МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫ-2

"Фильмге тартыла турчу адам та­жрыйбалуу актёрбу же эл арасынан тандалган карапайым кишиби? Тасманын жаралышы үчүн мыкты профессионалдуу камера колдонулдубу же жөнөкөйүбү? Фильмге миллион доллар сарпталдыбы же миңби? Тасма үстүндө 100 же 2 киши иштегенби? Мен үчүн жогорудагылардын баарысы негизги маселе эмес. Мен жанталашкан нерсе – бул жыйынтык" дейт "Министрдин кызынын махабаты" фильминин режиссёру Рустам Аташов. Ал эми натыйжаны баалоо сиздин ишиңиз, урматтуу киносүйүүчү. Ошондуктан, 1-марттан 25-мартка чейин Россия кинотеатрына келип, жаңы тасманы көрүп кетиңиз!

Режиссёру – Рустам Аташов
Сценарийин жазган – Бекмырза Рахман уулу
Ролдордо: Роза Азимбаева, Асел Чоткараева, Аскат Эрбаев

КЫСКА МАЗМУНУ

"Министрдин кызынын махабаты-2" – сценарий боюнча кызыктуу интрига менен бүткөн биринчи фильмдин уландысы. Бир топ тажрыйбага ээ болуп калган режиссёрдук топ эми бул бөлүктү алгачкысынан дагы кызыктуураак, сапаттуураак тартууга жетишти.
Экинчи бөлүмдө Зинанын жашоосу кайгылуу аяктайт. Ал баңгизатка берилип, ийнеден өлүм табат. Эми Мадина Жоробектин алдында өзүн күнөөлүү сезип, ал сезим бара-бара сүйүүгө айланат. Бирок, министрдин кызынын махабаты жоопсуз болуп жаралган окшойт, Жоробектин жашоосунда жаңы адам пайда болот. Ал – кыялына бардык жагынан төп келишкен айылдашы Махабат. "Бул үч бурчтуктун аягы эмнеге барып такалат? Жоробектин крим-дүйнө менен болгон байланышы эмне болуп чечилет?" деген суроолордун жообун экрандан өзүңүздөр көрүп билгениңиздер оң.

ФИЛЬМДИ ТАРТУУ

"Жан" киностудиясынын зор эмгеги менен жаралган "Министрдин кызынын махабаты" тасмасынын эки бөлүгү биригип орто эсеп менен 1,5 жыл тартылган. Ар бир бөлүк 2 саатка созулат. Режиссёр баш болгон тартуучу топ фильмди тартууда Голливуддун өзүн таң калтырчу такыр башка ыкмаларды колдонгон.
Рустам Аташовдун айтуусу боюнча, фильм тартуу – өзүнчө бир жагымдуу иш. Съёмканын ар бир күнү күтүлбөгөн окуяларга толгон. Жаштар менен иштешкен үчүнбү, бир дагы дубль күлкүсүз өтпөйт. Тартуучу топ абдан ынтымактуу бирин-бири түшүнө билген адамдардан түзүлгөн.
Тартуу учурунда эң эле азап тарттырган эпизоддордун бири "ринг" деп аталат. Бул Кобра менен Жолборстун мушташы. Ар бир эле кинону тартууда режиссёр "массовка" менен иштешүүгө мажбур болот. "Ринг" эпизодун тартууда төрт сааттык съёмкага чыдай албаган топту ордунда кармап туруу оңой иш болгон эмес. Бир жолу секундантты ойногон актёр "ишим бар эле" деп келе албай калса, башка күнү Кобранын ролундагы жигиттин башы жарылып, канап, тез жардам чыкыртууга туура келген. Бул кырсыктын айынан эптеп чогулткан "массовка" тарап кеткен.
Съёмканы поезд ичинде да тартуу керек болгон. Жүрүп бараткан поездде техниканы бир бурчка тыгып, аткаруучуларды экинчи бурчтан тартканга жетишкен тартуучу топ күндүн ысыгына чыдап, Бишкектен Карабалтага чейин барып келген.
Кинону тартуу учурунда актёрлор менен тартуучу топтун тамак-ашы, турак-жай, жол киреси жана албетте, сценарий боюнча өрттөлгөн, жардырылган буюмдарга кеткен каражат болжол менен 10 миң долларды түзгөн. Бул сарптоолорго мамлекет же колунда бар ишкерлер түшүнүүчүлүк менен демөөр­чүлүк кылып беришкен эмес. Бирок, режиссёрдун күйгөнү ал эмес. Каражаттын жетишпегенинен тасма сапаты боюнча дүйнөлүк стандартка жооп бере албайт. Бул "Министрдин кызынын махабатынын" сюжети, идеясы, тартылышы мыкты болгон учурда деле анын эл аралык деңгээлге чыга албасын түшүндүрөт.

АКТЁРЛОР

Тасманын биринчи бөлүгү көрсөтүл­гөндөн кийин эл арасында өз күйөрмандарын тапкан жаш актёрлор көпчүлүк болжолдоп жүргөндөй, ВГИК же болбосо Искусство Институтун окуп бү­түрүшкөн эмес. Асель, Роза жана Махабат фильмге кастингге катышкан 60 кыздын мыктылары болуп чыгышкан. Башкы ролдогу жигитти режиссёр өзү тапкан. Зинанын аяш атасынын ролун депутат Байболов ойногону фильмге чоң салым кошту.
Актёрлор фильмдин жетекчилери менен эч кандай келишим түзгөн эмес. Режиссёрдун айтуусу боюнча, оозеки макулдук менен иштешүү дурусураак. Демек, эч кандай чектөөлөр, талаптар, жада калса акча төлөмдөрү жөнүндө кеп болгон эмес. Башкача айтканда, жаш аткаруучулар фильмде ойногондору үчүн бир тыйын да гонорар алышкан эмес. Ал эми режиссёр өз кезегинде актёрлорду иштеринен, сабактарынан эч алаксытпай, бош убактыларында гана чакырып тартып, аларга ыңгайлуу жагдай түзүп берген. "Албетте, мен аларга гонорар төлөп бере алмакмын. Ортодо расмий түрдө келишим түзүлүп, ага кол коюлса, алар окуусубу же ишиби, аны жыйыштырып, убактысын бир гана съёмкага арнашат эле да, эч нерсеге жарыбаган 5000 сом алышат эле. А биздин сүйлөш­көнүбүз боюнча эки жакта тең пайда бар: катардагы жаштар бекер актёрдук курстан өтүп, атактуулукка жетишишет. Мен болсо үнөмдөлгөн акчаны фильмдин сапатын жакшыртууга жумшай алам" деп түшүндүрөт Рустам Аташов.

ЖЕТИ ӨЛЧӨП, БИР КЕС

Монтаж – бул кино тартуу процессинин эң акыркы, эң негизги жана эң оор бөлүгү. Монтаждоо – эркти, кылдаттыкты жана убакытты талап кылган жумуш. "Министрдин кызынын махабатын" режиссёр өзү монтаждап чыкканын айта кетели. Анын сөздөрүнөн бул иштин кызыктуу тарабы бизге белгилүү болду. Көрсө, биздин назарыбызга даяр болуп келгичекти бир тасма туура жети жолу каралат экен. Алгач сценарий боюнча сюжеттер тизилип чыгат. Экинчи кадамда керексиз, ашыкча кадрлар кесилет. Үчүнчүсүндө ар бир кадрга керектүү үндөр, мисалы, эшиктин жабылганы, машинанын жүргөнү сыяктуу дабыштар кошулат. "Дубляж" деп аталган актёрлордун үндөрүн коштоо процесси төртүнчү монтажда жазылат да, бешинчи кароодо тандалган эпизоддорго ыңгайлуу музыка кошулуп жазылат. Кино тартууда жарык берүү боюнча каталар кетсе, алар алтынчы жолку монтажда оңдолот. Эң акыркы жетинчи жолку кароодо дагы майда кемчиликтер табылып, монтаждоо процесси бүтөт. Ошондо гана тасма даяр деп эсептелип, көчүрүүгө камдалат. Мына ошондой экен, окурман. Кино тартуу оңой деп жүрдүңүз беле?

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан