ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Каржылык абалыңыз бул жумада туруктуу болбойт. Жетекчилик, таасирдүү адамдардын колдоосуна ээ болосуз. Апта ичи кадырлуу адамдар менен алакалар көбөйөт. Билим жогорулатуу жактары жуманын экинчи жарымында жакшы жөнгө салынат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жумада сиздин оратордук жөндөмүңүз ойгонуусу ыктымал. Көзөмөл органдары менен жакшы тил табышасыз. Ортомчу болуп да үлгүрөсүз. Шаршембиден тарта акча маселеси көбүрөөк көңүлүңүздү бурат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада жумуш жаатында эки бутаны мелжейсиз. Биринчиси акча жагы, экинчиси топтолуп калган иш кагаздар, документтер жагы. Экинчинин түйшүгүнө бир аз чыдап койсоңуз, биринчиси сизди сөзсүз кубантат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Балаңыз «ушуну алып бересиң» деп жактырган буюмун кармап баспай туруп алса дароо жубайыңызды жардамга чакырыңыз. Ал бардыгын сиз ойлогондой жөнгө салат. Ошентип гана ашыкча чыгымды чектесеңиз болот. Ысык сезимдер күч алат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын алгачкы күндөрү үй-бүлөдө бакыт өкүм сүрөт. Бирок ошого карабастан айрым адамдардын каршылыгына дуушар болосуз. Жуманын акырында эс аласыз. Азыраак лотерея билетин алып көрүңүз.}

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жардамга муктаж болсоңуз аял тууганыңызга кайрылсаңыз жыйынтыгы жаман болбойт. Тоскоолдуктар жаралса капаланбаңыз. Келаткан дем алыш күндөр иштериңизге ийгилик алып келет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Колуңузга акча тиет. Чыгаша да болбой койбойт. Чыгашалар достор, эс алуу, чыгармачылык жаатына жумшалышы толук мүмкүн. Үй тиричилик, туугандар маселеси жөнгө салынат. Дем алыш күндөрү кыска мөөнөттүү жол жүрөсүз же жакшы кабар угасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиз дагы да болсо көпчүлүктүн көңүл борборундасыз. Табияттан сизге берилген өзгөчө шарм дагы бир ирет жарк этип жанат. Андыктан аны пайдаланып калыңыз. Көрө албастар, каршылыктар чыкса көңүл бурбаңыз. Дем алыш күндөрү капчыгыңызды даярдаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Айрым чоң мекемелер менен алака кылып көрүңүз. Жыйынтыгы сизди кубантат. Көзөмөлдөө органдары же туугандарыңыз менен түшүнбөстүктөр жаралса капаланбаңыз. Дем алыш күндөрү баары сиз ойлогондой бүтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз бул аптада достор, кесиптештердин эки топко бөлүнүп калганын байкайсыз. Бир тобу сизге колдоо көрсөтсө, экинчи тобу каршылык көрсөтүшөт. Андыктан кыраакы болуп иш алып барыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчилик менен бирге кайсы бир жашыруун долбоорду талкуулайсыз. Бирге алып барган ишиңер ойдогудай кетет. Бирок ушул эле учурда айрым өнөктөштөрдүн каршылыгына сөзсүз туш болосуз. Андыктан боло турган соккулар кайсы тараптан экенин күн мурунтадан аныктаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Алыскы жактан же кайын журт тараптан жакшы кабар угасыз. Жардам көрсөтүүлөрү да мүмкүн. Даяр болуңуз. Алыскы жол, көзөмөл органдарына караштуу суроолор оң жагына чечилет. Бир аз каршылыктар болсо көңүлгө албаңыз. Эң негизгиси ден соолукка көңүл бөлүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан