БИР БҮРКҮМ. БАБАНОВДУН РАДИОСУ ЭФИРГЕ ЧЫКПАЙ КАЛДЫ...
Кыргыз өлкөсү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарды коргоо комитетине мүчө болду. Аталган комитетке 21 мамлекет кирет. Кыргызстан мындан ары дүйнөлүк мурастардын тизмесин түзүүдө добуш берүү укугуна ээ.
ӨКМдин билдиришине караганда, Кыргызстанда 1932 үй-бүлө мамлекеттен жардам да, жер тилкесин да алып, бирок көчпөй, кооптуу аймактарда жашап жатышат.
Президенттин жарлыгы менен ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды. Ал жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары АИДА САЛЯНОВАнын киши колдуу каза болгон инисинин өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан натыйжалуу иш жүргүзүлбөй жатканын айтып, спикерди көзөмөлгө алууга чакырышты.
14-ноябрда 47-колонияда БЕКТУР АСАНОВго өтүндөгү ташты алуу үчүн медициналык операция жасалганын ЖАМКдан билдиришти.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына таянсак, өлкөдө жол тазалоочу техникалардын 73 ПАЙЫЗЫ кыш мезгилине даяр.
Кыргыз мамлекети Крымдагы адам укуктары жаатындагы кырдаал боюнча Украина резолюциясынын долбооруна КАРШЫ ДОБУШ берди. Документте Крым жарым аралында адам укуктары тебеленип жатканы айтылып, Орусия айыпталат.
Нарынга убактылуу көчүрүлүп келген ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР орус жана англис тилдерин, компьютерде иштөөнү үйрөнө башташты.
Ош ШИИБинин маалыматына караганда, 14-ноябрда Ош шаарынын Амир Темир конушундагы көчөлөрдүн бирине белгисиз бирөөлөр жаңы төрөлгөн ЫМЫРКАЙДЫ ТАШТАП кетишти.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мегаком» компаниясын («Альфа Телеком» ЖЧКсы) сатуу боюнча орусиялык ишкер ЕЛЕНА НАГОРНАЯ менен сүйлөшүүлөрдү токтотту.
Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министрлигин текшерүү үчүн топ түзүлдү. Комиссия бир ай ичинде министр ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВдин ишмердиги жана чыгарган чечимдерин карап чыкмакчы.
Өмүрбек Бабановго таандык НТС каналына караган "САНЖЫРА" РАДИОСУ 1-ноябрдан бери эфирге чыкпай калды. Буга радионун лицензия мөөнөтү узартылбаганы себеп болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.