HI-TECH NEWS

БЕКЕМ УЙКУГА ШАРТ ТҮЗГӨН РОБОТ ПАЙДА БОЛДУ

Somnox деп аталган роботтун формасы жаздыкка окшошуп, салмагы 2 килограммды түзөт. Аны иштеп чыккандар «колдонуучу бул жаздык менен кучакташып уктаса уйкусу бекем болот» дешет. Жаздык-робот ээсинин дем алуу ритмине түшүү үчүн адамга окшоп дем ала алат. Бул организмдин тынчтануусун шарттап, уйкуга даярдап, ылдам жана бекем уктоого жардам берет. Bluetooth системи менен смартфонго байланган бул жаздыкты башкаруу үчүн телефонго атайын тиркемени жүктөп алуу жетиштүү. Робот-жаздык түнү менен иштеп тургандыктан, эртең мененкисин сөзсүз кубат алышы керек. 2018-жылдын июль айында сатыкка чыга турган бул роботтун баасы 449 долларды (31000 сомдун айланасын) түзөт.

АЙДООЧУЛАР ҮЧҮН КООПСУЗДУК КЕПКАСЫ ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

«Ford» жана «GTB» компаниялары биргеликте унаа айдап бара жатып уйкуга азгырылган адамды ойготуп туруучу Ford SafeCap деп аталган кепка чыгарды. Компаниянын өкүлдөрү бул жабдыкты чыгаруунун алдында уйкусураган адамдын абалы кандай болорун изилдеп чыгышкан. Баш кийим дененин жана баштын калыбына жооп бере турган атайын датчиктер менен жабдылган. Ал уйкусурап шылкыя баштаган башты, калыбын жоготуп бараткан денени жана айдоочунун жолго көңүл бурбай калганын сезип, 3 жол менен ойготот: үн, вибрация жана кепкада орнотулган көзгө тийүүчү жарык. Өндүрүүчүлөр бул кепка узак жол жүргөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына арналганын айтып, кийинчерээк суроо-талапка жараша жеңил автоунаалардын ээлерине да чыгарышарын билдиришкен. Ford SafeCap’тин сатыкка качан чыгары азырынча белгисиз.

АМЕРИКАДА МИКРОЧИПТҮҮ ТАБЛЕТКАНЫ КОЛДОНУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

АКШнын дары-дармектер жана тамактануучу азыктарды көзөмөлдөө администрациясы (Food and Drug Administration) тарыхта биринчи жолу микрочип орнотулган таблеткаларды сатууга уруксат берди. Бул тууралуу "Financial Times" жазып чыкты. Аталган чип биринчи жолу япониялык "Otsuka" компаниясы чыгарган психикалык жактан жабыркагандарга арналган Abilify таблеткаларына орнотулду. Таблетканы бейтап жутканда анын ашказанга чындап жеткендиги тууралуу маалымат ошол замат бейтап менен дарыгердин смартфонуна барат. Мындай табылга бейтаптардын таблетканы жутпай койгонуна каршы колдонулуп, айрымдардын дары-дармектерди ичүү режимин калыпка салуусуна түрткү болот. "Otsuka’нын" Түндүк Америкадагы өкүлү Кабин Натхтын айтымында, бул инновациялык каражат атайын буйрутма менен гана чыгарыларын жана кадимки дары-дармектен баасы кымбат болорун билдирген.

ГАРРИ ПОТТЕР ЖӨНҮНДӨ AR-ОЮН ЧЫГАТ

Эми Жоан Роулингдин романы жаштарды китеп, кинодон тышкары AR-оюн (AR-кошумча реалдуулук) менен да ээрчитет. Harry Potter: Wizards Unite – Pokеmon Go оюнун чыгарган "Niantic" компаниясы менен Warner Brosers’тин өнөктөштүгү алдында жарык көрө турган мобилдик оюн. Ал Pokеmon Go сыяктуу эле реалдуулук менен виртуалдуу жашоону бир оюнга камтыйт. Берилген тапшырмалар оюнчунун айланасындагы объекттердин арасында жүрүп, реалдуу жашоо менен тыгыз байланышта болот. Оюнчу кинодо Гарри Поттер жана анын командасы туш болгон окуяларды башынан өткөрүп, эски шаарларды изилдеп, китепте, кинодо көрсөтүлгөн персонаждар менен жолугуп, квесттерге кабылып, сыйкырчы болуп, жырткычтар менен алышып тапшырмаларды аткарат. 2018-жылы чыга турган бул оюн Pokеmon Go сыяктуу популярдуу болуп, дүйнөнү багындыра алабы, жокпу аны убакыт көрсөтөт.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан