АЯЛДАРДЫН ЭРОТИКАЛЫК ФАНТАЗИЯСЫ: ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?


Мурун аялдардын эротикалык фантазиясы чектен тыш нерсе катары кабыл алынып, андай оюн айткан аялды эркеги же курбу-курдаштары чөйрөдөгүлөр түшүнбөстүк менен кабыл алышчу. Азыр заман башка. Сексологдор жана психологдор аялдардын эротикалык кыялдануусу эркектердики сымал эле табигый көрүнүш деп айтышат. Андай фантазиялар сексуалдык жашоону кантип жакшыртуу керектигине жакшы шпаргалка болуп берет.

КИНОНУН ЖЕ РОМАНДЫН КААРМАНЫ МЕНЕН ТӨШӨК ОЮНУ
Бул аялдардын арасында эң көп учуроочу фантазия. Идеалдуу образдагы каарман менен төшөк кумарына батууну кыялдануу өзүнүн жашоосундагы түгөйү менен мамиле жадатма жана бир түрдүү экендигин маалымдайт. Ал эми аялдын кумары адаттагыдан тышкаркы төшөк кумарын эңсейт.
ЭРКЕКТЕРГЕ КЕҢЕШ: Эгер сүйүктүүңүздүн ушундай кыялы бар экенин билип калсаңыз, мамилеге романтиканы, жагымдуу күтүлбөстүктү кошуңуз, төшөк оюнунун жаңы түрлөрүн колдонуңуз.

БИР НЕЧЕ ЭРКЕК МЕНЕН КУМАРГА БАТУУ
Мындай фантазия аялдын жыныстык катнаштын санына жана узактыгына канааттанбаганынан маалымат берет. Аял кыялында эгер бир эркек жетишерлик деңгээлде эркелете жана төшөк кумарына канааттандыра албаса, анда жок дегенде өзүнө керегин экинчи эркектен аларына ишенет.
ЭРКЕКТЕРГЕ КЕҢЕШ: Аялды эркелетип төшөккө даярдоого кадимкиден узагыраак убакыт бөлүңүз жана төшөк кумарын узартып барыңыз (бул үчүн төшөк оюнун узартуу сырларын окуңуз, үйрөнүңүз, колдонуңуз).

ЭЛ КӨП ЖҮРГӨН ЖЕРДЕ
Тагыраак айтканда, сүйүктүүсү экөө кумарга батып жатканын башкалар байкап калышын кыялдануу эмнеден кабар берет?
Аялга далилдүү сүйүү керек. Тагыраак айтканда, аял чөйрөдөгүлөрү эркеги аны сүйөрүн жана ал дегенде башын жоготорун билишин каалайт.
ЭРКЕКТЕРГЕ КЕҢЕШ: Эл арасында экениңизде сүйүктүүңүздү аяр кучактай, колунан жетелей, айтор, аны сүйөрүңүздү билгизип туруңуз. Төшөктө оюндан кийин ары карап уктап калбай кучактап жатыңыз.

БЕЙТААНЫШ МЕНЕН
Мындай фантазия аял бир рамкага түшүп калганын, секс учурунда да өзүн бош кармай жана каалоосун ачык айта албастыгын белгилейт. Ал эми бейтааныш менен болгон жыныстык катнаш аялды төшөктө өзүн көзөмөлдөөдөн бошотот.
ЭРКЕКТЕРГЕ КЕҢЕШ: Эркек орой мамиле жасабай же аялдын кемчилигин айта бербей, анын жакшы жактарын айтып көтөрмөлөөсү кажет. Төшөктө да өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, аялдын да ою менен эсептешип, ал өзүн эркин кармап төшөк оюнунан канааттануу алуусуна жетишүүсү зарыл.

ЗОРДУКТООНУ, ЖАМАН МАМИЛЕНИ САМОО
Төшөктө эркек зордуктаса, жаман мамиле жасаса деген кыялдын артында аял эркектин күчтүү болуп чыга келишин, төшөктө өзүнүн бийлигин орнотушун каалаган самоо жатат. Чечмелесек, аял төшөктө канааттанбай, эркегин үлдүрөбөй төшөктө да эркек болсо дейт. Же аялда жыныстык катнаш сейрек болот, же оңой менен оргазм ала албайт.
ЭРКЕКТЕРГЕ КЕҢЕШ: Кыялдагы зордуктоо менен реалдуу жашоодогу зордуктоо эки башка нерсе. Эркек тартынчаак болсо анысын таштап, төшөк оюнун колго алуусу, төшөк жаатында түшүнүгүн өстүрүүсү керек. Жыныстык катнаш сейрек болсо, санын көбөйтүңүз. Аялыңыз оргазм ала албай кыйналса, ага жеткирүүнүн ыкмаларын үйрөнүңүз жана колдонуңуз.


МУЗДАТКЫЧ КАЧАН ИШТЕЙТ ДЕП...

Бир күнү жумуштан келсем оозгу үйдө чечилген бут кийимдер турат. Шашыла басып ашкана бөлмөгө кирсем айылда жашаган эки кайним, аялым болуп жай баракат чай ичип отурушат. Амандашып бүткөн соң алар «бул жакта ары-бериси болуп 10 күндүк жумуштарыбыз бар» деп калышты. «Ии, болуптур» деп койдум. Бирок бул 10 күн мен үчүн тозок болорун кайдан билейин?
Ошентип алардын биздикинде конок болгонуна 3 күн болду. Эч ким жолтоо болбой ээн-эркин жыргалга батып жүргөн аялым экөөбүз 3 күн такыр эле тыпыйып калсак болобу?! Анан эмне, болгону бир бөлмөдө жашасак. Антип-минтип отуруп дагы 3 күн өтүп кетти, мен болсо такыр эле чыдабай болбой калдым. Жетинчи күнү «алар уялбаса мага эмне?» деп аялыма асыла баштасам ал «Тигилер укса эмне дейт? Бир аз коё туралы, уктап калышар» деп койду. Бир аз жатып чыдамым кеткен мен муздаткычтын дүрүлдөгөн үнүнөн пайдаланып шап эле аялыма жармашып ишке кириштим. Жакшы эле кызыгына кирип жыргап баратканда муздаткыч тык топтоп калат. Анан кайра анын иштегенин күтмөй...
Ошентип муздаткыч иштесе ишти баштап, ал токтосо токтоп калып жатып эптеп жыргалдын туу чокусуна жетип шалдырап жатып калдым.
Эртеси аялыма «инилериң башка бир туугандарыныкына барса болбойбу?» десем ал «менин бир туугандарыма асылба» дейт. Ошентип экөөбүз уруша баштадык. Күндүзү урушуп, түнкүсүн муздаткычтын иштешин күтүп акыры 10 күн бүттү. Көптөн күткөн тилегим кабыл болуп тигил экөө кетти. Менин сүйүнгөнүмдү айтпа! Аялым экөөбүз урушпай да калдык. Эң негизгиси, муздаткычтын дүрүлдөгөн үнүн күтпөй калдык.


Саку


САНЫ ЭМЕС, САПАТЫ ЖЕ 30ДАН КИЙИН СЕКС КАНДАЙ ӨЗГӨРӨТ?

Адамдар бара-бара токтолушат, өзгөрүшөт. Жыныстык жашоо, өнөктөшү тууралуу ойлору да өзгөрөт. Анда бир эмес, бир нече жылдап жыныстык жашоодо жашап келе жаткан адамдардагы ошондой өзгөрүүлөр боюнча сөз козгойлу.

Эч нерсени далилдөө керек эмес.
Ар бир жыныстык катнаш тууралуу, мейли ал идеалдуу болбосо деле ойлоп кайгырбайсың. Бир өнөктөшпү же түрдүү өнөктөшпү, маанилүү эмес, башкысы, адам төшөктө уялып-кысылууну сезе бербей калат. Төшөктө көп аракеттенсем деле баалабай койду деген ой да жок болот.

Өнөктөштөр азаят.
Убакыттын өтүшү менен узакка созулган мамиленин жана жаш кездердеги кыска романдардын айырмасын түшүнө баштайт. Жыйынтыгында бир эле өнөктөш менен деле төшөк оюндары жагымдуу жана түрдүүчө болору айкын болуп калат.

Интимди талкуулоону үйрөнөт.
Алгачкы убактарда аялга да, эркекке да жыныстык жашоо тууралуу сүйлөшүү ыңгайсыз болот жана уялат. Кийин бири-бирине көнүп калган соң сүйлөшүү оңой боло баштайт. Экөө бири-бирине кумар оюнунда эмне жагарын, эмне жакпастыгын билип калышат.

Өзүңдү жакшы түшүнө баштайсың.
«Организм талап кылып жатат» деп эле эптеп ишти бүтүрүп салбай, интимдик жашоодо туура сылагылап жибитүү да башкы орунда экенин билип калат.

Санынан көрө сапаты.
Отуздан өтүп калганда көбү балалуу болуп, аларга да убакыт таап, карьера үчүн да жүгүрүп, иш-чараларга да катышып дегендей, бош убактысы өтө аз калат. Андыктан «аз кошулсам да саз кошулайын» деп чечет.


Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
-Killer-
2017-11-26 12:31:13
бар болгула аял зат.тын болгула эркектер.тошок дегенде жата калгыла.кундузу кымыз туну кыз ушундай болгон эр кыргыз.
+7
anobis85
2017-11-28 00:24:51
Даа
+1
jyldyzbekova
2017-12-13 23:34:20
men 22 jawta elemin kuioomon kuiratyp dele yrahat ala albaim jumasyna bir ele jolu bolobuz owondo da bir eki minutalyk ele a ozun jok degende bew minut kununo bir jolu bolso deim
emne kylyw kerek???
+1
1919
2018-01-28 15:07:14
jyldyzbekova,Чубак ажынын баянын уксан
+1
munar_8700
2017-12-29 21:51:29
жакшы
+2
toromyrza-92
2018-01-21 12:07:56
Коментарийлер ото кызыкттуу экенго.
Халаделник хаха
+2
Baidin
2018-02-22 19:44:22
Кеңеш жакшы
0
jasminka
2018-04-02 21:12:11
Созсуз буттум деп айтышы шартпы. Мага да такыр жат нерселер экен.
+1
jasminka
2018-04-02 21:15:10
Эркектердин да буттунбу деп сурашы уятго аялдан. Аял бутургудой эркек эмесго.
0
artur90
2018-08-17 11:17:01
Эркеитердин милдети болсо керек оноктошунун каалоосун аткаруу. аялыныкын бутурбосо олот гоо
+2
pero5184
2019-03-11 14:39:07
Күйөөм меникин бүтүрсө деп кыялданган боюнча өтөм го
+1
Goodyer
2019-07-09 01:22:47
Эми аялын болгондон кийин сурайсын да буттунбу деп, анан ал дагы айтат да кичине аз болуп калды же ашыгы менен болуп кетти деп))
+2
bbek
2019-11-16 00:04:54
комментер кызык го
0
Erdal
2020-05-20 10:48:18
Достор мен аялым менен кошулганда 1 мунотто эле бутуп калат кээде бир мунотко жетпей.анан экинчисин жарым сааттан ашык кутом алигим туруш учун.силерде кандай бул менин алсыз экендигимдин белгисиби?
0
Erdal
2020-05-20 10:52:33
Каптал менен жатып иш кылса боло берет унсуз
0
Assalomuallekum
2020-06-28 18:58:17
Ушул кыз болсо 6-7 жолу ишти буттурот элем чын
0
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан