“КУМТӨР”: АДАМ БААРЫНАН ЖОГОРУ ТУРАТ!

“Көрсөткүчтөр маанилүү, бирок адамдар андан да баалуу!” деген сөз дүйнөгө атагы чыккан компаниянын урааны жана ал ар бир компания кирешеден да адамдын өмүрүн, анын аманчылыгын жогору койгондо гана чыныгы улуу деп эсептелиши мүмкүн экенин тастыктайт. Биздин өлкөдө ушундай философияны карманган компания – бул “Кумтөр Голд Компани”. Анын ураанынын маанисин адамдын коопсуздугунан жогору турган, ал үчүн коопсуздук техникасын четке кагуу керек болгон бир да иш болбойт деп түшүнсө болот. Алтындын наркы да адамдын өмүрүнө, анын ден соолугуна эч качан тете келбейт.
Аны менен бирге ар бир беделдүү компаниянын башкы өзгөчөлүгү – бул ар дайымкы жаңылануу, алга умтулуу жана иштеп жаткандарга шарттарды, анын ичинде эмгектеги коопсуздукту толук камсыз кылуу. Кээде бул багытта жасалчунун баары жасалды дегенге мүмкүн, бирок карап келгенде дагы деле жасалчу нерселер көп экени аныкталып калат. Баарынан өкүнүчтүүсү, эч ким адамдык фактордон түбүнө чейин кутула албайт. Бөтөнчө бул жагдай тоо-кен өндүрүшүнө мүнөздүү. Мисалы, “Кумтөр” ишканасынын кырсыктардын санын нөлгө жеткирүү аракети жөн эле жагымдуу статистикага жетишүү эмес, чынында эле ар бир адамдын өмүрү, коопсуздугу үчүн күрөш.
“Кумтөрдөгү” техника оңдоочу жайда, жатык тилде “Мегашоп” деп аталган ангарда көлөмү өтө зор самосвалдар жана башка техника тейлөөдөн өтөт. Бул жердеги машиналардын бир эле дөңгөлөгүнүн бийиктиги 3 метрден ашат. Экскаваторлордун сузгучу болсо бир алганда 18-230 метр кубду сузат. Буларды биринчи жолу көргөн адамдын жүрөгү түшүп калышы да мүмкүн. Андан улам бир эле машина же анын кандайдыр бир тетиги кулап, үзүлүп кетсе эмне болорун элестетип көрүү оңой эле иш. Же болбосо домкрат туура эмес коюлуп, 2 кабат үйдөй болгон “Катерпиллер” самосвалы куласа аска урагандай эле болчудай. Мунун бардыгы ар бир тейлеп иштеген жумушчудан коопсуздук техникасын көздүн карегиндей сактоону талап кылат.
Ошого карабастан, компаниялар эмгек коопсуздугу боюнча кандай далбастап, кандай гана чараларды көрүп келбесин, адамдык фактордон, адамдык эмоциялардын таасиринен толугу менен арылууга мүмкүн эмес. Мисалы, “Кумтөрдө” болгон кырсыктардын баарын анализдеп келгенде, алардын көпчүлүгү биринчи ирет адамдык шашмалык, коопсуздук техникасынын эң жөнөкөй талаптарын аткарып койгонду унутуп калгандан болуп келген. Ошондуктан бул жерде ар бир кокустукту, бир заматка көңүлдү башкага буруп, алаксып кеткенди жок кылуу үчүн кандайдыр бир дараметтүү аспап керек болгон.
Мындан улам 2016-жылдын күзүнөн тарта “Кумтөрдө” “Work safe – Home safe” демилгеси кабыл алынып, ишке ашырылып жатат. Анын башкы идеясын “Мен сенин үйгө аман-эсен кайтып келишиңди каалайм!” деп чагылдырса болот. Бул программа коопсуздук техникасына болгон ар кыл көз караштар, тажрыйбалуу адистердин консультацияларынын негизинде иштелип чыкты. Ошондой эле ага “Центерра” компаниясынын адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча баалуулуктары жана концепциялары да камтылган. Программада белгиленгендей, “Центерра” ар бир кызматкер, ишкердик боюнча өнөктөштөр өзүнө жекече жана жанында иштеп жаткандардын коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти алышы керек” деген пикирде болуп келет.

Демилгенин эң маанилүү бөлүгү – бул “стоп-диалог” жана ал ар бир кызматчыдан бирөөнүн катасын же коопсуздугуна коркунуч болуп жаткан жагдайды байкап калган кезде аны менен бул кырдаал боюнча маектешүүгө чакырат. Мында биринчи кадам – “Сени менен кыскача “стоп-маектешүү” жүргүзсө болобу?” деген суроо берүү. Экинчиси – “Мен сага ҮЙҮҢӨ АМАН-ЭСЕН КЕЛҮҮГӨ жардам кылгым келип жатат. Мында кандай ТОБОЛКЕДИК болуп жатканын сездиңби?” деп билдирүү. Үчүнчүсү – “Мында ЭМНЕ БОЛУП КЕТМЕК ЭКЕНИН КӨРҮП ЖАТАСЫҢБЫ?” деген суроону берүү. Төртүнчүсү – “Биз муну БАШКАЧА жасасак болобу?” деген суроо. Бешинчиси – “Мага көңүл бөлүп, айтканымды укканыңа ырахмат!” деген ыраазычылык.
Кендин ар бир жумушчусу туура эмес бир нерсени же катаны көрүп калса, ката кетирген жумушчу менен ушундай “стоп-маектешүү” өткөрө алат. Мында кызматчылардын жашы, иш тажрыйбасы, ээлеген кызмат орду эч кандай мааниге ээ болбойт. Эч качан ката кетирбейм деген адам да болбойт. Мисалы, жол, өндүрүштөгү кырсыктардын дүйнөлүк статистикасын алганда, жабыр тарткандардын көпчүлүгү тажрыйбалуу адамдар. Алар көбүнесе өзүнө ишенип, коопсуздук техникасына, боло турчу коркунучтарга кандайдыр бир кайдыгерлик менен карап калышат. Буга тейлөөчү борбордун механиги Сооронбек Мамбеталиев да макул. Ал “Кумтөрдө” 20 жылдан бери иштеп келет жана “бир жолу тепкичтен тайып кеткенмин” дейт. Бактыга жараша, анда катуу деле жабыркаган эмес:
– Менин байкашымда, кырсыктарга көбүнчө тажрыйбалуу, кандайдыр бир деңгээлде өзүнө катуу ишенип калган адамдар кабылат. Андан улам бул программанын кары-жашын карабай, бардыгын бирдей шартка коюп койгону дурус болуп жатат. Баарыбызды бири-бирибиздин коопсуздугубуз үчүн жоопкерчиликке чакырып, жалпы коопсуздукту катуу жогорулатчудай. Кайсы бир жаш кесиптешим мага келип, “муну же тигини туура эмес кылып жатасың” деп “стоп-маектешүү” өткөрсө, мен аны жемелебей, кайрадан айтканына ыраазы болуп, туура кабыл алам. Биздин борбордогу техниканы көрүп жатасыңар, кандай этияттык керек экенин,- дейт ал.
“Бизде ар бир күнү эртең менен коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өтүлүп, коопсуздук боюнча видеотасма көрсөтүлөт. Бул бир күнгө дем берет. Бул программа кырсыктардын алдын алууга мүмкүндүк берип, аларды такыр эле болтурбай коюуга шарт түзөт”,- деп экскаваторлорду жана жер чукуучу станокторду тейлөө боюнча бригадир Туратбек Чолпонбаев белгилейт.
– Менен оюмча, биздин компания өлкө боюнча коопсуздук техникасына ушунчалык көңүл бурган жалгыз компания болсо керек. Ошондой эле кырсыктардын гана алдын алуу эмес, алардын анализин, эмнеден чыкканын, болтурбай коюунун кандай жолдору бар экенин иликтөө да абдан маанилүү иш. Мунун бардыгы эң маанилүү болгон адам өмүрүн, ден соолугун сактоого мүмкүндүк берет.
“Кумтөрдө” коопсуздук техникасы боюнча бир айлык аяктап, жыйынтыктары чыгарылат. Бирок “Work safe – Home safe” лидерлик программасы – бул узак мөөнөттүк программа жана аны “Кумтөр Голд Компани” аткарууга алды. Анын башкы максаты – коопсуздук техникасы боюнча статистикалык көрсөткүчтөр жагынан гана эмес, себеби цифралар да кээде көз боёмочулук кылышы мүмкүн. “Кумтөр” коопсуздук боюнча эң алдыда болууга аракет кылат. Анткени ар бир сандын артында адамдын өмүрү, ден соолугу, үй-бүлөсү турат. Сандар маанилүү, бирок адамдын өмүрү андан да кымбат!


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Belekus
2017-11-28 22:50:14
коопсуздук боюнча чын эле биринчи орунда турат. бардак болгон кендерди окмот тууралап иштерин ондосо болот эле
+1
dysha
2017-11-29 00:01:57
кырсыкты азайтыш керек, кенде иштеген оной эместа
0
Jyrgal_msk
2017-11-29 00:07:03
Кумторду мактабай эле койгулачы.
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан