ЖЕҢИЛ ТӨРӨЙМ ДЕСЕҢИЗ, ЧЫГЫШ БИЙИН БИЙЛЕҢИЗ

Айымдарга кеңеш

1997-жылы уюшулган “Рахат” бий театры 13 жылдан бери кыргыз элинин улуттук бийин чет элге даңазалоо менен алек. Мына ушул театрда бир нече жылдан бери чыгыш бийин бийлеген кыздар айымдарды ден соолукка кам көрүүгө чакырып, бийдин пайдалуу жактарын айтып беришет.

Айжан Тураева
“Рахат” бий театрында 4 жылдан бери бийлейт. Борбордогу компаниялардын биринде бухгалтер болуп иштеген Айжан бийди жанындай жакшы көрөт. Мурун бүкүрөйүп жүргөндүктөн, дене-мүчөсүн түз алып жүрүү үчүн бийлөөнү чечкен. Азыр Айжан жигиттерди суктандырган, келишимдүү сулуу.

Анара Керимбекова
Чыгыш бийин 4 жылдан бери бийлейт. Борбордо котормочу жана англис тилин үйрөтүүчү мугалим болуп эмгектенет. Театрга келгени 6 килограммга арыктаган. Келечекте чыгыш бийинен сабак берген мугалим да болгусу келет. Ошондуктан театрда хореограф жок болуп калса, анын ордуна сабак бере коюп жүрөт.

Айсулуу Бактыкалый кызы
Бий менен 5 жылдан бери алектенет. Кичине кезинен бери келе жаткан хоббиси. “Бийсиз жашай албайм” деген Айсулуу дайыма кыймылда болгондуктан, салмагы бир калыпта. Анда-санда тойлорго чакыруу да алат.

Айжан:
«БУЛЧУҢДАР МЕНЕН ИШТӨӨ АЙЫМДАРДЫ
ТҮЗ БАСУУГА ЖЕТЕЛЕЙТ»
– Чыгыш бийин бийлөөдө сан, жамбаш, балтыр булчуңдары жана таман иштейт. Жамбаш сөөк менен сан сөөгү бириккен жер аябай кыймылга келет. Бийлегенде тарамыштар чоюлуп, тырышпай, жумшак болуп калат. Төрөт учурунда жамбаш сөөктөр ажырайт эмеспи, ошондо тарамыштар оңой чоюлуп, оорутуу болбойт дешет биздин мугалимдер.
Айымдар толгондо дароо жамбашына май топтолот. Чыгыш бийине титиреп бийлөө мүнөздүү. Мындай бийлөөдө ичтеги жана жамбаштагы майлар кетет. Жамбаш булчуңдары титирөө маалында түйүлүп-жазылып тургандыктан, көрктүү формага келет.
Адатта моюн, далы булчуңдарына, шилиден ылдый туз топтолот. Чыгыш бийинде ийинди титиретүү, толкун сымал кыймылдар көп жасалгандыктан, туз чогулмак түгүл, жолобойт десек болот. Ийин, далы, моюн булчуңдары менен иштөө айымдардын боюн түз алып жүрүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Бийге катышкан адамдын организминде кан жакшы айланып, адам такай шайыр жана жеңил жүрөт. Кан жүгүрүү калыптанганда көп оорулардын пайда болуу коркунучу жоюлат.

Анара:
«ИЧТЕГИ МАЙЛАРДЫ ЖОГОТУУ ОҢОЙ»
– Бийлөөдө күнүгө 10 мүнөткө созулган дем алуу көнүгүүсү болот. Биринчи мурун менен демди көкүрөккө кармап, ооз менен жай чыгарат. Кайра ооз менен демди ичке кармап, мурун менен жай чыгаруу керек. Бул көнүгүүнү кыжырланганда, бир нерсеге жини келгенде жатып алып жасаса, адам өзүнө келет. Анан да өпкөнүн иштеши жакшырат.
Курсак булчуңдары өйдөкү, ортоңку, ылдыйкы болуп үчкө бөлүнөт. Чыгыш бийинде толкун сымал көнүгүүлөр көп жасалгандыктан, курсак булчуңдары өз-өзүнчө бөлүнүп иштеп, майлар жоголот.
Бел булчуңдары бардык булчуңдардан күчтүү. Дегеним, бир чоң кишини бут менен көтөрө албайсың. Ал эми отурган абалда бел булчуңу менен көтөрүү мүмкүн. Бирок бел булчуңдары жаш өткөн сайын башка булчуңдарга караганда күчүн бат жоготот. Ошондуктан жаш кезде белди аяп, оор нерсени көп көтөрбөй, булчуңдарга туура көнүгүү жасоо зарыл. Мисалы, айылдагы апаларыбыз оор нерсе көп көтөргөндүктөн, белдери эрте эле бөкчөйүп калып жатышат. Жана да чыгыш бийи омурткалардын ийри өсүшүнө – сколиозго жол бербейт. Кыймылдаганда бел омурткалар жибип, түз өсүшүнө шарт түзөт.

Айсулуу:
«БУТУМ КӨРКТҮҮ БОЛСУН ДЕСЕҢИЗ...»
– Чыгыш бийинде буттун башы менен кыймылдоо балтырга таасир этет. Аз кыймылдаган айымдардын балтыр булчуңдары алсыз, көркү жок, түптүз болот. Бий менен алектенбеген айымдар “балтырыбыз көрктүү болсун” дешсе, күнүгө буттун учу менен 60-80 жолу өйдө-ылдый туруш керек.
Негизи, бут кетмени эттен эмес, тарамыштардан турат. Азиаттардын бут кетмендери жоон, томпок, көрксүз болот. Ошондуктан чыгыш бийи менен машыкса, бут кетмен ичке жана ийилчээк болуп өзгөрөт. Бут кетмендин тарамыштарын чоюу көп убакытты талап кылгандыктан, кыздарды 4 жашынан бийге берген жакшы.

“Рахат” бий театрынын
көркөм жетекчиси Камчыбек Асанов:
«МАКСАТЫБЫЗ – КЫРГЫЗ БИЙИН 1-ОРУНГА ЧЫГАРУУ»
– Учурда театрда чоң-кичине болуп, 220 окуучу бий үйрөнүп жатат. Бизде жогорку тажрыйбалуу, билимдүү хореографтар сабак беришет. Театрдын ачылганына 12 жыл болгондо, 2009-жылы өкмөт тараптан “Элдик бий театры” деген наамга ээ болгонбуз. Уюшулгандан бери кыргыз улуттук бийин өркүндөтүп, жылына бир-эки жолу чет өлкөгө чыгып, даңазалап келүүдөбүз. Бул жолу Түркиянын Бурса шаарында “Голден Кара көз” Эл аралык сынагына барганы жатабыз. Түрк тилдүү 24 өлкө катышкан сынак июль айынын 8инен 20сына чейин болот. Максатыбыз – сынакта кыргыз бийин 1-орунга чыгаруу. Биздин театрда таланттуу кыздар көп. Бирок чет өлкөгө барууга ар биринин эле каражаты жете бербейт. Ошол себептен балдардын майрамына карата 1-июнда “Балдар – биздин гүлүбүз” деген чоң программадагы концерт бергени жатабыз. Түркияга барып келүүгө көп каражат керек. Андыктан кыргыз бийин сүйгөн чыгаан уул-кыздарыбыз бизге колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылышса деген өтүнүчүмдү айтып кетким келет.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AazamatBBB
2010-05-24 19:07:19
зорго
0
egenberdi
2010-05-26 11:58:07
uigilikterdi kaaalaibuz
0
таалай
2010-05-26 20:12:50
азамат камчы ишин ийгиликтуу болсун сен бар рахат бар досун таалай екатеринбруг.
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан