Актан Рыскелдиев, тамашоучу: «МЕНИН 9 БАЛАМ БАР, АНЫН ЖЕТӨӨ «ПОЗИТИФФЧИЛЕР»

Актан Рыскелдиев – ууртунан жылмаюу кетпеген тапан жигит. Күлдүрөт, күлөт, айтор, кызыктуу сүйлөйт. Тамашоучу, тамада, «Эл эмне дейт?» долбоорунун сценаристи, резиденти Актан бүгүнкү SUPER.KG
порталынын түз эфиринде абдан шаңдуу отурду. Бир туруп алпаруучулардан мурун суроолорду өзү окуп шамдагайлыгын көрсөтсө, бир туруп жаңы жазылган ырын ырдап, көрөрмандардын өтүнүчү боюнча чөнтөгүндөгү акчасынан бери санап берип жатты.

– Салам, Актан! Кыргыз юморун жаңы деңгээлге көтөрүүнү каалайсыңбы? Ага олуттуу өзгөрүү киргизүү үчүн кандай аракеттер керек деп ойлойсуң?
– Биз, КВНчилер куудул эмеспиз, куудулдук бул башка багыт. КВНде ойногонубуз менен, ар кайсы кесиптенбиз, биздики убактылуу. Кыргыз юморунун деңгээлин КВНчилер эмес, күлкү жаратуучулук өнөрдү өмүр бою кесип кылып жүрүшкөн куудул байкелерибиз, пародисттер көтөрүшү керек. Ал эми «Тамашоуну» алсак, ал жакта да юмордун деңгээлин көтөрүү зарыл. Себеби жаштар жалкоо, ой жүгүртүүсү башка, жеңил ойлонушат, изденишпейт. Командалар арасында мурдагыдай таймаш, атаандаштык жок. Алар менен редакторлор, улуу командалар иштешсе өсөт болушу керек.

– Абдан жөнөкөй жигит. Социалдык тармактагы күлкүлүү посттору жагат. Комментарий жазып суроо берсең дароо жооп берет, башкаларга окшоп өчүрүп салбай. Үй-бүлөсү менен бактылуу болсун.
– Рахмат. Инстаграмда
170 миң окурманым бар. Алар мага жазса, демек, мага убактысын бөлүп жатышат. Окурмандарым жеке каттарды да жазышат, баарын окуп жооп бергенге аракет кылам. Менде окулбай үстү-үстүнө чогулуп калган каттар болгон эмес, бир да катты көз жаздымда калтырбаганга аракет кылам.

– Сүрөттөрүңдү көрсөм эле бетиңдеги тырыкка кызыга берем. Тырык кайдан пайда болду эле?
– Менден бир жаш улуу Дастан деген байкем бар. Ошол байкем экөөбүз кичинебизде целлофан баштыктарды күйгүзүп эритип кумурскалардын үстүнө тамызып өлтүрөт элек. Бир жолу дагы ошентип кумурскаларды өрттөп жаткам, бирөө чакырып калганынан артымды карай койсом байкемдин күйүп жаткан целлофан баштыгы бетиме жабышып калды. Коркуп кетип кыйкырсам, байкем келип бетиме жабышкан целлофанды сыйрып алган. Ошол окуядан кийин бетимде так калып калган болчу. Үйгө келсем «эч нерсе болбойт, чоңойгондо өзү жоголуп кетет» дешкен. Бирок дагы деле жүрөт го.

– Инстаграмда жубайыңды мактап, элжиретчү сөздөрдү жазасың, күйөрмандарың «подкаблучник» деп ойлоп калбайбы?
– Ойлосо ойлой берсин. Негизи кыргыздын жигиттери жубайларына жардам берип эле жүрөт. Эркелетип койгон – бул «подкаблучник» болуп калуу эмес да. Мага 2 бала төрөп берип, үйгө барсаң үйүм, кийимим таза, тамагым даяр турса, баары оюңдагыдай болсо, кантип эркелетпейсиң, мактабайсың? Кантип «подкаблучник» болбойсуң? Катуу болчу жерде катуу элемин. Негизи үйдө эркек киши аялын күн сайын эркелетип «подкаблучник» болуп турушу керек.

– Бир маегиңде «берешенмин, ошонун айынан акча тапсам деле үй ала албай жүрөм» дедиң эле. Үй алганга үлгүрдүңбү?
– Жок, үй ала элекпиз. Билбейм, элдер кантип үйлүү болуп жатышат. Биздин тапканыбыз тамак-ашыбызга, кийим-кече алганга, балдардын жалаягына эле кетет. Мен кандай акча тапсам, ошондой бат коротуп жибермей өнөрүм бар, ошон үчүн азыр үйдө аялым эсепчи. Бүгүн эртең менен үйдөн чыгып келе жатсам үйүбүздүн кожойкеси батирдин акчасын алганы келип, «качан үй аласыңар?» деп сурап калды. Келинчегим «Бизге эч ким үй бербей жатат, 3 же 4 эм төрөйт окшойм. Ошондо үйдү мамлекет берип калар» деп жатпайбы. Биз да Кудай буюрган күнү үйлүү болорбуз.

– Кичинекей кезиңде «коробка» чогултуп иштеп жүргөн экенсиң?..
– Ооба, Бишкекке жаңы көчүп келген жылдары баштан абдан оор күндөр өткөн. Базарда эмне жумуш болсо, ошонун баарын кылып чыккам. Бут кийим тазалагам, араба түрткөм, коробка, целлофан баштыктарды чогулткам, пирожки, самса саткам, болгар калемпирин туздагам, дарбыз ташып жүктөгөм, базар шыпыргам, айтор, көп жумуш кылдым. Мени ошол базар баласынан Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институту куткарган. Анткени окууга тапшырып, энергиямдын баарын активдүү студент болууга жумшадым. Азыр базарга барсам киргенден чыкканым бат, ушунчалык көңүлүм калып калыптыр. Ошондуктан көбүнчө дүкөндөрдөн соода кылам деп койбоюнбу (күлүп).

– Учурда жол кырсыктары көп болуп жаткан учур, чыныңды айтсаң, айдоочулук күбөлүктү сатып алдың беле же окуп алдыңбы?
– Биринчи айдоочулук күбөлүгүң барбы деп сурабайсыңарбы? 3 ай мурун унаа алганбыз. Аны келинчегим айдап жүрчү, азыр балдар менен үйдө отуруп, эч жакка деле чыкпай калды. Унаабыз үйдүн артында эле турат, айдайм дегендер айдай бергиле. Мен кичинемден машинага, техникага такыр кызыкпайм. Кудай буюрган күнү айдоочулук күбөлүк алармын. Мага азыр маршруттук таксиден өтөрү жок.

– Сиз азыр түз эфирде жаш баладай шаңдуу отурасыз, 2 балаңыз бар, үйдө кандай атасыз?
– Менин 2 балам эмес, 9 балам бар. 7 бала «Позитифф» командасынын балдары. Аларды да өзүмдүн баламдай эле эркелетем.

– Үйдө аялыңа кол кабыш кыласыңбы же "эркектин жумушу, аялдын жумушу" деп бөлөсүңбү?
– Келинчегиме жакшы эле жардам берем. Үй жумуштарын жасайм, балага каралашам. Бирок бир айдан бери тамак жасай элекмин кол бошобой. Кайнатам өзбек улутунан, ашты укмуш басат, мага аш басканды үйрөтүп койгон.
Өткөндө бирөө «Актан байке, сиздин жубайыңыз өзбек эмеспи, Ташкентке билет канча болуп жатыптыр, билип бериңизчи» дебедиби. Кызыктай адамдар көп бизде.

– «Эл эмне дейт?» долбоорунун сценаристи, резиденти экениңди билебиз. Сыр болбосо канча гонорар аласың?
– Негизи сыр деле эмес (ойлонуп), бирок сыр да (күлүп). Биз аталган долбоорго актёр катары бекер иштейбиз. Гонорар акы жазган тамашаларыбызга төлөнөт. Кайсы тамашабыз эл тарабынан жакшы кабыл алынса, ошого көбүрөөк алабыз.

– Билишимче, SUPER.KG порталындагы «Супер форумда» активдүү колдонуучу элең, Алмаз Шаадаев экөөңөр форумда эле отурчусуңар, азыр деле кирип турасыңбы?
– SUPER.KG жаңы ачылганда форумда колдонуучулар менен активдүү баарлашчумун. Ошондо достор чогулуп «келгиле, өзүбүздүн өлкөбүзгө ат тандайбыз» деп «Суперстан» деген атты мен сунуштагам. Колдонуучулар жолугушууларды уюштуруп тез-тезден кездешип турар элек. Ал жакта Алмаз Шаадаев да бар эле. Азыр жаңылыктын баарын SUPER.KG порталынан окуйм, көрөм.

Жакында эле экинчи уулу жарыкка келген Актан үйдө камкор ата, күйөө, эл алдында шайыр, күлкү жаратуучу.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
maks94.kb
2017-11-21 09:38:58
Азаматсын брат бактылуу болгула
+9
engel
2017-11-21 11:26:49
Аябай жонокой жакшы бала. Бактылуу болунуз! Эртерээк уйлуу болунуз акчаны онго солго чача бербей ;-)
+8
aliakg90
2017-11-21 11:34:56
Олло жагат. Эл эмне дейттеги айыл башчысы бар го ал биздикилерди... Сонун чагылдырат
+5
Tyty1990
2017-11-21 11:59:14
Суперстандыктар бип чогулсак жакшы болот эле.
+4
Sevda-Nur
2017-11-21 17:31:47
Азаматсыз Актан. Так держать
+5
mumu00
2017-11-21 17:35:25
Акьанчик соонун жигит.Акыл эси, ой жугуртуусу айтор баары. Аялына жасаган мамилесинен кийин такыр эле жагып калды.
+6
Jazdyn_tany
2017-11-21 21:27:23
Огоо менин суроом 2-болуп берилиптир го, рахмат Супер инфо! Түз эфирди көрбөй калыптырмын. Актандын "Эл эмне дейттеги" тууганынын үйүнө келип кетпей койгон таекенин ролун аткарганы аябай жагат, сонун аткарган! Азамат Актан! Өнөрүң өркүндөй берсин!
+4
Shahrizaada
2017-11-22 03:52:02
Ташкентке билет канча болуп атыптыр,билип беринизчи он))
+4
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан