«БИР ҮЙДӨ ҮЧ МАЙЫП... БАККАНДАН ЭМЕС, АКЧА ЖОКТОН КЫЙНАЛДЫМ»

«Дүйнөдө эки түрдүү күчтүү инсан бар: бири – аялдар, экинчиси – энелер» деген экен философ, окумуштуу Эзоп. Бул сөз кезектеги каарманыма жарашчудай. Майыптар арабасында отурган атасын, буту кесилген күйөөсүн, талма оорусу менен ооруган кызын багып, бирок кабагым-кашым дебей, ачык маанай менен жүргөн Айчүрөк Бирмамбекова күчтүүлүгү менен таң калтырды.

«АТАМДЫН ЖАЛГЫЗ КЫЗЫМЫН»

– Азыр 43 жашка келдим. Өзүбүз Нарындын Ак-Талаа районунда турабыз. Атамдын жалгыз кызымын. Менден башка эркек баласы да, кыз баласы да болгон жок. Атам Кайытназар өмүр бою колхоздо иштеген. Сугатка чыгып, өсүмдүктөргө дары чачып, айтор, эмне зыяндуу жумуш болсо, ошонун баарын жасап келген. Ошол себептенби, катуу дартка чалдыкты. Мен 18 жашымда турмушка чыгып кеткен элем. Апам ал кезде каза болуп, атам үйдө жалгыз калды. Өзүм жаш келин болсом, атамды дароо жаныма алып келе албадым. Ошентип жалгыз калган атам инсультка кабылып, бир жак капталы иштебей төшөк тартып жатып калды. Андан кийин буттары таптакыр баспай калган эле. 1992-жылдан баштап өзүмдүн колума алдым. Жолдошум деле буга каршы болгон жок. Атам байкуш ушу оорунун айынан көп азап чекти. Социалдык фонд тарабынан жардам катары майыптар отура турган араба алып беришкен эле, ошону менен акыркы жылдарын жашады. Ушу жылы атам 85 жашка чыгып көз жумду. Жакында кыркылыгын бергенге камынып жатабыз. Жалгыз кызы катары атамдын кирпигине кир жугузбай, таптап бакканга аракет кылдым.

«КҮЙӨӨМДҮН БУТУН КЕСИП САЛЫШТЫ»

– «Кырсык жалгыздап келбейт» деген чын белем, 2010-жылы жолдошум Максат жол кырсыгына кабылды. Ага чейин айылда дыйкан чарбада, сугат сугарып, мал багып, кимдин кандай жумушу болсо бара берчү. Экөөбүздүн тең жогорку билимибиз жок. 5 балабыз бар. Биз сыяктуу көп эле үй-бүлөлөр бар эмеспи, эл катары шүгүр кылып жашап жүргөнбүз. Бир күнү Максат бара жаткан машина жол кырсыгына кабылыптыр. Дарыгерлердин айтуусунда, бир бутунун кан тамырлары кысылып калып тромб пайда болуптур. Бирок бизде акча тартыш болуп, убагында керектүү дарыларды албай калдык. Ошентип отуруп буту шишип, ириңдеп кетиптир, «бир бутун кесиш керек» дешти дарыгерлер. Эмне кылабыз? Ыйлай-сыктай тагдырдын бул сыноосуна да көндүк.
Күйөөм да кийин атамдай болуп инсультка кабылды. Таптакыр сүйлөбөй чулдурап, бир жагы (кесилген бут жагы) кыймылдабай калды. Жан талашып борборго алып барып, көрүнгөн дарыгерлерден кеңеш алып жүрүп, азыр Кудайга шүгүр, жакшы болуп калды. Сүйлөп, бир аз кыймыл жасай алат. Бирок оор жумушка жарабайт. Экинчи топтогу майып. Айына 4 миң сом жөлөк пул алат. Балдарыма жөлөк пул чыгартайын десем, «ошол пенсия жетет, силерге чыкпайт» деп коюшту. Көп жерге барып, натыйжа чыкпаган соң кой деп таштап койдум.

«КЫЗЫМ ЖЫГЫЛЫП КАЛАБЫ ДЕП САКСАКТАП ЭЭРЧИП ЖҮРӨМ»

– «Какаганга муштаган» болуп кызым Азимгүл талма оорусу менен ооруйт. 1 жашында эле калтырап-титиреп эси ооп жатып калчу. Көп жерлерге бардык, бул оорунун айыгып кетиши күмөн экен. Медицина, элдик медицина, бүбү-бакшы, айтор, кызымды алып барбаган жерим, сүзүп көрбөгөн эшигим калбады. Азыр 24 жашта. 9-классты бүткөндөн кийин ден соолугунун айынан окуганга шарты болбоду. Кызыма 3 миң сом майыптыгы үчүн пенсия төлөнөт. Аны өзүнүн гана дарыларына коротобуз. Кызымдын аркасынан эле саксактап карап турам. Талмасы капаланып калса, кээде жакшынакай турса деле кармай берет. Мен бир жакка кетсем, талмасы кармап эл көрбөгөн жерде жыгылып калып эч ким байкабай калабы деп корком. Талмасы кармаганда жарым саатта араң эсине келет. Ар бир кармаган сайын кызым менен кошо мен ооругандай абалда чайналам.

«ШЫРДАК ШЫРЫЙМ, МАЛ КАРАЙМ»

– Бир үйдө майып үч адамды караш, албетте, оор. Бирок анын деле оордугун сезбей жашадым. Айыгып кетишсе болду деп эле тилеп келем. Болгону акчадан, жоктуктан кыйналам. Ушундай чоң үй-бүлө үчүн 4 миң сомду кантип жеткиришти билбейсиң. Мектеп формалары, китептери, тамак-ашы, дары-дармек... Колум шыктуу, шырдак шырып, кол өнөрчүлүк менен бир нерселерди жасай коюп акча табам. Районубузда Ден соолук комитети уюшулуп, ошол жакка башчы кылып коюшкан. «Сен оорунун азабын көп тарттың, элге ден соолуктун баркын сендейлер үйрөтүшү керек» деп шайлап коюшкан. Ал жактан акча албайм. Бирок эл ден соолугуна туура кам көрсүн деп баракчаларды таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөм. Балдарым болсо «Өз түйшүгүңүз жетпей жаткансып аны жөн эле койбойсузбу?» деп калышат.
Балдарыма, үй-бүлөмө жардам бере турган адамдар жок эмес, мурун батирде турчубуз, эми алардын жардамы менен үйүбүз салынып жатат. Ага өзүнчө рахмат айтам. Ошол жардамдар менен жана келе турган жардамдар менен үй-бүлөмдү бутуна тургузуп кетсем деп тилек кылам.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Luna15
2017-11-21 10:15:48
админ тел ном киргизип койсонуздар жакшы болмоккен
+3
admin_media
2017-11-21 10:50:06
Luna15,
Саламатсызбы! Байланыш номери: 0700 96 48 75 (Айчүрөк)
+4
Pandora
2017-11-21 11:24:57
Окунучтуу,кайгылук тагдыр
+5
Pandora
2017-11-21 11:26:07
Ата-энениздин арбагы раазы болсун сизден жана атанызды баткырган жолдошунуздан.Колунда бар туруп анча мынча эркек мырзанын кыла албаган ишин кылыпсыз.
+11
grace
2017-11-21 16:27:20
"Кыз ички кийим" дейт, ата-энеге жакшы карайт, күйүмдүү болот. Ушул эжеге Алладан жакшылык тилейм. Ден-соолукта болуңуз.
+9
Misszhi
2017-11-21 20:37:10
Аллах ыраазы болсун бактылуу болунуз мындан кийин жолдошунуз менен кызыныз жакшы болуп кетишсин
+6
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-21 23:01:02
Эже сизге Аллахым ден соолук берсин. Сиз бар сиздин уй-булоонуз бар. Мен сизге баа бердим. Жашоонун оорчулугун кабагым кашым дебей которуп келгениниз учун.
+6
akonia
2017-11-22 00:07:15
Чындап эле аябай кучтуу аял эеенсиз кудайдын сыноосу бирок кудай сынап эле тура бербейт бир кун жыргалчылыкты да берет куйоонуз Жана кызыныз жакшы болуп кетсин
+4
kutman-kg94
2017-11-22 09:48:21
Чыданыз эжеке бул сыно дуйно ден солук каалайм
+3
cfif03748
2017-11-22 20:48:51
Эжеге таазим!
+3
Aigerim.95
2017-11-25 15:39:44
Окуганда эле эженин жашоого активдуу коз карашта экенин байкоого болот.
Азаматсыз!!!!!!!!!
+2
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан