Гезитибиздин социалдык тармактагы расмий баракчасына Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну жүрөктүн үшүн алган окуя катталганы тууралуу жазып, бул боюнча биздин иликтеп көрүүбүздү суранган. Анда төмөнкүчө жазылган: «13-ноябрь түнү кимдир бирөө менин ошол окуя болгон айылда жашаган эжемдин дарбазасын такылдатыптыр. Сыртка чыгып эшикти карашса, эч ким жок экен. Мындай көрүнүш кошуна-колоңдорунукунда да кайталанып, бирок эч кимиси тыкылдаткан адамдарды көрүшкөн эмес. Эртең менен уй сааганга чыкканда гана бир кошунасын кимдир бирөөлөр үйүнө кирип өлтүрүп кеткенин угушуптур. Алар мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Маркум келиндин эмчектеги баласы тирүү калыптыр. Ал эми каза болгон аялдын кызы оор жаракат алып, нес абалында эч нерсе сүйлөй албай жатыптыр».
«КЫЛМЫШКЕРЛЕР КАРМАЛА ЭЛЕК»
Биз бул окуянын чын-бышыгын такташ үчүн Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 13-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Авлетим айыл аймагынын Социал айылындагы үйлөрдүн биринде келини менен кайненеси киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу 50 жаштагы С.Б, 26 жаштагы А.Кнын алган жаракаттардан улам каза болгон денелерине күбө болушкан. Ошондой эле 26 жаштагы Э.К. аттуу аял катуу жаракат алып оор абалда жаткан. Бул 3 аялдан сырткары үйдө 2 жаштагы жана 3 айлык жаш балдар болгон. Учурда оор жаракат алган жабырлануучу Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Аталган окуя боюнча Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди аныктоо, кармоо аракеттери көрүлүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.
«БААРЫ ТАБЫШМАК БОЛУУДА»
Кылмышкерлердин колунан ажал тапкан маркумдардын Айзат аттуу кошунасына байланышканыбызда ал буларга токтолду:
– Маркум кошуналарым тынч жашаган үй-бүлө болчу. Эмне болуп кеткенин эмгиче түшүнө элекпиз, баары табышмак болуп жатат. Кошуналарыбызды кимдир бирөөлөр келип өлтүрүп кеткенин эч ким деле билбептир. Маркум кошуна келинибиздин жолдошу Бишкекте иштеп жүргөн. Ал үйүндөгүлөргө телефон чалса, эч кимиси телефонун албай коюп, айла жок кошунасына чалыптыр. Ал кошунасы баласын жиберсе, уулу «кыйкырсам үйдөн эч ким чыкпай койду» деп кайра келген экен. Күйөөсү дагы бир жеңесине телефон чалып, үйүнөн кабар алып коюшун сураныптыр. Жеңеси үйүнө кызын жиберсе, кызы ушундай абалды көрүптүр. Элдин айтымында, кайненеси кире бериштеги бөлмөдө эле каза болгон. Эшикти ачар замат аны катуу нерсе менен чабышкан окшойт. Ал эми келинин кара куш мээге чааптыр деп жатышат. Үйдө кичинекей 2 бала болгон, көрбөй калышканбы, аларга тийбептир.
«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ООР»
Биз жабырлануучунун абалын сурап Аксы аймактык ооруканасынын жетекчиси Медер Осмоновго байланышсак, ал буларды билдирди:
– Жабырлануучу кош бойлуу, кечээ (ред.: 15-ноябрь) өзүнө келген, учурда сүйлөп калды. Дагы деле ал жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы оор, баш мээси чайкалган, башынан ачык жаракат алган. Ошондой эле желке сөөгү сынып, башына кан уюп калыптыр.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg