«ЖАНЫБЕК ДОСУМ, МАГА БАЙЛАНЫШ»
– Мындан 5-6-жыл мурун Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында электрик болуп иштеп кеткен Жаныбек деген жигитти издейм. Анын бир көзү кылый болчу. Ош облусунун Кара-Суу районунда же Бишкек шаарында жашайт деп угуп калам. Жаныбек, окуп калсаң мага байланыш.
Досуң Азамат Айдаралиев, тел.: 0776 25 7072, 0708 38 34 68
Нурпери,
тел.: 0706 34-34 05
«ТУУГАНДАРЫБЫЗДЫ ТАПКАНГА СЕБЕПЧИ БОЛДУҢУЗДАР»
Өткөн саныбызда көп жылдардан бери туугандарын издеп таппай жүргөн аялдын каты «Издейм сени» рубрикасында гезитибиздин бетине жарыяланган эле. Гезит чыккан соң окурманыбыз Гуля айым туугандарын тапканын айтып сүйүнчүлөдү:
– Биз издеген Базарбай байкемдин кыздары Айнагүл менен Жүрсүндү таптык. Аларды 1986-жылдан бери издеп таппай жүргөн элек. Гезит жарыкка чыккан соң издеп жүргөн туугандарыбыз бизге байланышышты. Азыр күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүп жатабыз. Жакын арада жолугушуп, өткөн-кеткендерди эстешебиз. Туугандарыбызды тапканга себепчи болгон сиздерге чоң ыраазычылык билдиребиз.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28