Бүгүнкү каарманыбыз жашы 50нү таяп калса да бирде жаш баланын, бирде аксакалдын образын жаратып келет. «Мурун сүрөтчүлөрдү аябай баалашчу. Азыр сүрөтчү десе эле ичкичтерди элестетип алышат» деген Дамир мырза кесибинин бааланбаганына кейип-кепчип алып, анан өзүн тааныштырууга өттү.
Cүрөтчү Дамир Абдраимов
Туулган жылы, күнү – 1968-жыл, 9-март
Туулган жери – Кара-Балта шаары, Күрпүлдөк айылы
Кесиби – С.Чокморов атындагы сүрөт училищеси
Тартылган тасмалары – «Бархатный сезон», «Миллиондук мелдеш», «20дагы чал-кемпир», «Бир тууганчик», «План Б», «Конок» жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бир уул, бир кыздын атасы
– Дамир мырза, сизди акыркы кезде кыргыз тасмаларында көп учуратабыз. Актёрдук кесипке сизди эмне алып келди?
– Менин атам мандолина, балалайка, комузда катыра ойночу, жакшы ырдачу. Таякем болсо сүрөтчү эле. Айылдагы таланттуу өнөр адамдарын чогултуп айыл кыдырып спектаклдерди коюшчу. Атам менен таякемдин таасири болду окшойт, чыгармачылыкка жакын өстүм. Мектепте концерттерди уюштурган активдүү окуучу элем. Классташтарым, мугалимдер деле «ой, бул артист» дей беришчү. Ошол сөздөр да мага сиңип калды көрүнөт.
– Чыгармачылыктын чыйыр жолунда кандай сыноолорго туш болдуңуз?
– Сүрөт училищесин бүтөрүм менен Ооганстанга аскер кызматына чакырылгам. Анан Орусиянын Омск шаарында 6 ай даярдык көрдүк. Мына эми Ооганстанга кетебиз деп жатканда баарын жөнөтүп, мени "башкаларга үйрөтөсүң" деп алып калышты. Ошентип 2 жылдай аскерлерди даярдап жүрдүм. Аскерден келсем тааныштар Москвага жумушка чакырышты. Ал жакта Арбат көчөсүндө портрет тартып отуруп ууру-кескисин да, ичип-чеккен бейбаштарды да көрдүк. «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет» демекчи, ар кандай адамдар менен баарлашып, көп нерсеге көзүм ачылды.
Үй-бүлө күткөндөн кийин Түркияда 5 жылдыздуу мейманканада сүрөтчү болуп иштедим. Кечке маал пляждан кайткан эс алуучуларды маңдайыма отургузуп алып сүрөтүн тартып берчүмүн. Ал жакта жумуш солгундап калганда кайра мекенге кайтууга туура келди. Келсем Кыргызстанда кино тармагы өнүгүп баштаптыр.
– Анан жең түрө кино дүйнөсүнө киришип кеттиңиз.
– Келгенимди угуп тааныштар тасмаларга сүрөтчү катары чакырып башташты. Актёр катары тушоомду кескен «Миллиондук мелдеш» тасмасына да сүрөтчү катары чакырылгам. Сценарийин окусам драма экен, режиссёр Сүйүн Откеевге «муну менен көрөрман топтой албайсың, кел, комедия кылалы» деп сценарийин кайра иштеп чыктык. Кинонун директору, сүрөтчү-коюучусу да болдум, актёрлор менен да иштештим. Жыйынтыгы жакшы болду.
Ошол тасмадан кийин эле сунуштар биринин артынан бири түшө баштады. Мени таанымал жүз дешсе керек да. Азыр калп айтпасам, Кыргызстанда 3 кино болсо, эпизоддук роль болсо да сөзсүз бирөөсүнө мени чакырышат.
– Жаштар арасында популярдуу болгон «Жарайт сити» долбооруна да тартылып келесиз. Жаштар менен тил табышуу оорчулук жаратпайбы?
– Жашым 50гө чукулдап калганы менен, жүрүм-турум, сүйлөгөнүм жаштарга жакын. Сырттан сүрдүү көрүнөм, аралашып калгандан кийин бат тил табышып кетем. Долбоордун жаратуучулары Асхат Табалдиев жана Данияр Болотбеков менен «Бир тууганчик» тасмасында таанышканбыз. Жакшы иштешип, ушул долбоорго чакырышты. «Каржы жактан бай эмеспиз, пилоттук долбоор, колдоп бериңизчи» деп суранышкан. Макул болуп тартылгам, буюрса, азыркыга чейин капа кылбай иштешип келатабыз.
– Сизди көбүнчө комедия жанрындагы тасмалардан көрөбүз. Олуттуу кинолордо роль жараткыңыз келеби?
– Мурунку жылы Эрнест Абдыжапаров тартам деп баштаган «Шабдан баатыр» тасмасына аскер башчысынын ролуна жактырылган элем. Мамлекеттик, тарыхый тасмада роль жаратам деп камынып калдым эле, тилекке каршы, ал экрандаштырылбай калды.
– Чыгармачыл адамды колдогон жан шериги болбосо ийгиликке жетүүсү кыйын. Сиздин артыңызда турган күчтүү айым тууралуу да айта кетсеңиз.
– Мен бутума турам, үй алам, акча чогултуп анан үйлөнөм деп жүрүп 35 жашымда үйлөндүм. Келинчегим Рахат менен таанышканыбызда ал 19 жашта болчу. 2 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп баш кошконбуз. Ортобузда 14 жаш айырмачылык бар. Аял кишинин жолдошу улуу болсо жакшы экен. Кээде жок жерден «каприз» кылып баштайт, кичинекей баладай эркелейт. Баарына чыдаганга аракет кылабыз (күлүп). Экөөбүз дискоклубдарга чогуу барып эс алып турабыз. Ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Алгач кесибимди жакшы түшүнбөй, "сүрөткө түшүп алалы" деген кыздарга жини келип сүйлөнө берчү. Бара-бара көнүп калды көрүнөт, азыр мени бардык жактан колдоп турат.
– Сизди киного аралашкандан бери ушул стилде көрөм. Чачыңызды атайын ушундай алып жүрөсүзбү?
– 34 жашымдан бери ушундай чач жасалга менен жүрөм. Чачым суюлуп баштаганда тегиздетсем башкача боло берди. Бир жолу кырып салсам, баары эле «апей, "стильный" болуп сонун жарашат экен» дешет. Ырас болбодубу деп ошол боюнча калдым. Актёр Дмитрий Нагиевге рахмат, таздарды мода кылып кетти, биз дайыма трендде болобуз (күлүп).
– Актёрлук түйшүктүү, ошол эле учурда бизде көп бааланбаган кесип. Кинону тандаганыңыз үчүн өкүнгөн учурлар болобу?
– Мен кинодо өзүмдү суудагы балыктай сезем. Актёр болуш аябай кызыктуу. Бир эмес, көп жашоону жашагандай болосуң. Бүгүн ууру болсоң, эртең милиция кызматкерисиң, бүрсүгүнү аксакал болушуң мүмкүн. Бул нерсе мен үчүн рахат тартуулайт, өкүнүүнү ойлонбойм деле.
– Маегиңизге рахмат.