ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН АКЧА БИРДИГИ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГУУДА


2017-жылдын 17-ноябрынан тарта өлкөбүздүн жарандары жана коноктору үчүн жаңы чыгарылган 2000 сом номиналындагы улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкноттору сунушталат. Бул акча бирдиги өзүнүн оригиналдуу дизайны, чектелген нускасы жана коргоо белгилери менен буга чейин чыгарылган улуттук валюталардан айырмаланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жакында эле аталган акча бирдигинин бет ачарын өткөрүп, көпчүлүктү кызыктырып келе жаткан бир катар суроолорго жооп берди.

ЭСТЕЛИК БАНКНОТТУ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРУУ СЕБЕПТЕРИ

Эстелик банкнот өзүнө бир учурда эки тарыхый окуяны камтып, Кыргыз Республикабыздын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 2018-жылы белгилене турган улуттук валюта – сомубуздун жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналат. Ушул эки маанилүү тарыхый окуяларды даңазалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көз карандысыз мамлекетибиздин тарыхындагы алгачкы эстелик банкнотту чыгарып жатат.

БАНКНОТТУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЖАНА СҮРӨТТӨЛҮШҮНҮН МААНИСИ

Эстелик банкнот – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүн, байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.
Банкноттун алдыңкы бетинде чачыранды урууларды бириктирип, түпкүлүктүү кыргыз элинин уюткусун кураган Айкөл Манас атабыздын Аккуласын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси чагылдырылган. Кыргыз эли ыйык тутуп, табынып келген, жаман көздөн жана суук сөздөн коргоп, анын руханий дүйнөсүнүн көөнөрбөс кутуна айланган ыйык «Умай эне» белгиси, көчмөн элдин турагы – жакшы жашоо, байгерчиликтин, ырыс-ынтымактын символу боз үйдүн сүрөттөлүшү негизги сюжетти толуктап турат.
Кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы банкноттун арткы бетинин негизги сюжети. Аалам эгеси, асман тиреген «Хан-Тенгри» улуулукту, айкөлдүктү туу тутуп, алдыга үмүт артып жашаган, кайрат-күчү майтарылбас кыргыз элине мүнөздүү касиеттерди чагылдырса, көз жоосун алган көгүлтүр Ысык-Көлдүн керемет сүрөттөлүшүнүн алкагында канатын кере жайып учуп бара жаткан бүркүттүн элеси эркиндикти сүйгөн, тоскоолдуктарды тоготпой жиреп өтүп, сүр көрсөткөн, адилетсиздикке элдешпес кыргыз мүнөзүн чагылдырат.

НУМИЗМАТИКАЛЫК ЭСТЕЛИК БАНКНОТТУН БЕТ АЧАРЫ

Буга чейин эле коомчулукта 2 миң сомдук акча бирдиги чыгат экен деген маалымат тарап, көпчүлүк анын жүгүртүүгө чыгар саатын күтүп жаткан. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы элдин суроо-талабын көпкө жоопсуз калтырбай, атайын басма сөз жыйынын өткөрүү менен журналисттерди кызыктырган бир катар суроолорго жооп кайтарды. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, бул банкноттун дизайны боюнча маселе көпкө талкууланып, тигинен жасоо чечими кабыл алынган:
– Себеби башка акча менен чаташтырбоо керек. Аны бир учурда эле нумизматикалык жана катардагы акча катары колдонууга болот. Ал өлкөнүн аймагында башка банкноттордой эле соода каражаты катары күчкө ээ. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жүгүртүүдө банкноттун номиналы эстелик банкноттун номиналы менен бирдейлиги калктын көп адашып калуу учурларын жарата тургандыгын көрсөткөн. Анын үстүнө 1000 жана 5000 сомдуктардын аралыгынын алыстыгы ыңгайсыздык алып келе тургандыгын да эл айта баштаган. Ошондуктан калктын ушул пикири да эске алынды. Эстелик банкнот мамлекеттин маданиятын жана көз карандысыз өлкөнүн имиджин эл аралык деңгээлде таанытуу максатында чыгарылып жатат. Бирок бул банкнотторду терминалдар кабыл албайт. Техникалык жактан мүмкүн эмес, себеби бул банкнот бир тираж менен гана чыгарылды. Мындан ары толукталып кайра басылбайт.
Эстелик банкноттун өзгөчөлөнгөн дизайны тууралуу маалымдап жатып, Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын жетекчиси Медина Аширалиева бул акча бирдиги Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын, байыркы замандан азыркы убакка чейинки өзгөрүүлөрдү чагылдыра тургандыгын айтты:
– Эстелик банкнотто чагылдырылган Манастын эстелиги жана ушул эстеликте көрсөтүлгөн «Манас» эпосунан алынган «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым!» деген үзүндү банкноттун негизги сюжетин түзөт. Банкнот бул төлөм каражаты гана эмес, мамлекеттин тарыхый-маданий мурасын жана улуттук колоритин чагылдырган мамлекетти таанытуучу, улуттук символика болуп эсептелет. 2000 сом номиналындагы эстелик банкнот Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. Мындай банкноттор акыркы эмес, ар кандай мааракелүү даталарга арналып дагы да чыгарып турабыз.
Ошентип, мамлекеттин басып өткөн жолундагы эки учурду элибиз эстеликке сактап калышына шарт түзүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алгачкы эстелик банкнотту жүгүртүүгө чыгарды. Кыргызстандын тарыхында олуттуу мааниге ээ болгон мына ушул бурулуш учур калайык-калктын гана эмес, акча белгилеринде түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрдө да түбөлүк сакталып калмакчы.

2000 СОМ НОМИНАЛЫНДАГЫ ЭСТЕЛИК БАНКНОТТУН НЕГИЗГИ КОРГОО БЕЛГИЛЕРИ

  • Түстүү голограмма
    Банкнотту сол жактан оң жагына же тескери кармап, жантайыңкы алып кароодо «25» деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.
  • Микрооптикалык тилке
    Банкнотту жантайыңкы алып кароодо тигинен жайгашкан тилкеде чагылдырылган сүрөттөлүштөр ар башка түстө, көлөмдө кубулуп, чагылышып көрүнөт.
  • Көмүскө сүрөттөлүш
    Банкнотту жантайыңкы алып кароодо түркүн түстүү тилкелер пайда болот.
  • Банкноттун арткы бетиндеги иридисценттик тилкеде канатын кере жайып учуп бара жаткан куштун эки түстө берилген элеси чагылдырылган.
  • Суу белгиси
    Ар тараптан чагылдырылып, түркүн түскө кубулуп көрүнгөн суу белгиси сандык номиналдын электротиби.
  • Өтмө регистр
    Банкноттун алдыңкы жана арткы бетинде бири-бирине дал келтирилип жайгаштырылган айырмалоочу белги. Жарыкка салып кароодо андан «2000» деген санды көрүүгө болот.

Айгүл Молдобекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
anandi
2017-11-22 20:44:54
жакшы жакшы
0
Kuba-savai87
2017-11-23 00:07:25
Ошондо 2000сомду кадимки акчалардай эл арасында колдонобузбу же эстелик эле болуп калабы мен тушунгон жокмун
0
Asol.Aslo.
2017-11-23 11:25:20
Kuba-savai87, жугуртууго берилди дегенден кийин колдонобуз да...
0
Saidochka
2017-11-23 19:22:10
Kuba-savai87,эстелик катары да сактасак болот
0
jokianarbaev95
2017-11-26 03:23:33
Дизайн жакшы болбоптур' акчага да окшошпойтко!
0
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан