(Башталышы өткөн сандарда)
– Шеф, бул баягы го?- жардамчы көзүн алайтып кирип келди.
– Ким баягы?
– Ким эле аты? Арсен болуш керек эле.
– Ооба, ошол.
– Бул эмне?..
– Эч нерсе эмес. Эми биз аны менен иштешебиз. Бала өсүптүр, жетилип калыптыр, иштешсе болот. Бир долбоордун үстүндө чогуу иштемей болдук. Бул боюнча эч кимге ооз ачпа, макулбу?
– ...
– Ооз ачпа эч кимге, түшүндүңбү?!
– Ооба, шеф.
– Бар, ишиңди кыл.
Болуш башын мыкчып иш бөлмөсүндө калды. «Эми эмне кылам? Түз эле милицияга барганда болмок беле? Анда баары бүтмөк. Качан жаза тайып кетер экен деп күткөндөр канча эле? Жеп салышмак. Көзүн тазалаш керек булардын». Чечим чыгарды ичинен. Иш столундагы кнопканы басып сүйлөдү.
– Мага виски алып келгилечи.
Аз өтпөй катчы кыз «Жэк Дэниэлсти» көтөрүп кирди.
– Эч кимди киргизбегиле!- деп буюрду вискини кырдуу стаканга куюп жатып. Жарымдата куюп, бир дем менен жутуп алды. Анан Кубадан алынып келген тамекини түтөттү. Отургучуна чалкалай отуруп, вискиден ууртай берди.
Бир топтон кийин ал кадимкидей мас болуп калды. «Канчык» деди анан бир кезде Бегимайды эстеп. Жини кайнап чыкты. «Баарын ошол кылды. Сатып кетти. Акмак кыз. Мен ал үчүн кылган жакшылыкка ушундай жооп кылды. Жакшылыкты билбеген акмак!» Ордунан туруп теңселип сыртка жөнөдү.
Эшикте шоопуру машинада күтүп туруптур.
– Ачкычты бер!- деди жинденген түрдө.
– Болуш Сардарович...
– Ачкычты бер!
– Мен өзүм эле жеткирейинчи.
– Ачкычты мага!
Шоопурдун айласы кетти. Болуш анын колунан ачкычты жулуп алып, Лексусун жулкунтуп айдап жөнөдү. Катуу ылдамдык менен баратты. Кыйратып деле кеңсесинен алыстай электе алдынан МАИчилер чыкты. Чыр-р. МАИчи алдынан ышкырды. Болуштун токтой турган ою жок болчу. Зуулдаган боюнча өтүп кеткен капкара жол тандабастын артынан чуулдап МАИчилер ээрчип алды.
– Кара Лексус, жолдун четине чыгыңыз!- канткен менен акыркы үлгүдөгү жол тандабасты алдынан чукул токтотконго даабай жатышты. Антип-минткиче Болуш Түштүк магистралындагы элиталуу үйдүн жанына жетип келди.
Караңгылатылган айнектерин бир аз түшүрүп, машинасынын эшиктерин ичинен бекитип алып күтүп турду. Аңгыча кошо келген 2 МАИчи унаанын жанына келишти.
– Ачыңыз.
– Жигиттер, мен масмын. Бирок...- Болуш сөзүн токтотуп караңгылатылган терезенин ачылып турган кичине жеринен 100 долларды таштады. Валюта ойкуп-кайкып жерге түштү.
– Ай, байке, түшүңүз, эмне кылып жатасыз?
– Аа, түшүндүм,- дагы бир 100 доллар алып чыгып терезеден таштады.
– Байке...
– Мына,- дагы бирди ыргытты.
– Документтериңизди карап коёлу.
– Баары жайында, ишенип койгула,- дагы бир акчаны терезенин жылчыгынан түшүрүп жиберди.
– Байке, эми...
– Азыр акыркысы,- бешинчи жүз долларды ыргытты.
– Муну аласыңар да, кетесиңер. Болбосо мен азыр бир кишиге чалам, кур жалак каласыңар. Түшүндүкпү?
– Жакшы калыңыз, байке,- МАИчилер шап-шуп акчаны жыйнашты да, эки жагын элеңдеп карап, жөнөп кетишти. «Баарын сатып алса болот» Болуш жинденип койду.
ххх
– Сиз?
– Ооба, мен. Кимди күттүң эле?
– Эч кимди...
– Мени мынчалык мас кезимде көргөн эмессиң да, ээ? Коркпо.
– Эмнеге коркмок элем,- Бегимай жылмайып койду.
– Кана, тиги орус курбуң?
– Билбейм, телефонуна чалсам өчүк болуп жатат.
– Хм, ал сенин курбуң эмес болчу да, туурабы?
– Түшүнбөдүм?
– Анткорлонбо!- Болуш Бегимайды түртүп жиберди.
– Билесиң баарын. Атайын кылдыңар.
– Таптакыр түшүнгөн жокмун. Сизге эмне болгон?
«Чын эле мунун тиешеси жокпу?» мас болсо да сактыгын жоготпой ойлонуп турду.
– Лиза. Ал эч кандай сенин курбуң эмес болчу. Ал капыстан пайда болду. Сен баарын билесиң. Сен да аралашкансың буга. Калп эле билмексен болуп жатасың!- Болуш жинденип чыкты. Бирок Бегимай бакырайган көздөрүн бат-бат ирмеп алайып гана туруп берди. Баарын айтып салганга даабады. «Чын эле бул кыз эч нерсени билбеген болсочу? Жасаган кылмышымды буга айта бергенден эмне пайда? Бирок мынчалык дал келүү болбойт болчу. Бегимайдын курбусу Арсен деген чөөнүн да таанышы болуп чыгышы мүмкүн эмес. Бул атайын жайылган тор. Бирок... Башкача жол менен чечиш керек. Азыр мен тордомун. Башыма дагы кошул-ташыл балээ үйбөй жөн турганым оң экен» ушуларды ойлоп жетишти ичинен.
– Билип койгун, мага каршы чыкканыңды билчү болсом, башыңды жулам! Түшүндүңбү?
– ...
– Түшүндүңбү?!
– Ооба.
Кайра кыздын көздөрүнө карады. «Чындап эле тиешеси жокпу? Көздөрүндө эч нерсе жок го?» Болуш таң калып койду. Уктоочу бөлмөнү көздөй жөнөдү. Бирок уктай алмак эмес.
ххх
ххх
Акчаны саунанын жер төлөсүнө жашырылып коюлган сейфке алып барып катышты. Бир бурчунда тизилип турган жашыл акчаларга Болуштан алган акчаны кошкондо сейфтин бир текчеси толо түштү. Бирок экөөнүн тең көңүлдөрү толгон жок. Тескерисинче, санаа көбөйгөндөй.
Бир топко чейин сейфте үйүлгөн акчаны карап отурушту. Булардын алдыда укмуштуудай пландары бар. Бирок жолдору улам кууш тартып баратат.
ххх
(Уландысы кийинки санда)