ТОТУ КУШ ЭМНЕДЕН УЛАМ СҮЙЛӨП КАЛГАН?

Балдар, силер тоту куш тууралуу эмне билесиңер? Келгиле, анда чогуу маалымат алалы. Эң кызыгы, тоту куш адамдын үнүн туурап сүйлөгөндү кайдан үйрөнүп алган? Көрсө, тоту куштардын табиятынан эс тутуму мыкты болот экен. Алар адамдын үнүбү, иттин үргөнүбү, мышыктын мыёологонубу, эмне үн чыкса эсине тутуп калышат. Бул өзгөчөлүгүнөн улам алар эмне айтсаң, ошону кайталай беришет. Мисалы, адамдар сүйлөөрдө эмнени сүйлөсөм деп ойлонсо, тоту куштар жөн гана уккан үндү туурашат. Эмне үчүн алар адамдын сөздөрүн тез жаттап калышат? Анткени алардын сөздөрү үндүү жана үнсүз тыбыштардан турат. Ошондуктан жаттап алганга жеңил болот. Демек, алар сөздөрдү жаттап калышат да, анан аны кайталашат.
Дагы бир кызык жагдай, үйдө эки же андан көп тоту куш болсо, алар адамдын сөздөрүн туурашпайт. Эгерде бирөө гана болсо жалгыздыктан улам зеригип адамдардын сөздөрүн кайталаганга мажбур болот. Тоту куштар эркиндикте 45-50 жыл жашай алса, үй шартында алардын өмүрү кыскарып, 12 жылдан 15 жылга чейин жашайт.
Эгерде сага тоту куш алып беришсе, сен аны жаңы досуң катары кабыл ал. Аны жулмалаганга, ойногонго, канаттарын кыркканга болбойт. Ооруйт да. Андан көрө жонунан сылап, убагы менен тамагын берип, аны менен сүйлөшүп убактыңды өткөргөнгө аракет кыл. Жаңы досуң үйгө келгенде анын капасы кенен, ыңгайлуу болушуна шарт түз.


Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2017-11-21 22:19:21
Эн жакшысы балдар, ата эненер тоту куш алып берсе, акырын эч кимге корсотпой койо бергиле. Майлиби?
+1
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан