КАЙДАСЫҢАР, ЖАГЫМДУУ КАЙРЫКТАРДА КАЛГАНДАР...

Эсиңиздеби?

Шоу-бизнес деген түшүнүк бизге келе электе эле бир канча ырчылар чыккан, бир канча эстрадалык топтор түзүлгөн эле. Эмнегедир акыркы он жылдыкта биз менен сиз билген айрым ырчылар жана эстрада топтору көрүнбөй келет. Жагымдуу кайрыктары менен калк кадырына арзып, эл эсинде калган ырчылар жөнүндө баяндайбыз.

КИЧИНЕКЕЙ ГҮЛМИРА АЗЫР КЕРИЛГЕН СУЛУУ
“Жаз келди күн жамынып, жомоктой күн жаңырып. Жазда мен да келгенмин, атам тилеп сагынып...” Ооба, бул ырды уксаңыз так секирип ырдаган Гүлмира Рыспаева көз алдыңызга тартылары анык. Бир кезде Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын жанында мойтоңдоп ырдаган кичинекей Гүлмира бой жетип керилген сулуу, көп жигиттин көзүн кызарткан бойдок. Бирок сахнадан көрүнбөй эмес, таптакыр ыр дүйнөсүнөн алыстады. Ырчы кызды издештирсек, Бишкекте эле экен. “Учурда эжем менен борбордо турам. Окуума да жетишип, иштеп да жатам. Бирок чыгармачылык эмес, таптакыр башка тармакта иштейм. Кайрадан ырдап чыгамбы же жокпу айталбайм” дейт иш сапары менен Жалал-Абадда жүргөн Гүлмира. Чын эле жүрөгүнө жакын ыр дүйнөсүнөн алыстап, ыйык сахнага кайтпайбы? Кенедей кезинде сахнаны багындырган бул кызыбызды ким анчалык капа кылып, таарынтты экен деген бүдөмүк ойдо калдык.

“ЖАШ КЫЯЛ” ТОБУ КАЙРАДАН ЖАНДАНАТ
1993-жылы түзүлгөн “Жаш кыял” тобун ким билбейт? Эгер эстей албай жаткан болсоңуз, алардын аткаруусундагы “Ананайын” аттуу ырды жадыңызга салабыз. Кезегинде “Ананайын, ананайын, аттадыңбы ак үйдүн босогосун, Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун...” деген саптары бар ыр ашыгын алдырып жиберген далай жигиттердин гимни болгон десек да жаңылбайбыз. 4 жигиттен турган бул топто азыр Бахадыр Карабаев менен байкеси гана калган. Калгандары да студия ачып, өз иштери менен алек. Ыр ышкысынан алыс кете албаган Бахадыр кайда жүрбөсүн чыгармачылыктын үстүндө эмгектенүүдө. Бахадыр топтогу достору менен тыгыз байланышта. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. “Биздин топ кайрадан жанданат. "Кыргызстан" деген ырга клип тарттырып жатам. Буюрса, күйөрмандарыбыз жакшы ырларга, клиптерге күбө болушат”,- деп билдирди Бахадыр Карабаев.

“НУР” ТОБУНУН АТЫН ЭКИ ЖИГИТ ӨЧҮРБӨЙ КЕЛИШЕТ
Төрт жигиттен турган “Нур” тобунда азыр Самаган Кочкоров менен Самарбек Шабданов калды. Калгандары өз иштери менен алек. Самаган Жалал-Абад облустук филармониясында 12 жылдан бери музыкант болуп иштейт. Самарбек болсо Ошто ыр жазып, клип тартып дале ыр чөйрөсүндө айланчыктап жүрөт. Аталган топтун жигиттери той-топурда, чыгармачылык гастролдо чогуу жүрүшөт. Самаган 3 баланын, Самарбек 2 баланын атасы. Убагында бул топ “Айдана”, “Сени күтөм” сыяктуу ырлары менен популярдуу болгон. “Ушул жылдын күз айында чыгармачыл кечемди берсемби деп пландап жатам”,- дейт Самаган Кочкоров. Ал эми Самарбек “Бийле, бийле” сыяктуу ырлар, кызыктуу клиптердин үстүндө иштөөдө.

“МАКСАТ-БАТКЕН” ТОБУ ӨРҮКЗАРДА
1990-жылы Баткендин бажырайган беш жигитинен турган “Максат” деген топ түзүлгөн. “Сенсиз жаным, менин өмүрлүк жарым, Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө...” деген ыр жадыңызга келсе, анда “Максат-Баткен” тобу деп билиңиз. Атактуулугу арта баштаганда жигиттер борборго келишет. Баш калаада да “Максат” деген топ бар эле анда. Ошентип, “Максат-Бишкек” жана “Максат-Баткен” деген топтор пайда болгон. Аталган топ таркаса да, учурда жигиттер бири-бири менен тыгыз байланышта. Рустам Баткенде шоу-концерттерди уюштуруу менен алек. Ал эми Алайбек да өрүкзарлуу Баткенде чыгармачылыкты таштаган жок. Сагынбек болсо куудул Борончу Кудайбергенов менен биргеликте борбордо иштешип келет. Бас-гитарада ойногон Жеңишбек менен музыкант Дастан Орусияда. Ал эми Акыл бул топтун курамында эмес. Убагында көп күйөрман кыздардын көзүн күйгүзгөн байкелерибиз учурда үй-жай күтүп, алды 4, арты 2 баланын атасы болушкан. Бири-бири менен үй-бүлөлүк тыгыз катышта. "Максат-Баткен" тобунун ырлары дале телерадиолордон жаңырып келет.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jekintay
2010-05-24 16:08:34
Мен ушул топтордун баарын жакшы кором. Бирок ырларын толук таппай келем. Ырлары менин алтындай 5-6жашар балалыгымды эстетет. Бир кассетам бар болчу "жаш кыял"тобунун, 12жыл мурун жоготуп алып аябай ыйлаган элем. Былтыры таап алдым. Мен сиздердин сахнага кайтып чыгаарыныздарга аябай кубанычтамын!
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан