АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНЫН ЧОЛПОНБАЙЛАРЫ

Эр жигит эл четинде

Редакциябызга түрдүү маселелери менен канчалаган окурмандар кайрылышат. Бул ирет кеңсебизге үч мырза баш бакты. Учурашып, эмне суроо менен келгенин сурасак: “Жоо кеткенден кийин учурда баатырлар көбөйүп кетти...”- деп сөзүн баштады алардын бири. Бул мырзалар 7-апрель окуясынан кийин таанышышкан экен. Эмил Кыштообаев “снайперди атып өлтүрдүм” десе, Абдурайым жана Анвар мырзалар БТР айдап, Ак үйдүн үстүн көздөй ок аткандары тууралуу айтып беришти.

Кыштообаев Эмил:
“ТУУГАНДАРЫМДЫ ӨЛТҮРГӨН ЭШЕКТЕРДИ
АТТЫМ ДЕГЕНДЕН КОРКПОЙМ”
– 7-апрель мен үчүн кадимки эле күндөй башталган. Базарга барып, анан чачымды кестирдим. Бир маалда базардагылар ызы-чуу түшүп, жыйнала башташты. Эмне болгонун сураштырсам, борбордо эл толкуп, топтолуп жатканын айтышты. Бул нерсени мен деле күтүп келгем. Анткени менин өлкөмдө болуп жаткан абалга кайдыгер эмес элем. Мисалы, баарыбызга келген кымбатчылыкты айталы. Мен ширетүүчү болуп иштейм. Тапканымды светке гана төлөчүмүн. Андан башка тиричиликке каражат керек да. Ошондуктан өзүмдүн эмес, төрт баламдын келечегин ойлоп, эл чогулган жакка бардым. Эл “Форум” жакта экен. Ал жерден “Ала-Тоо” аянтын көздөй жөнөдүк.
Аянтка бет алган топтун максаты – Ак үйгө кирип, басып, элдик бийликти орнотуу эле. Мына ошол максатка жетиш үчүн күрөштүк. Милиция кызматкерлери менен тирешкенде биринин автоматын тартып алгам. Аны “смело” алып жүрдүм. Бирок ок чыгара элек болчумун. “Ак үйдүн жана “Илбирстин” үстүндөгү снайперлер куралчандарды терип атып жатышат” дегенди угуп, өзүмө сак болдум. Бир кезде ок биз тарапты көздөй атыла баштады. Карасам снайперлер атып жатышкан экен. Көк түстөгү машинага жашынып турганда калпак кийген бир байкени мээге атты. Ал “Илбирстин” үстүнөн атылганын билдик. Себеби Ак үйдөгү снайперлер машинадан бизди көрүшпөйт эле. Ошол өлтүргөн снайперден өч алгым келип, “өлүм аз болсун” деген ой менен жалданма көзгө атарларды атууну пландадым. Бир снайпер мени аңдып калды. Анын аткан октору жанып өтүп жатты. Мен качып, жашынып... Бул тажрыйбам илгери аскерде жакшы кызмат өтөгөнүмдөн болсо керек. Бир нече бала болуп бактарга жашынып барып, “Илбирстин” артына келдик. Анан бир жигит тамекисин түтөтүп туман кылганда, автоматты далысына коюп туруп мээлеп аттым. Ок снайперге тийди. Ал өйдө көздөй көтөрүлүп барып, анан жыгылып түштү.
Ошол учурда мени тааныгандар “Эмил байке, азамат, ураа!” деп жалпы кыйкырышып, “бир снайпер өлдү” дешти. Буга эл күбө. “Эми калганын жайлайлы” деп жөнөдүк.
Азыр мага “сиз снайперди аттыңыз, “адам өлтүрдүм” деп айтуудан коркпойсузбу?” деген суроолор берилет. Мен тартынбайм, коркпойм. Себеби менин бир туугандарымды, ага-инилеримди, кыргызымды атып жаткан эшектерди аткандан жана аттым дегенден эч тартынбайм. Мен аз да болсо элге кызмат кылдым деп ойлойм.

Касымов Абдурайым:
“ӨЛҮМ МЕНЕН ӨМҮРДҮН ОРТОСУНДА ЖҮРДҮК”
– 7-апрелге чейин баш калаабыздагы 48-маршруттук автобусту айдап жүрчүмүн. Ошол күнү жумуш токтоп, эл топтолгон аянтка келдим.
Келгенимде канчалаган жаш балдар, агалар, аталар окко учуп, жарадар, каза болуп жатканын көрдүм. Көз алдымда эле Жигули айдаган баланы, КамАЗ айдаган жигитти снайперлер атып өлтүрүп салышты. Анан мындайларга туруштук бериш үчүн ок тешпеген машина таап, Ак үйгө кирүүнү пландадык. Танк, БТР же БМП табуу керек болду.
Ок өтпөгөн машинаны көпкө издеп жүрдүк. Бир маалда “УКМКнын жанында БТР турат” деген маалыматты угуп калдык. Ал жерге жеткенибизде балдар короосундагы машинаны өрттөп, “Текебаевдерди бошотсун!” деп жүрүшкөн экен. Эки БТР көзүмө илинди. Мен өз максатымды билем. Кандай гана болбосун алардын бирөөсүн айдап чыгыш керек болду.
Жанымдагы Каныбек деген балага: "Сен алдыга чуркап бизди атып жаткан УККнын балдарын алаксыт. Мен ошол учурда БТРге отура калайын",- дедим. Каныбек мен айткандай астыга чуркаганда аны аткылай башташты, мен БТРге кирип, сырткы люкту жаба салдым. Зажигалка күйгүзүп от алдырып, короодон айдап чыктым. БТРге жалгыз отуруп, аянтка айдап келдим.
Аянтка жетип, башымды люктан чыгарып: "Араңарда пулемётчу, автоматчылардан барбы? Ким пулемёт ата алат? Ооган, Баткен окуясында катышкандар болгонбу?”- деп сурадым. Бир жаш жигит: "Армиядан бир курдай аттым эле",- деп БТРге кирип келди. Жарым саатча жүргүзүүгө алпурушту. Өткөргүчтөрүн туташтырып бүткөн соң мага кайрылып: "Командир, мен даярмын! Буйрукту күтүп жатам”,- деп кыйкырып калды. Ошол учурда кандайдыр башкача бир сезим пайда болду. Өзүм аскерге кызмат кылган кез көз алдыма тартылды. Делебем ушунчалык козголду. БТРди айдап барып Ак үйдүн маңдайына койдум да, балага: "Эми ата бер",- дедим.
Ал менден: “Милицияларды, аскер адамдарын атайынбы?”- деп сурады. Мен: “Жок, алар кызматын өтөп жаткан мекендештерибиз. Аларга тийбе. Сен куралды жогору көтөрүп, Ак үйдүн үстүндөгү снайперлерди ат”,- дедим. Ал бир топ эле аткылады. Анан Ак үй тараптан гранатомёт менен биз тарапты ата башташты. Эки жолкусу жаныбызга түшүп, үчүнчүсү бизге таамай тийди. БТР жерден бир метрдей так көтөрүлүп барып түштү. Башымды катуу уруп алдым. Тиги бала да оңгон жок. Ошондо аккумулятор иштебей калган экен. Октон жашынып чыгып, балдарга аккумулятор керектигин айтсам, Анвар Орунбаев деген жигит таап келди. Анвар БТРге “жан киргизип”, кайрадан ата баштады. Ошентип, ал күнү өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрүп, Кудайдын колдоосу менен аман калдык.
Биз муну жеңиш деп эсептейбиз. Ошол кезде биздин кылган эмгекти башка бирөөлөрдүн “мен кылдым” деп айткандары өкүндүрөт. Кээ бирөөлөрдүн “мен баатырмын” деп кызматка да ээ болуп алышканын уктук. А биз эч кандай кызмат талашпай, “Каркыра” партиясын түзүп, жарадар болгон мекендештерибиздин укугун коргоп, чуркап иштеп жүрөбүз. Алардын арасында Анвар, Эмил да бар.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
таалай
2010-05-24 14:09:51
азаматсынар армияга баргандын пайдасы
0
Dooron
2010-05-24 15:28:56
Tuura armiyaga bargandyn paidasy.
0
kyrgyzka
2010-05-25 05:37:34
Ойдого которулуп барып анан жыгылдыбы ее кудум кинодогудай болгон тура а.
0
Jekintay
2010-05-25 09:13:55
Мен болгондо да элим учун ушулардай кызмат кылаар элем. Бирок сиздердей азамат жигиттерди чыныгы патриот десе болот. Молодцы!
0
imperator
2010-05-25 17:12:34
Жакшы иш жасаптырсынар чындыгында.Бирок,мен аттым эл кубо дегенине караганда ошол нерсени далилдеп теренинде бир нерселерге илешсек деген ой бар.Баатырдыкты кыл,бирок,сен озунду эмес,сени эл бааласын эгер ошолорду аткарган болсон.Карап корсонор баары эле милдет кылып "мен баатырмын" деп кызмат алып атышат.А булардын билими кандай,тажрыйбасы кандай суралбайбы.Анан ушинтип онугушубузду кутуп атасынарбы.Ошол 86 баланын деле чындап чыркырап элдин таламын талашып "шейит" кеткендери деле будомук.Бизди
0
jerkin
2010-05-26 12:46:01
Калпты дагы эби чени менен айтсанар болмок. Кыялынардагы жомокту жазыпсынар го. Кыскасы ишенбейт эл.
0
rai
2010-05-27 12:22:47
jerkin, мүмкүн бул адамдар чындыкты айтышкандыр. сиз ошол чакта уйунуздо отурсаныз, булар ошол учурда болуп жаткан кырдаалга кайдыгер карабай, курошуунун аракетинде журушту да... ошондой аракет менен жургондордун канчасы омурун берди,канчасы жаракат алды... сиз учун бул окуя жомок болсо, бул инсандар учун чындык эле болсо керек!!!
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан