БИР ТУУГАН

Учурда үй-бүлөдөгү ар түрдүү маселелерге алы жетсе да, жетпесе да аралашып, турмуштун оор түйшүгүн моюнуна артып келе жаткан уул-кыздар көп. Дал ушундай тагдырга кабылган кыздарыбыздын бири – Марал. Жашоодо үй-бүлөсүн баарынан бийик койгон Маралдын жай турмушу кокустан келген кырсыктан улам бузулду...

– Атым Марал, 22 жаштамын. Ушул жылы окуумду аяктадым. Адистигим боюнча шаардан жумуш таба албай, гезит беттеринен, ар кандай көрнөк-жарнактардан иш издөө менен убара болуп келем. Эптеп өзүмдүн керектөөмө жетерлик каражатты тапсам, апама жардам болмок. Анткени үй-бүлөм бардар жашайт деп айтууга болбойт. Айылда ишсиз жүргөн агам, үйдө отурган жеңем жалгыз апамдын жарыбаган пенсиясын карап отурушат. Аларга кошулуп мен да апама жүк болгум келбейт. Үмүтүмдү үзбөй келем, акыры аракетимден майнап чыкты өңдөнөт...



– Акыркы күндөрү жеңем үй тиричилигине, балдарына эмес, телефон чукуп интернетке көп убактысын кетирчү болду. Күндөрдүн биринде жеңем телефонго алаксып, түшкү тамактануу мезгилин байкабай калган экен. Муну көргөн апам жеңемди жемелеп коюптур.




– Жеңем үйдүн жалгыз келини. Балалуу болгондон бери кайненеси менен жашагысы келбегенин айта берет. Ал өзүнчө бөлүнүп кетүүнүн амалын ойлоп, эки күндүн биринде апам менен урушчу адат тапты.



– Өзүм иш издеп, үйдөгүлөр менен сүйлөшүүгө көңүлүм тартпай жүргөн. Үйдөгү талаш-тартышты апам көптөн бери ичине катып жүрүптүр. Бир күнү жеңем менен агамды өзүнчө бөлүүнү туура көрүп, мени менен кеңешейин деп телефон чалды. Мен эптеп бир жумушка илешип, акча жагынан жардам көрсөтсөм, апама жеңилдик болмок экен.




– Апам экөөбүздүн сүйлөшүүбүздөн кийин айлыгы жакшы жумуш издей баштадым. Интернеттен жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүп, акыр аягы Орусияга кетмей болдум. Жумуш оор дешти, бирок жатакана беришет экен. Анын үстүнө учакка билет алып беребиз дешти. Сапарга чыга турган күнүм келди. Апам көзүнө жаш ала мени узатып кала берди.

– Москвадан жумуш берүүчүлөр аэропорттон тосуп алышты. Биз сүйлөшкөндөй эле жатаканага жайгаштырып, эртеси жумуш менен тааныштырып, азык-түлүк дүкөнүндөгү жашылча-жемиштер бөлүмүнөн жумуш беришти. Мага азыктарды иргеп, текчелерге тизүү, келген товарды муздатылган бөлмөгө ташуу иши жүктөлдү.




– Ортодон убакыт өтүп, бирде айлыгымды апама, бирде агама салып жүрдүм. Жумушка жоопкерчилик менен мамиле жасап, бат эле көнүп кеттим. Күндөрдүн биринде тепкичтен жаза тайып, бурчта оркоюп чыгып турган темир тиземдин ылдый жагын сөөккө жеткире кесип кетти. Байланып жүргөн фартугум менен дароо таңып, канды токтотууга аракет кылып, ишим бүткөнчө канжалаган бутумду сүйрөп жүрдүм.




– Күндө жумуштан келип, бутума ысык компресс жасайм. Убакыт өткөн сайын бутумдун оорусу күч ала баштады. Ооруну басуучу маздарды сүйкөп, таңып алып жумушка бара бердим. Арадан 2 жума өтүп кетти. Бир күнү эртең менен ойгонуп, жумушка барайын деп, бирок бутума тура албай койдум. Бутумду карасам, тизеден ылдый кызыл болуп, томук жагым карарып кетиптир. Жумушка чалып суранып, ооруканага бармай болдум.




Маралга дарыгерлер жардам бере алышабы? Алдыда Марал кандай окуяларга туш болот?

(Уландысы кийинки санда)

Бактыгүл Момбекова,
Айсалкын Качкынбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
guli-1980
2017-12-05 10:30:56
Апалар деле кызык. Болунуп жашагысы келген келин мн бала каражатын таап жашасын да. Ошолордун уй булосун сактайм деп байкуш жаш кызды россияга жонотуп. Менин тагдырыма окшошуп кетти. 37ге чыксам деле же уйум жок. А агам мн женем буттарына туруп алышты.
+13
Elisabeth
2017-12-05 13:34:49
Энеге эркек балага Караганда бизде айрыкча кыз балдар куйумдуу келишет.Эркектер баары эмес,бирок кобу уйлонгондон кийин аялынын тилинен чыкпай жашап калышат.Ух,бесите меня такие парни.
+8
№ 787, 1-7-декабрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан