21-кылым. Азыр эч кимибиз гаджет, интернетсиз жашоону элестете албайбыз. Бирок өлкөбүздүн кээ бир айылдары интернет тургай телефон байланышы, электр энергиясы жок жашап келишет. Алыс кетпейбиз. Бул Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Кара-Үңкүр айылы.
ЖОЛЧУЛАРДЫН АЙЫЛЫ
Кара-Үңкүр айылы Нарын районунун борборунан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоолордун этегиндеги үйлөр 1937-жылдары жол куруучулар үчүн салынган. Эскилиги жеткен бул батирлерде азыр да ДЭУ №41дин кызматкерлери жашап келишет. Жашы өткөндөр улам андан кийинки жаштарга, өздөрүнүн уулдарына жол бошотуп пенсияга чыгышкан. Айтсак, 67 жаштагы Өмүрзак Мамбетов өмүр бою Кара-Үңкүрдө жашап келет. Ушул аймакта төрөлүп, жолчу болуп иштеген, учурда пенсионер. Азыр анын уулу жол куруучу болуп иштейт.
«КИЙИМДЕРДИ ЧОЮП-ЧОЮП ЖАЙЫП КОЮП КИЕБИЗ, КАЙДАГЫ ҮТҮК?»
– Учурда Кара-Үңкүрдө 20 чакты түтүн жашайт. Алардын көпчүлүгү мал менен кошо жайлоолорго кетип, жайында 8дей гана түтүн калабыз. Өзүм 43 жыл жолчу болуп иштедим. Айылда өзүңүздөр көргөндөй электр жарыгы, телефон байланышы жок. Ошондуктан жаштар бул жакта калгысы келбейт. Биз болсо өмүр бою ушул айылда отурукташып көнүп калганбыз, башка кайда барабыз? Биз деле эл катары жарыкта жашайлы деп бир кездерде айылдан өткөн Долон суусуна өзүбүз чакан ГЭС курганбыз. Бирок 2015-жылы май айында суу көп келип ГЭСти агызып кетип иштебей калган. Ошондо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ДЭУнун башчысы келип ГЭСти калыбына келтирип бере тургандыктарын айтышкан. Андан бери эки жыл өттү. Абал ошол бойдон. ГЭС иштеген учурда телевизор көрчүбүз, үтүк иштетип кийимдерибизди иретке келтирип алат элек, айтор, турмуш тиричиликке бир топ жеңилдиктерди жаратчу. Кийин «Ага-хан» фондуна долбоор жазып 300 миң сом утуп алганбыз. Ошол каражатка 10 үйгө 30 миң сомдон күндөн кубат алуучу батареяларды алганбыз. Ал жарык бергенге гана жарайт. Азыр ошол батареялар менен күн кечирип жатабыз. Жамгыр, кар жааса чырак менен отурганга көнүп калганбыз. Кээде жумушчулар эртең мененки саат 5те жумушка ачка кетет. От жагып чай кайнатып ичкенче эле бир саат өтөт да. Башка электр тогу керектелчү жумуштар шартыбызга жараша жасалат. Мисалы, кийим үтүктөй албайбыз, чоюп-чоюп жайып коюп ошол бойдон кургатып кийип алабыз. Жылуулук үчүн көмүр, көң, отун колдонобуз. ДЭУ 1 тоннадан көмүр берет, калганын өзүбүз сатып алабыз. Жаңылыктарды болсо эки жакка чыкканда угабыз, гезиттерден окуйбуз. Сууну болсо эшикте агып жаткан Долон суусунан алып, ичкенге дагы ошол сууну колдонобуз.
Биздин айылдан учурда 22 бала мектепке барат. Мектеп мындан 20 чакырым алыстыктагы Оттук айылында жайгашкан. Ал жакка окуучуларды ДЭУнун карамагындагы автобус ташыйт. Негизгиси мектепке балдарды ташыган автобусту жаңыртып берсе деп суранат элем. Ал 1986-жылкы автобус. Эртең менен балдар титиреп, тоңуп кетишет. Автобус маселеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылганбыз. Бирок чечилбей келет.
«БИЗ ДА ИНСТАГРАМГА СҮРӨТТӨРҮБҮЗДҮ ЧЫГАРГЫБЫЗ КЕЛЕТ»
Өмүрзак Мамбетовдун келини Таттыбүбү бул айылга үч жыл мурун келин болуп келген. Өзгөчө келиндер үчүн оорчулук жараткан айылдын шартына көнүп калганын айтканы менен, башка жакка көчүп жашоо жолдошу экөөнүн пландарынын бири экенин билдирет:
– Мешке суу ысытып алып колго кир жууйбуз. Телефон менен сүйлөшүү үчүн башка жакка барыш керек. Жакындарыбыз бир жакка кетсе, тынчсыздансак да күтүп отургандан башка айла жок. Интернет жөнүндө сөз кылбай деле койсок болот. Турмушка чыкканга чейин интернет менен тааныш болуп, социалдык тармактарды колдонуп жүргөн жаным ошондой жашоону эңсейм. Биз да өзүбүздүн сүрөттөрдү, жасаган тамактарыбыздын сүрөтүн Инстаграмга киргизгибиз келет. Балдарыбыз ушул жактан эле төрөлүп, чоңоюп жатышат. Ооруп калса «Тез жардам» унаасын чакырыш үчүн байланыш бар жакка барып чакырып кайра келиш керек. Ага караганда унаа менен алып барган ылдам. Унаасы жокторго кыйын. Биздин айылга да жарык келсе, албетте, жакшы болмок, жашоо шартыбыз жакшырып, эл катары жашамакпыз.
"ЖАРЫК КЕЛСЕ ДЕГЕН ТИЛЕГИБИЗ КҮЧ"
Аскар Акматов, жолчу:
– Биздин жашоо сиздер көрүп тургандай. Күн кышкысын саат 11лерде тийип, 2 жарымдарда батат. Эртең менен туруп от жагып, малдарды караганча эле кеч кирет. Тоолордун арасы болгондуктан кар калың түшөт, суук болот. Жашоо шарттын оор болгондугуна байланыштуу башка жакка да көчүп кеткибиз келет. Жарык келсе деген эле тилегибиз күч. Анда элге окшоп цивилизацияда жашайт элек, жок дегенде телевизор көрүп, жаңылыктардан кабардар болуп турмакпыз да, үйлөрүбүзгө жылуулук келет эле. Жашообуз бир топ жеңилдемек.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg