АТАКТУУЛАР КАЙДА ЭС АЛЫШАТ

Валерий Льеонтьев

Орус эстрадасынын жылдызы Валерий Льеонтьев узак концерттерден чарчаган кезде Майамидеги жубайы Люсиге жөнөп кетет. Жубайы жашаган үйдүн терезесинен деңиз көрүнүп тургандыктан, эс алууга өтө ылайыктуу. Ырчы ал жакта толук эс алып, жубайына болгон сагынычы таркагандан кийин кайтып келип, чыгармачылыгын улантууну адат кылып алган. Баарынан Валерий деңиз спорту менен алектенгенди жактырат. Тактап айтканда, толкунга аралаш серфингде сүзүүнү баалайт. Өзгөчө деңиз катуу толкуп турганда рахат алаарын жашырбайт.


Лариса Долина

Лариса жолдошунун коштоосунда чет өлкөнүн кооз жерлерине барып эс алганды жактырат. Жаңы Жылдык концерттерден кийин жолдошу Илья менен Кытайга барып эс алып келген. Андан көп узабай эле ырчы кайра эле жолдошу менен бирге Мальдивы аралына жөнөп кеткен. Ал жактын бейиштегидей кооздугу ырчыга чыныгы эс алууну тартуулаган. «Баунти» шоколадынын рекламасындагыдай жаратылышта, тагыраак айтканда, деңиз жээгинде пальмалардын арасында эс алып келгенин Лариса өзү маалымдаган. Ошондой эле ырчы скутерди өзү айдап жана балык уулоого чыккан. Айтор, экзотикалуу жаратылыштын кучагында эң сонун эс алып кайткан.


Максим Галкин

Эң кымбат баалуу артист, пародист Максим Галкин тоого чыгып муз тебүүнү кичинесинен жакшы көрөт. Максим бул кышта Франциянын көрүнүктүү тоо-лыжа курорту Куршавелге барып эс алып келди. Аталган курортко артист экинчи жолу өз каалоосу менен эмес, агасынын жана досторунун суранычы боюнча барган. Ошентсе да Максим оюндагыдай эс алып келгенин кабарлаган. Ишинен чарчап кеткенде эч кимге айтпастан он күнгө тоо-лыжа курортторго жөнөп кетүү – артисттин адаты.


Кристина Орбакайте

Кристина күнгө күйүп эс алганды жакшы көргөн­дүктөн, көбүнчө чет өлкөдө, деңиз жээгинде эс алат. Мындай эс алуудан ырчы өзүн кадимкидей сергек сезип калат. Ал эми спорт кийимдерин кийип, рюкзакты асынып алып эс алууга чыкканды жактыра бербейт. Көл жээгинде эс алуу ырчыга чыгармачылык энергия берээрин Кристина өзү да айтып келет. Ушундан улам анын учурдагы көңүлдөшү бизнесмен Николай Земцов АКШдан сүйүктүүсүнө деңиздин боюнан үй сатып берген.


Валерий Меладзе

Көптөгөн кыз-келиндердин сүймөнчү­лүгүнө ээ болгон Валерий үчүн Москванын четиндеги менчик дачасында жубайынын, балдарынын маңдайында эс алуудан жакшы жай жок. Бардыгынан ырчы дачасында дасторкон жазып, даамдуу тамактарды коюп, жакын достору менен ачык асман алдында отурганды жакшы көрөт.


Николай Басков

Көпчүлүк даражалуу ырчылардай эле Николай Басков да кыш мезгилинде жылуу өлкөлөргө барып эс алганды жактырат. Анын үстүнө Николайдын каалаган өлкөсүнө барып эс алууга капчыгы мүмкүнчүлүк берет эмеспи. “Шарманкасы” менен көптөрдүн бүйүрүн кызыткан ырчы жакында Израилде көл жээгинде эс алган. Топтогон энергиясы менен Николай түз эле Барселона шаарына учкан. Анткени, ал жакта орус ырчысы, дүйнөлүк опера ырчы Монсеррат Кабалье менен чыгармачылыктын үстүндө чогуу иштешүүдө.


Том Круз

Тынч океанында жайгашкан Фиджи аралы өзүнүн табигый кооздугу жана курорттору менен белгилүү адамдардын эс алуу жайына айланган. Бул аралда популярдуу ырчы Бритни Спирс экс-жолдошу Кевин Федерлайн менен бал айын өткөргөн. Ал эми белгилүү актёр Том Круз да дал ушул аралга келип эс алып кеткенди жакшы көрөт. Том Круз эс алууга чыкканда түз эле Фиджи аралын көздөй жөнөөрү талашсыз.


Леонардо ди Каприо

“Титаник” аттуу дүйнөнү дүңгүрөткөн кинонун жылдызы Леонардо эс алуу убактысын өзүнүн менчик аралында өткөрөт. 2005-жылы актёр АКШга караштуу Белиз өлкөсүнүн борбор шаарынын жээгиндеги бир аралды өз менчигине айлантып сатып алган. Аралга кайык менен 25 мүнөттө жетүүгө болот. Келечекте ал жерди экология курортуна айлантуу – Леонардонун алдыдагы максаттарынын бири.


Харрисон Форд

Голливуддун белгилүү актёру Харрисон Форд негизинен Италиянын деңиз жээктеринде жана Жер ортолук деңизиндеги Сардиния аралында эс алууну жогору коёт.
Антсе да жакында көңүлдөшү Калисто Флокхарт жана анын багып алган баласы менен Англияга барып эс алып кайтты. Эки аптадай алар Уэлстин каналында яхта менен саякатташкан. Суу үстүндөгү саякат актёрго абдан жаккандыктан, ал курска катышып, саякат учурунда кайыкты өзү башкарган. Жылдыздар кеткенден кийин алар түшкөн яхта менен саякаттоону каалагандар кезекке тура башташкан.


Жулия Робертс

Чет өлкөнүн жылдыздары Ирландияны эс алууга ыңгайлуу жай деп эсептеп келишет. Анткени, Ирландия тынч жана өзгөчө романтикалуу сезимдерди тартуулаган өлкө. Ирландиянын эски сепилдеринде өздөрүнүн үлпөт тоюн Дэвид Бэкхем, Пол Маккартни, Мадонна өңдүү белгилүү адамдар өткөрүшкөн. Ушундан уламбы, «Оскар» сыйлыгынын ээси Жулия Робертс дал ушул өлкөгө барып эс алат. Көбүнчө Ирландияга эс алганы эмнегедир актриса жалгыз барат.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан