Султан Раев: «АКЫРКЫ КЕРЭЭЗ» ПЬЕСАМ АКЖОЛТОЙ БОЛДУ»

Сыйлык кут болсун!

Жакында кыргыз улуттук маданияты менен адабиятында чоң жаңылык болду. Кыргыз элине кеңири белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевге Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн эң жогорку “Шериктештик жылдыздары” сыйлыгы тапшырылды.

– Султан Акимович, жогорку сыйлыгыңыз кут болсун!
– Рахмат.
– Эң оболу бул сыйлык тууралуу айта кет­се­ңиз...
– "Шериктештик жылдыздары" аталган КМШ өлкөлөрү ортосундагы жогорку деңгээлдеги сыйлык биринчи жолу уюшулуп жатат. Бул сыйлык жыл сайын адабият жана искусство, илим жана билим, гуманитардык ишмердүүлүк жаатында ыйгарылат.
– Сыйлык тапшыруу аземи кай жерде өттү?
– Кремлдин жанындагы атактуу Пашковдун үйүндө, азыр тарыхый имарат, ошол жерде өттү. Азем жогорку мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп, ага КМШ мамлекеттеринин атактуу коомдук саясий ишмерлери, депутаттар, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
– Орусиянын Биринчи каналынан сыйлыкты Федералдык кеңештин төрагасы Сергей Миронов тапшырып жатканын көрдүк...
– Салтанатты Сергей Миронов ачып берип, бардык лауреаттарга сыйлык тапшырды. Эң башкысы, КМШ сыйлыгынын алгачкы лауреаттарын Орусия президенти Дмит­рий Медведев куттуктады.
– Сыйлык кандай критерий менен ыйгарылды?
– Аны ыйгаруу процесси өтө татаал. Талапкерлерди мамлекеттик эксперттик комиссия жана кеңеш өзү тандап алат. Биринчи кезекте сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан талапкердин КМШ өлкөлөр арасында гана эмес, эл аралык деңгээлде да чыгармалары кеңири белгилүү болуусу керек. Сыйлык бир конкреттүү чыгармага эмес, бир нече чыгармаларынын цикли үчүн ыйгарылат. Менин пьесаларым көз карандысыз эксперттер тарабынан жактырылып, андан соң комиссияга сунушталган экен.
– Комиссия кароосуна кайсы чыгар­ма­ларыңыз кирди?
– “Кашар”, “Арбактын таажысы”, “Ханышанын көз жашы”, “Акыркы керээз” пьесаларым кирген.
– “Акыркы керээз” пьесаңызды ВВС радиосу дүйнөлүк мыкты драматургдардын антологиясына кошподу беле...
– Негизи, ушул пьесалар циклинин топтому үчүн мага сыйлык ыйгарылды. "Акыркы керээз" пьесам акжолтой болду. Комиссиянын курамында азыркы театр өнөрүнүн атактуу корифейлери бар болчу.
– Азыркы күндө кандай чыгарманын үстүнөн иштеп жатасыз?
– Ушул тапта “Топон” аттуу пьесамды бүттүм. Аны Жамал Сейдакматова жетектеген “Туңгуч” театрында өзүм койсомбу деп жатам. Бул чыгарма – адам жан дүйнөсүндөгү акыр заман тууралуу философиялык притча. Ага төрт эле каарман катышат. Белгилүү театр сүрөтчүсү Марат Шарафидинов, композитор Сталбек Бактыгулов менен бул чыгарманы сахнага алып чыгуу ниетим бар.
– Анда максаттарыңыз ишке ашсын. Мае­гиңизге чоң рахмат!

Гүлнар Акылова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Барс
2010-05-25 02:13:17
Азамат! Куттуктаймын! Кудайга шугур, уучубуз куру эмес!..
0
imperator
2010-05-25 17:17:24
Чыгармачыл адамдардын талантын сыйлайбыз.Сыйлык кут болсун.Ийгиликтериниздин улануусун каалаймын!
0
mikasa
2010-05-26 10:59:24
биздин сыймыгыбызга бар болунунуз!
0
Жаку
2010-05-27 12:44:44
Кун кармаган бала деген чыгармачы менен чыкты эле, азамат. Бирок эмнеге кыргыз журтчулугуна биздин адабият тармагындагы китептер жайылбайт. бул драматургдун да чыгармаларын окугум келди.
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан