АЖО КАРЫЗ АЛУУГА КАРШЫ ЧЫККАН ДЕПУТАТТАРДЫ ЭЛ ДУШМАНЫ АТАДЫ


Кыргызстанда өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясы иштелип жатат. 2018-2040-жылдарга эсептелген бул документ Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында талкууланып, жактырылды. Жыйынга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев төрагалык кылып, ага жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин фракция лидерлери, өкмөт мүчөлөрү катышты.
Президент Атамбаев 2013-2017-жылдардын стратегиясы толук бойдон өзүн актаганын айтып, бул документтин жана Кыргызстан калкынын эмгегинин аркасы менен өлкө өнүгүүнүн жолуна түшкөнүн билдирди. Ал бизнести өнүктүрүү үчүн ири рынок керек экенин, ошондуктан Кыргыз өлкөсү Евразия экономикалык биримдигине чоң үмүт менен киргенин белгиледи. Ажо мамлекет бир айдан ашык убакыттан бери ЕАЭБден бөлүнүп калганын да моюнга алды. ЕАЭБдин жетекчиси Тигран Саргсянды, Казакстандын ажосу Назарбаевди сындап, "эмне үчүн мен кечирим сурашым керек, башка өлкөнүн ички саясатына кийлигишкендер сурасын" деп Казакстан жетекчилигин кайрадан сындады.
Ажо "автоунаа, темир жолдорду жана энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн насыя алуудан коркпоо керек" деген пикирде. Ал эле эмес, карыз алууга каршы чыгып жаткан депутаттарды "эл душманы" деп атап, "мындай парламенттин кереги жок" деп билдирди. Жыйындын соңунда жаңы стратегия негиз катары кабыл алынды. Келерки жылдын 15-февралына чейин ал дагы толукталып, март айына чейин кабыл алынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан