздин команданы колдойлу. Буйруса жешишке жетебиз дегендей.
0
passionarXXI
2010-05-24 11:52:36
Супер-Инфонун командасына кирген форумчулардын арасында атайын футбол ойнойм деп кирген да колдонуучулар бар экен. Мен дагы жалпы форумчуларды мелдешке келип, бизге болеть эткиле деп чакырам. Буюрса чемпион болобуз...
0
jirgal
2010-05-24 13:23:01
Кандайсын Айгерим? Мен атайын футбол ойнойун деп катталган элем. Атым Жыргал мени тааныйт белен же...
0
jirgal
2010-05-24 13:25:32
Футболго эми 1жума калды. Убакыт эч отпой койду го.
0
Таллас
2010-05-24 15:28:19
Кайда качан болот?
0
jirgal
2010-05-24 15:34:55
29-30 майда болот. Буйруса СУПЕР 2008-жылкы ийгиликти жанылайт!
0
Аygerim
2010-05-27 13:03:28
Кудай буюрса биз "Бандабыз" менен барып калабыз...
0
Aelina
2011-08-01 09:54:33
Сталбек Дарканбаев алга!!!сенин биринчиликти алышына мен ишенем.
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан