Кубаныч Сатаев, ырчы: «АТАЛАР ЭРТЕ ӨТПӨСҮНЧҮ!»


Концерттин аталышы
– «Кыргызстаным, алгала!»
Концерт өткөн күн – 9-ноябрь
Өткөн жери – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония
Башталышы – 18:30 (өз убагында башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Билет баасы – 300-500 сом

Концертке келген көрөрмандарды бир аз аярлап карап турдум. Филармониянын кире беришинде «жети жашка чейинки балдар кечки концерттерге киргизилбейт» деп жазылып турат. Бирок бала көтөргөндөр биринен сала экинчиси кирип эле жатышты. «Бала менен кирүүгө болбойт эле, кийинкиде эске алыңыз» деп айтышабы деп тыңшасам, билет текшергендер ооз ачпады. Ал тартип иштебегенден кийин эмнеге кагаз, убакыт коротуп жазып, чаптап чыгышты дейм.
Кубаныч Сатаевдин концертин «Кыргыз чүрөгү» бий ансамблинин ак куулары кыргыз бийин бийлеп ачышты. Андан соң концерттин башкы каарманы «Кыргыз жери» ырын ырдап күйөрмандары менен жүз көрүштү. Кара кездемеге аты-жөнүн жазып койгонун эске албаганда, сахнадан өзгөчө жасалга көрбөдүм. Концертке 11 жыл мурун атасы Чубак Сатаевдин «Түштүк кызы» чыгармасын ырдап чоң сахнага бет алган ырчынын чыныгы күйөрмандары келген окшойт. Ырчы кайсы ырын ырдабасын кол чаап коштоп, шаңдуу отурушту. Байкаганым, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн улуу муун түздү.
«Кыргызстаным, алгала!» деп ыр кеченин аталышы айтып тургандай эл-жерге, мекенге арналган эски да, жаңы да ырлар аткарылды. Анан, албетте, арасына махабат темасындагы чыгармалар кошулбаса болбойт да.
«Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» дегендей, Кубанычты кошуналары гүлгө орошту. «Кошунам, Көлмөдөн келди» деп ар бир кошунасынын көңүлүн алууну да унуткан жок. Ар бир ырчы концертинде гүл берген жакындарын тааныштырса, буюрса, жакынкы аралыкта көчөдө бири-бирин тааныбаган адам калбайт сыяктуу.
Эсимде, мындан алты жыл мурун Кубаныч «Обондуу отуз жаш» деген концертин так ушул филармониянын залында берген. Анда ырчынын отузга толуп турган убагы эле. Ыр жаш куракка жараша да тандалат окшойт. Дегеним, ырчы алты жыл мурунку концертинде сүйүү темасындагы ырларга басым жасаган. Анда кыш мезгили болсо керек эле. Эл мындан аз келип, азыркыдай маанайда отурушкан эмес. Концерт да супсак өткөнүн эстедим. Кубаныч андан бери бир топ деңгээлге көтөрүлүптүр. Ыр тандоо, сахнада өзүн алып жүрүү, сахнадан эл менен баарлашуу, кыскасы, баары өз ордунда. Көпчүлүккө жаккан ыр катары «Биз Бишкектен бакыт издедик» деген ырын айткым келет. Анткени Кыргызстандын ар бурчунан жыл сайын, керек болсо күн сайын жумуш издеп, билим алайын деп канча адам Бишкекке агылат. Ыр залда отурган ар бир көрүүчүгө, анын ичинде мага арналгандай болду.
Өткөн күндөрдү эстеп жатып, атасынын атындагы фондду иштетип келе жаткан байкесине ыраазычылыгын билдирди. «Аталар эрте өтпөсүнчү. Мен атамдан эрте айрылдым. Мага атамдай мээрим төгүп, ысык-суугума чыдаган байкеме рахмат» деген ырчы жашып алды.

Акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев алпаруучулук чылбырды колго алган экен. Ырчыны колдоп кесиптештери Кенже Дүйшеева, «Кеңеш» тобу, Кубаныч Ажыбаев, Алмаз Алыкулов, куудул Нуркан Догдурбеков анан, албетте, ырчынын кайненеси Саламат Садыкова келди.
Кубанычтын бир тууганы Таалайбек Сатаев атасынын «Кыздар, ай» чыгармасын аккордеондун коштоосунда аткарды. Таалайбек ырдап жүргөн жигит окшойт, сахнадан, элден сүрдөгөнүн байкаткан жок. Бул жигит ушуну менен чоң сахнага аттанышы да толук мүмкүн. Анткени эл дүркүрөтө кол чаап, суранышып, Таалайбекке эргүү берип коюшту.
«Атамдын буга чейин 33 ыры бар эле, эл уга элек дагы 3 ырын таап алдым» деп сүйүнгөн Кубаныч жубайы Кундуз Авашова менен 3 чыгарманын бирин дуэт аткарышты. «Сүйүүм, ай», сиздер үчүн «свежий» ыр» деген ырчы чын эле «свежийлигин» көрсөттү. Ырдын сөзүн жакшы жаттай элек экен, Кубаныч фонограммадан 1-2 жолу калып калды. Ушундай учурда жардамга келген фонограммага ырчылар рахмат айтат болуш керек. Концерттин күнөөкөрү менен Саламат Садыкованын «Кыргызстаным, алгала!» дуэти менен концерт жыйынтыкталды. Көрүүчүнүн ыраазы болгону байкалды, анткени баары туруп кол чаап ырчыны көшөгө артына узатышты.


Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Tyty1990
2017-11-21 09:33:30
Толик сынчы азаматсын.
+1
barakcha
2017-11-21 17:49:55
Эмнеси болсо дагы Чубактын уулумун деп жур!
+3
tttalant
2017-11-22 10:36:23
Атасынан айрылган жаман менда 7жашта жоготуп атамды....
+1
mmdina2013
2017-11-23 14:00:24
Fonogramma ehhh
0
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан