«СЕНТЯБРЬ» ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛДЫ

  
«Сентябрь» телекомпаниясы Биринчи Май райондук сотунун телеканалды жабуу тууралуу чечимин мыйзамсыз жана жөнсүз деп даттануу арызы менен Жогорку Сотко кайрылды. Бул ишти алып барган "Медиа полиси" институтунун юристтеринин айтымында, судья Жылдыз Жумабаева 2017-жылдын 22-август күнү соттук процессти тийиштүү эрежелерди сактабай өткөргөн.
"Медиа полиси" институтунун юристтери «Сентябрь» телеканалына сотко чакыруу берилген эместигин белгилешет. Телефондон гана сотко чакырышкан жана жоопкер тарапты иш менен тааныштырбай, алардын жактоочу жалдоосуна убакыт бербей өтө тез ылдамдыкта чечим чыгарылган. Бул процесске үлгүрүп барып катышкан «Сентябрь» телеканалынын өкүлдөрүнө жооп бергенге да мүмкүнчүлүк берилген эмес. 2016-жылдын 29-сентябрындагы Абдылда Капаровдун маеги экстремисттик экендигин аныктай турган так далилдерди Башкы прокуратура да, сот дагы көрсөткөн эмес.
Юристтердин айтымында, эгерде Абдылда Капаровдун түз эфирдеги маеги экстремисттик деп далилдер менен аныкталса гана, биринчиден, эскертүү берилиши керек эле, экинчиден, телеканалды эмес, ошол рубриканы же программаны гана жаап, алардын жарыяланышына тыюу салуу керек болчу. Бирок сот мыйзамда жазылган эрежелерди аттап өтүп дароо эле «Сентябрь» телеканалын толук жабуу чечимин кабыл алган.
Укук коргоочу Рита Карасартова «Сентябрь» телеканалындагы материалдын экстремисттик экендигин аныктай турган экспертиза жок эле телеканалды жабуу чечими мыйзамсыз» деген пикирин билдирди. Ал эми экс-премьер-министр, коомдук ишмер Феликс Кулов «Сентябрь» телеканалын жабуу чечимин кабыл алган соттор кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек» деп эсептейт.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан