МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР КИМГЕ, КАНДАЙ КЫЗМАТЫ ҮЧҮН БЕРИЛЕТ?

Кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда 154 жаранга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Мамлекеттик сыйлыктарды 2012-2016-жылдар аралыгында тапшырууга чектөө киргизилген. 2016-жылдан тарта жүздөгөн жарандар сыйлыктарга көрсөтүлүп, мамлекеттик жогорку наамдарга ээ боло баштады. Буга чейинки маданият тармагында тапшырылган мамлекеттик сыйлыктар коомчулукта бир топ суроо, талкуу, нааразычылыктарды жаратып, талапкерлерди тандоодогу терс көрүнүштөр сынга алынган эле. Президент кол койгон акыркы сыйлоо жөнүндөгү жарлык да коомчулукта талкуу жаратып жаткан учуру. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул жолку мамлекеттик сыйлыктар жарандарга президенттик шайлоодогу кызматы үчүн ыраазычылык иретинде тапшырылып жатканын билдирсе, кээ бирлер татыктуулар алууда деп эсептешет. 1 жыл мурун эле негизделген «Курманжан датка» ордени менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сыйланса, президенттин кеңешчилери болгон Фарид Ниязов II даражадагы «Манас» ордени менен, Икрамжан Илмиянов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул ирет биз мамлекеттик сыйлыктар кимге, кандай кызматы үчүн берилерин иликтеп көрдүк.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары 1996-жылдан бери жарандарга тапшырылып келет. Аталган сыйлыктарды өлкө президенти гана тапшыра алат. Ордендер I даражадагы, медалдар II даражадагы, ал эми Ардак грамота III даражадагы мамлекеттик сыйлык болуп эсептелет.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БААТЫРЛАРЫНА БЕРИЛҮҮЧҮ «АК ШУМКАР»

Өлкөбүздөгү даражасы эң жогорку сыйлык – бул «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси. Ал «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасына ээ болгон жарандарга тапшырылат. Сыйлык 1996-жылы бекитилген. Аталган сыйлыкка өлкөнүн эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн баатырдык жасаган жарандар жете алат. Ошондой эле эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги үчүн да жарандар сыйланып келүүдө. Алтындан жасалган «Ак Шумкар» белгиси сол төшкө, орден, медалдардын үстүнө тагылат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» сыйлыгын буга чейин Чыңгыз Айтматов, Исхак Раззаков, Салижан Шарипов жана Алиясбек Алымкулов алган.

3 ДАРАЖАДАГЫ «МАНАС» ОРДЕНИ

Бул мамлекеттик сыйлык 3 даражадан туруп, 1996-жылы бекитилген. «Манас» ордени менен мамлекетти, демократиялык коомду жана элдин биримдигин сактоого, чыңдоого салым кошкон жарандар сыйланат. Андан сырткары өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон эмгеги үчүн да берилет. «Манас» ордени I, II, III даражаларга бөлүнөт. Алгач III даражадагы, анан II даражадагы орденди алган адамга гана I даражадагы «Манас» ордени берилет. Өзгөчө учурда гана өлкө башчы III же II даражадагысы менен сыйланбаган жарандарга I даражадагы «Манас» орденин берүүгө укуктуу.
I даражадагы «Манас» ордени менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, БУУнун мурунку башкы катчысы Кофи Аннан, хирург Мамбет Мамакеев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана башкалар сыйланган.



АНГЕЛА МЕРКЕЛГЕ БУЮРГАН «КУРМАНЖАН ДАТКА»

Мамлекетти коргоого, чыңдоого, элдин биримдигин, каада-салтын сактоого зор салым кошкон жарандар «Курманжан датка» ордени менен сыйланат. «Курманжан датка» ордени 2016-жылы бекитилген. Бул орденди биринчи жолу быйыл Германиянын канцлери Ангела Меркель тагынган. Эми Меркелдин катарын БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да толуктады.

ТАЛАБЫ ТАТААЛ «БААТЫР ЭНЕ» ОРДЕНИ

"Баатыр эне" сыйлыгы 1996-жылы негизделген. 7 же андан ашык балалуу энелер аталган сыйлыкка көрсөтүлөт. 7-баласы 1 жашка толуп, калган балдары аман болгон учурда гана сыйлыкка жете алышы мүмкүн. Аларды тарбиялоосуна да чоң маани берилет, эгер балдарынын бири соттолгон болсо наам берилбейт. Ошондой эле баласы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына ээ болгон энелерге да «Баатыр эне» ордени ыйгарылат.

СЫРТКЫ САЯСАТЧЫЛАР КӨП СЫЙЛАНГАН «ДАНАКЕР»

«Данакер» ордени 1999-жылы бекитилген. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев, Түркиянын жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жана башкалар сыйланган. Аталган сыйлык менен тынчтыкка, достукка, элдер арасындагы кызматташтыкка зор салым кошкондор сыйланат.

МЕДАЛДАР ПАРАДЫ...
Мамлекеттик сыйлыктардын катарында «Эрдик», «Даңк», «Эне даңкы», «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» (I, II даражадагы), «Кайрымдуулук үчүн» жана «Эмгек ардагери» медалдары бар. Алар маанисине карай ошол чөйрөдө өзгөчөлөнгөн, зор кызмат жасаган жарандарга ыйгарылат.

«ЭҢ ЧОҢ СЫЙЛЫК – «ЭЛ АРТИСТИ» НААМЫ»
Маданият тармагы боюнча берилген мамлекеттик сыйлыктар көп талкуу жаратат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомчулук менен иштөө, мамлекеттик тил жана сыйлыктар секторунун башчысы Муктасар Өзүбеков маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктардын маанисин, кандай шартта берилерин айтып берди:
– 2017-жылдын 28-июлунда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн эмгек тажрыйбасы 10 жылдан 15 жылга жогорулатылган. Маданият тармагындагы эң чоң мамлекеттик сыйлык – бул «Эл артисти» наамы. Андан кийинки орунда «Эмгек сиңирген артист» турат. «Эмгек сиңирген артист» наамын алган жаран гана «Эл артисти» наамына көрсөтүлөт. Андан сырткары «Эл акыны», «Эл жазуучусу», «Эл сүрөтчүсү» деген тармактык наамдар да бар. Ошондой эле «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамы да сыйлыктардын катарын толуктайт. Сыйлык алган жаран 5 жылдан кийин гана экинчи сыйлыкка көрсөтүлөт. Айрым учурларда министрлик аркылуу көрсөтүлбөгөндөр да мамлекеттик сыйлыктарды алып жатышат.

«РУЦКАЯНЫ СЫЙЛЫККА ЖОГОРКУ КЕҢЕШ СУНУШТАГАН»

– Маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыкка жарандарды республикадагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме-уюмдар да көрсөтө алат. Алардын сунушу райондук, облустук кеңешме топтун сынынан өтүп, биздин министрликке келет. Министр баш болгон жогорку кеңешме топтун тандоосунан өткөн жарандардын тизмеси президенттик аппаратка жөнөтүлөт. Алардын тандоосу кимдин сыйлык аларын аныктайт.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин тармактык комитети да жарандарды мамлекеттик сыйлыкка сунуштай алат. Мисалы, Юлия Руцкая менен Гүлжигит Калыковду «Эмгек сиңирген артист» наамына депутаттар сунуштаган.

«ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АРТЫКЧЫЛЫК БЕРИЛЕТ»
– Сыйлык тапшырууда өлкөнүн атынан эл аралык сынактарга катышып, жеңүүчү аталган жарандарга артыкчылык берилет. Андан сырткары 15 жыл же андан ашык маданият чөйрөсүндө эмгектенгендер жана республиканын коомдук-маданий иш-чараларына активдүү катышкан жарандар сыйлыкка көп жетишет. Учурда «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» активдүү катышкандарга да артыкчылык берилүүдө.

ТАРМАКТЫК СЫЙЛЫКТАР...
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, республикабыздагы ар тармактын эмгек сиңирген кызматкерлерине наамдар тапшырылат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» 3-даражадагы мамлекеттик сыйлык катары бардык тармак ээлерине берилет.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын алгандарга сиңирген эмгеги үчүн пенсия чегерилип, мамлекет тарабынан курулган үйлөр кезексиз берилет. Бериле турган үйдүн аянтына 20 чарчы метр кошулуп эсептелет. Мындан сырткары, жер салыгынан бошотулат, жумушка баруу мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелип калса маянасынын 100 пайыз көлөмү жөлөк пул иретинде берилет, кошумча нарк салыгынан бошотулат, спорттук комплекстердин кызматтарын бекер колдоно алат, майып жана карылар үйүнө кезексиз кабыл алынат, социалдык кызматтар кезексиз көрсөтүлөт, бейитине мамлекеттик бюджеттин эсебинен эстелик орнотулат. Ал эми, мамлекеттик кызматта иштеген "Эл артисти", "Эл мугалими", "Эл жазуучусу", "Эл акыны", "Эл сүрөтчүсү" наамын алгандардын айлыгына кошумча 5 миң сом, ал эми ар бир тармактагы "Эмгек сиңирген" наамын алгандар кошумча 2,5 миң сом алышат. Мамлекеттик сыйлык алган жарандарга пенсияга чыкканда кошуп берилчү кошумча акча 2 жыл мурун алып салынган. Ал эми мамлекеттик кызматтарда иштебегендерге эч кандай кошумча акча төлөнбөйт.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан