ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МӨҢГҮЛӨРДҮ ТАЛКАЛООГО МАКУЛДУК БЕРДИ


14-ноябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин 6 депутаты, активисттер, журналисттер, "Кумтөр" кенине барып, мөңгүлөрдүн абалы менен жеринен таанышты. Алар "Кумтөр" кенинин кызматкерлери менен да жолугушту. Мөңгүлөргө тиешелүү мыйзамды талкуулоо кайым айтышуу, кыйкырыктар менен коштолду. "Кумтөрдө" иштеген жумушчулар бул мыйзам долбоору четке кагылса, нааразылык акциясына чыга тургандыктарын айтышты. Ал эми бир катар экологдор, жарандык активисттер "мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, экологияга олуттуу зыян алып келет" деген пикирде калышты.
Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга өзгөчө учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Зилалиев буга чейин Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү эрип, жылып отуруп аз эле бөлүгү калган деп айтып келген. Бирок кенге барган соң Лысый мөңгүсүнүн 90 пайызы сакталып, 10 пайызы талкаланганын билдирди.
16-ноябрда бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү макул, 22си каршы добуш беришти. Эми «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалап, кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол ачылды.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан