«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” 3-ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК НАТЫЙЖАЛАР

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2017-жылдын III чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. 9 айда “Кумтөрдө” 404 584 унция1 же 12 тонна 583,98 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери өлкө бюджетине 6,8 миллиард сомдон ашуун салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

ӨНДҮРҮШ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ
2017-жылдын III чейрегинде “Кумтөрдө” 138 миң 561 унция алтын өндүрүлгөн, ал эми 2016-жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 166 миң 30 унцияны түзгөн.
2017-жылдын III чейрегинде 99 миң 514 унция, же 3,1 тонна алтын сатып өткөрүлдү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 124,3 миллион долларды2 түздү.
“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргызстандын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТИНЕ ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР
2017-жылдын III чейрегиндеги Кыргыз Руспубликасынын бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2 миллиард сомдон ашты.



ЭСКЕРТҮҮ: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

“БИЗ ЖАҢЫ ПРОГРАММАНЫ КИРГИЗҮҮНҮ АЯКТАДЫК”
“Центерра Голд” компаниясынын башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: III чейрегинде биз компаниянын бардык бөлүмдөрүндө ар бир кызматкерди камтуу менен “Work Safe, Home Safe” аталышындагы программаны киргизүүнү аяктадык. Жылдын аягына чейин биз «Центерранын» ар бир кызматкери жылдын аягына карата тиешелүү окутуудан өтүшү үчүн бардык өндүрүштүк аянтчаларыбызда бул программаны киргизүүнү улантмакчыбыз.
Өткөн чейрек олуттуу окуя – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Кумтөр» долбооруна тиешелүү бардык талаш маселелерди жалпы жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишүү менен коштолду. Бул макулдашуу менен «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин жүрүү эркиндигине, ошондой эле «Кумтөрдүн» «Центеррага» каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүнө бардык чектөөлөрдү алып салуу каралат. Бул макулдашуу иштиктүү ишеним маанайын түзөт жана «Кумтөр» долбоорунун алкагында болочок тоо-кен иштерин ишенимдүү пландоого мүмкүндүк берет. Андан тышкары бул макулдашуу менен «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкактарында «Центерра» менен «Кумтөрдүн» бардык укуктары тастыкталат».
“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2017-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 11 миллион 389 миң унция же 354 миң 257 килограмм алтын өндүрүлгөн.
«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.
Centerra Gold Inc. («Центерра») Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.
Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 миллион 401 миң 766 акциясынын кармоочусу. 2017-жылдын 16-ноябрына карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 454 миллион доллардан ашты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Belekus
2017-11-28 22:52:29
туруктуу иштеген ишкана ушул эле, бирок популисттер асылганы да ушул гана ишкана, бель алманы бир карап коргоп койюшса болот эле
0
dysha
2017-11-29 00:02:37
экспорттун 51% алтын чапчыйт, тапкан акчаны туура жумшап ишкана куруп онугушубуз керек
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан