Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына таянсак, дүйнө элдеринин 13 пайызы заара жолдорунун таш ооруларынан жабыркайт. «Таш тамак-аштардан, дарыны көп ичкенден жана булганыч суудан да жаралат» деген Бишкектеги Улуттук госпиталдын ДЛТ урология бөлүмүнүн врачы Канатбек Маматовдун толук маалыматы төмөндө.
БӨЙРӨКТҮН КЫЗМАТЫ
– Адамда 2 бөйрөк бар. Алар организмдеги суу жана туз алмашууну жөнгө салып, алардын ашыкчасын заара түрүндө бөлүп чыгарат. Заара менен кошо керексиз жана уулуу заттар да чыгарылат. Бөйрөктүн артериалдык басымды жөнгө салууга жана эритроциттердин жаралышына салымы бар. Туздун иондуу эритмелерин (электролит): натрий, калий, бикарбонат, хлорид, кальций, фосфаттын организмдеги туруктуулугун жана сиңирилишин жөнгө салат.
Таштардын орун алган жерлери:
•Бөйрөктүн чөйчөкчөсүндө (чашечка), күлтүкчөсүндө (лоханка), бөйрөктөн заара чыгаруучу түтүкчөнүн оозунда.
•Заара чыгаруучу түтүкчөдө (үстүңкү, ортоңку, ылдыйкы бөлүгүндө).
•Табарсыкта.
ТАШ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?
1. Баштапкы себептери: Мунун ички жана тышкы себептери бар.
Ички себептери:
а) Туура эмес тамактануу. Белоктуу күчтүү тамактарды (өзгөчө эт, сыр, тунец балыгы, быштак, жумуртка, сүт) көп жеп, алкоголдук ичимдиктерди көп ичүү жана суусундуктарды аз ичүү. A жана B витаминдеринин жетишсиздиги, D витамининин көп болуп кетиши да себептеринин бири.
б) Аз кыймылдуулук.
в) Өтө ысык климат, булганыч суу.
г) Шелочтуу минерал сууларын көп ичүү.
д) Дары-дармектерди көп ичүү.
Тышкы себептери:
а) Эндокринопатиялар (эндокриндик бездердин иштөөсүнүн бузулушунан жаралган оорулар) – гиперпаратиреоз, Кушинг синдрому.
б) Метаболизмдин бузулушу жана андан улам жаралган дарттар (подагра, оксалоз).
в) Ички органдардын оорулары (гастрит, гепатит, рак).
2. Генетикалык фактор (гиперкальциемия жана цистинурия дарты, Лёша-Нихен синдрому жана башкалар).
3. Бөйрөктөгү айрым өзгөрүүлөр.
а) Заара чыгаруучу түтүкчөнүн анатомиялык өзгөрүшү.
б) Бөйрөктүн ылдый түшүшү.
в) Күлтүкчөнүн (лоханка) заара чыгаруучу түтүкчөгө өткөн жеринин кысылышы.
4. Өнөкөт бөйрөк оорулары (пиелонефрит, цистит), заара чыгаруучу жолдордун ылдыйкы бөлүгүндөгү шишик, дивертикул, инфекциялар, шишиктер, склероз, фимоздор.
ТАШТЫН НЕГИЗГИ ТҮРЛӨРҮ:
Урат таштары
Өңү сары-күрөң, бети жылмакай, катуу болот. Таштар алынып салынгандан кийин кайра пайда болуу ыктымалдуулугу 20 пайыздай. Шоколад, кофе, күчтүү кара чай, козу карын, нокот, соя, жер жаңгак, жаш малдын, тооктун этин, эт жана балык консерваларын, ич эттерди, балык икрасын, сыр, ышталган азыктарды, анын ичинде колбасаны көп жегенден жаралат.
Оксалат таштары
Өңү кочкул көк. Бети быдырала, катуураак болот. Аткулак, шпинат, кызылча. нокот, төө буурчак, ышкын, анжир, петрушка, кара өрүк, кофе, какао, күчтүү чай, желатинди көп колдонгондон жаралат.
Фосфат таштары
Өңү ак, агыш, формасы ар түрдүү, маржан (коралл) түспөлүндө. Бети быдырала, жумшак, морт. Майлуу балыктарды, балыктардын боорун, икрасын, жумуртканы, сүт азыктарын көп жеп-ичкенден пайда болот.
Цистин таштары
Өңү ак-саргыч, агыш-күрөң, жумшак болот. Оңой менен эрибейт. Айрым бир оору түрүндө гана жаралат.
ТАШ БАР ЭКЕНДИГИНИН БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА ДИАГНОЗ
Заара жолдорунда таштын бар экендигинин белгилери:
•Дене табы көтөрүлөт.
•Тамакка болгон табит начарлайт.
•Көңүл айланат.
•Бөйрөк, табарсык тушта катуу оорутуу пайда болот.
•Заара ушаткысы келген менен заара чыга бербейт.
•Заара менен кошо кан чыгышы мүмкүн.
Диагноз үчүн керектелет: заара жолдору системинин (бөйрөк, заара чыгаруучу түтүкчө, табарсык) УЗИси, зааранын жалпы анализи, компьютердик томография, кандын биохимиялык анализи жана башкалар.
ТАШТАН АРЫЛТУУ ЫКМАЛАРЫ
• Дары-дармек менен:
Таштын көлөмү 5 миллиметрге чейин жана бөйрөктүн иштеши калыптагыдай жана заара чыгаруучу жолдордо шишик же башка тоскоолдуктар жок болсо анда дары-дармек менен эритип айдап чыгарууга болот.
• Ташты алып чыгуу ыкмалары:
1. Оперативдүү ыкма (ачып жасоо, оорулуулардын 25 пайызында колдонулат).
Таштын көлөмү 5 сантиметрден чоң болсо, таштардын саны көп болгон учурда, таш катуу жана маржан сындуу болсо, адамда кургак учук же рак оорусу кошо бар болсо, бөйрөк канаганда, кош бойлуу кезде, урук чыктагыч бездин аденомасында, пиелонефриттин күчөп кеткен кезинде, бөйрөктүн иштөөсү начарлап кеткенде жасалат. 2-7 саатка чейин созулат.
2. Лапороскопиялык жана ретроперитонеоскопиялык операциялар. Лапороскопиялык операцияда эндовидеокамера жана атайын шаймандар колдонулат. Хирург-уролог 2ден 6га чейинки атайын шаймандарды курсакты тешүү аркылуу (диаметри 5-10 миллиметр) таш турган жерге киргизет да, эндовидеокамера аркылуу иш жүргүзүп ташты алып чыгат. Ретроперитонеоскопиялык операцияда атайын шаймандар арт жагынан бел тушту тешүү аркылуу таш турган жерге киргизилип алынып чыгылат. Мында деле операция эндовидеокамера аркылуу жүргүзүлөт.
Буларга 2-3 саат убакыт кетет.
3. Эндоскопиялык трансуретралдык жана контактуу уретеролитотрипсия (КУЛТ) ыкмасы. Эндоскопиялык трансуретралдык ыкмада эндоскоп (атайын шайман) табарсык аркылуу киргизилип, лазердин жардамы менен таштар талкаланат жана алынып чыгылат. Контактуу уретеролитотрипсия (КУЛТ) ыкмасында шайман-уретеропиелоскоп табарсык аркылуу киргизилип, лазердин же ультра үндүн жардамы менен таштар талкаланат жана алынат.
Операция 2-3 саатка созулат.
4. Перкутандык нефролитотрипсия. Арттан бөйрөк тушту тешип, таш турган жерге пластик түтүкчө киргизилет. Ал түтүкчө аркылуу атайын шайман, мисалы, эндоскоп өткөзүлүп, таш талкаланып, анан алынып чыгылат. Ташты талкалоо үчүн электрогидравликалык жана пневматикалуу толкундар, ультра үн, лазердик нурлардын бири колдонулат. Операция 2-4 саатка созулат.
5. ДЛТ-дистанциондук литотрипсия. Аралыктан туруп жогорку басымдагы сокку берүүчү толкундардын энергетикасы аркылуу таштар кумга айландырылып, анан дарынын күчү менен заара аркылуу чыгарылат. 45-60 мүнөткө созулат.
ОПЕРАЦИЯЛАРДАН КИЙИН
1. Операциялардан кийин таштар кайра пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан врач оорулуудагы таштын түрүнө карап диета кармоону сунуштайт. Ал тыюу салынган тамакты жебеши жана 1 жылда 2 ирет УЗИден текшерилип туруусу кажет.
2. Санаториялык-курорттук дарыланууга баруу да сунушталат.
3. Кайра таш пайда болбошу үчүн врач жазып берген дары чөптөрдүн кайнатмасын ичүү зарыл.
4. Өсүмдүктөрдөн жасалган дары-дармектерди врачтын көрсөтмөсү менен ичүү керек.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg