Элин сүйгөн КАНЫКЕЙ, кыялкеч ШАЙЫРБЕК

Кумирдин кумири

Көгүлтүр экрандан өз ордун тапкан алпаруучу Шайырбек Арапов менен өзүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланган Каныкей бири-биринин таланттарын баалашат. Бул тууралуу кулагыбыз чалгандыктан, "Кумирдин кумири" рубрикасына каарман болуп берүүлөрүн өтүндүк.

ЭЗЕЛКИ ТААНЫШТАР
Кызыгы, Шайырбек менен Каныкей бирин-бири аттары эл оозуна алына электе эле таанышчу экен. Улуттук биринчи каналдын алпаруучуларды тандоо кастингинде таанышып калышкан. Каныкейдин тушоосу “Поющий город” телеберүүсүнөн кесилсе, Шайырбектин чыгармачылык чыйыры “Ыр майрам” телеберүүсүнөн башталган. Бүгүнкү жолугушууда экөө саясаттан баштап дин маселеси, мекен, чыгармачылык, махабат тууралуу да маектешкенге жетишишти. Экөө тең кыялкеч болгондуктан, жолугушууну эс алуу багынан болжошту. Шайырбек экөөбүз сейил бакта Каныкейди күтүп турсак, ырчы кыз бул жолу да оригиналдуулугун көрсөтүп, мотоцикл менен келди.

СЕЙИЛ БАКТА
Бак аралап кызыктуу маекти баштадык.
– Каныкей, Шайырбек жөнүндө кандай ойдосуң?
– Мен Шайырбек алпарган программаларды көрүп, аябай сүйүнүп калам. Өзгөчө “Унуталбайм” көрсөтүүсүн жактырам. Теледен көргөндө “азамат, Шайырбек өзүнүн каалаганына жетиптир” деп сыймыктанып, жаңычылдыгын баалап келем.
– Шайырбек, Каныкейдин ырлары сага эмнеси менен жагат?
– Каныкей ырчы катары чыга баштаганда алгач тааныган жокмун. Анткени кастингде таптакыр башкача кыз болчу. Көз айнекчен, ак кофта, кара юбка кийген кыз эле. Стили ушунчалык өзгөрүптүр. Албетте, ырларын аябай баалайм. “Коё бер мени кайгы” менен “Жүрөк сыздайт” жаңы чыкканда эле мени чырмап алган.
– Эмнегедир экөөң тең “сейил бакка баралы” деп туруп алдыңар. Чамамда кыялкеч окшойсуңар, Шайырбек…
– Кыялкеч боло албаган кишилер, менимче, көп нерсени уттурушат. Кыялдар качандыр бир кезде ишке аша турган нерсе деп ойлойм. Мисалы, Каныкей “белгилүү ырчы болсом” деп кыялданып, ошол кыялы азыр ишке ашып жатат. Мен кесибим боюнча юристмин. Бирок өзүмдү экрандан көргүм келчү. Бул кыялдарым ишке ашты.
Каныкей менен Шайырбек тир атуу менен маекти улантышты. Шайырбек мурун тир атып жүрсө, Каныкей мылтыкты биринчи жолу колуна кармаптыр. Натыйжада экөө тең бирдей бутага тийгизип, белекке ээ болушту.
– Каныкей, сен үчүн жүрөгүңдүн мыйзамы күчтүүбү же турмуштунбу?
– Жакшы суроо бердиң. Менимче, жүрөгүмдүн мыйзамы күчтүү. Жүрөгүм эмне кааласа, ошол нерсени гана аткаргым келет. Бирок жашоодо ар дайым жүрөктүн каалоосу менен жашай албасак керек. Анткени акылдын үнүнө да кулак төшөчү учурлар болот. А сен Шайырбек, жалгыздыкта ойлонгонду жакшы көрөсүңбү?
– Жакшы көрөм.
– Мага да жалгыздык жагат. Кээде табият коюнунан өзүмдү тапкым келет.
Каныкей элинин чыныгы патриот кызы экенин далилдеп, тарых музейине кирүүнү сунуш кылды.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Debi
2010-05-26 10:17:48
сулуу кыз экен, ойлору да жакты. А сандыкты колдонуп эле журобуз.
0
egenberdi
2010-05-26 11:50:58
klipten sonun korungon jakundan karasan suluuuu kuz eken!!!!!!!!!!

















0
egenberdi
2010-05-26 11:50:59
klipten sonun korungon jakundan karasan suluuuu kuz eken!!!!!!!!!!

















0
egenberdi
2010-05-26 11:50:59
klipten sonun korungon jakundan karasan suluuuu kuz eken!!!!!!!!!!

















0
egenberdi
2010-05-26 11:50:59
klipten sonun korungon jakundan karasan suluuuu kuz eken!!!!!!!!!!
0
ayza
2010-05-28 22:14:44
Экоосу тен мыкты!!!
0
LIVER
2010-06-01 13:41:27
Макияжты жакшы эле чаптаптыр
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан