Акыркы кезде рак оорусунун көбөйүп баратканы айтылууда. Буга эмнелер себеп жана кантип оорунун алдын алууга болору тууралуу Улуттук онкология борборунун консультативдик бейтапканасынын онколог-хирургу Абдумажит Мурзаев баяндайт.
РАКТЫ АЙЫКТЫРУУ ЭМЧИ-ДОМЧУЛАРДЫН
КОЛУНАН КЕЛБЕЙТ!
– Акыркы кезде дүйнөдө рак оорусу менен ооругандардын саны көбөйүп баратат. Онкология оорусу барлардын көбү айылдагы эмчи-домчуларга, табыптарга көрүнүп жүрө беришет да, дарылоого кеч болуп калганда бизге кайрылышат. Негизи, ар бир адам 1 жылда 2 ирет медициналык текшерүүдөн өтүп турушу зарыл. Ушинткенде гана рак оорусу бар болсо аныкталып, дарылануу кеч боло электе башталат.
РАК ЭМНЕГЕ КӨБӨЙҮҮДӨ?
– Экологиянын бузулушу, адамдагы жаман адаттар: тамеки тартуу, ичкилик менен боёк кошулуп газдалган суусундуктарды көп ичүү, фаст-фудду жана грилде бышкан азыктарды көп колдонуу рактын көбөйүшүнө алып келүүдө. Кытайдан чыгарылган арзан кийимдер жана арзан идиштерди колдонуу (буларда ракка алып келүүчү химиялык кошулмалар көп), дарыга бышкан, ошондой эле дары менен сакталган жашылча-жемиштер, күндө көп жүрүү да рактын себепкерлери.
Статистикага кайрылсак, биздин бейтапканага 2009-жылы 34 281 адам кайрылып, мунун 5713ү жатып дарыланып чыккан. Мисалы, ашказан рагынан 441 адам, эмчек рагы менен 446 адам, жатын моюнчасынын рагы менен 378 адам.
ШИШИК ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
– Рактын келип чыгышын окумуштуулар төмөнкүдөй түшүндүрүшөт.
Рак бир гана клеткадан өсүп чыгат. Негизи, адамдын организми болжол менен 15 миллион клеткадан турат. Нормалдуу клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Бирок физикалык (мисалы, күндүн ультра-фиолет нурлары, радиация), химиялык факторлор (канцерогендүү кошундулар: түтүн, ыш, цемент, асбест, кийим менен идиштеги химиялык кошулмалардын көптүгү), биологиялык факторлордун (вирустар) таасири менен дененин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрөт. Клетка көзөмөлсүз бөлүнүп көбөйө баштайт. Дал ушул мезгили жетсе да, өлбөй көбөйө баштаган клетка “рак клеткасы” деп аталат. Мындай клетка бөлүнүп көбөйүп отуруп, шишикти пайда кылат. Шишикти дарылап жок кылбаса, акырындап коңшу органдарга жайылып кетет. Мисалы, жатындын рагы акырындап ичегилерди, боорду, ашказанды да чырмап алат.
Рак залалдуу жана залалсыз болуп экиге бөлүнөт. Залалсыз шишикке кабылгандардын 95 пайызынын дарылануу менен толук сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
ШИШИКТИН БАШКЫ БЕЛГИЛЕРИ
– Рак клеткалары адамдын абалын начарлатып, шалдыроого, табиттин жоголушуна, арыктоого алып келүүчү уу заттарды бөлүп чыгарат. Ошондуктан адамда аталган белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл.
Алиман, 63 жашта,
Панфилов районунан. Диагнозу – теринин рагы.
Алгач билегине шишик сымал жара өсүп чыккан. Өз алдынча туз, ысык нан, анан чөп-чарды тартып жүрө берген. Шишик 1 жылда чоңоюп, өсүп кеткен. Бир нерсеге тийгенде, сүрүлгөндө ооруп, канай бергенде дарыгерге кайрылган. Операция жасалып, шишик алынган. Ал жерге денесинин башка жеринен тери алып, пластикалык операция да жасалган.
Алина, 22 жашта,
Көлдөн. Диагнозу – кал сыяктуу шишик.
Кичинесинде далысында тырмактай эле кал сыяктуу шишик болгон. Ата-энеси дарыгерге көрсөтпөй жүрө беришип, кал акырындап өсүп, денеге жайыла баштаган. Акыры Алина онколог-хирургга 19 жашында кайрылган. Бирок дарылоого кеч болуп калган. Операция жасоо үчүн бүт денесинин терисин алмаштыруу (пластикалык операция жасоо) керектелет.
Териси кычышып, жагымсыз дүүлүктүрөт. Өзүн башка бирөөнүн терисинде жүргөндөй сезет.
Калиман, 66 жашта,
Көлдөн. Диагнозу – зыянсыз шишик түрү же кошумча эмчек.
Тубаса кошумча эмчек менен төрөлгөн аял 65 жыл дарыгерге кайрылбай жүрө берген. Эмчек далы менен ийиндин ортосунан өсүп чыккан. Үчүнчү эмчек кийим кийгенде, жатканда ооруп, ыңгайсыздык жараткан. Акыры чыдоого мүмкүн болбой калганда гана дарыгерге кайрылган. Операция жасалып, кошумча эмчек алынып салынган.
Жасмин, 17 жашта,
Балыкчыдан. Диагнозу – теринин залалдуу шишиги.
Бут манжасынын тубаса рагы менен төрөлгөн. Ата-энеси дарыгерге көрсөтпөй жүрө беришип, рак акырындап өсө берген. 17 жашында гана онкологго көрүнүп, ракка учураган манжасы түбүнөн кесилип салынган. Эгер операция жасалбаса, рак башка манжаларга да өтүп, чырмап алмак.
Адыл, 48 жашта,
Токмоктон. Диагнозу – саркома (залалдуу шишик).
Жамбашына рактын өсүп чыкканына 1,5 жыл болгон. Басканда, отурганда, жатканда оорутуп, абдан арыктаган. Операция жасап, ракты алып салышкан соң нур жана химия терапияларынан өткөн. Учурда абалы жакшы. Бирок кайра өсүп чыгуу коркунучу болгондуктан, убак-убагы менен дарыгерге көрүнүүдө.
РАКТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫН ШАРТТООЧУ АЗЫКТАР
РАКТЫН АЛДЫН АЛУУЧУ АЗЫКТАР
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg