АЮУНУ ЭМИП, АМАН КАЛГАН КИШИ

Чаткал дарыясынын ылдыйкы агымындагы тоолордун койнунда Мискен, Теке-жаңгак аттуу айылдар бар. Бул айылдар Өзбекстанга караштуу болгону менен илгертеден кыргыздар мекендейт. Сиздерге баяндай турган окуя Мискендик Далыбай аттуу адамдын кандайча үңкүрдө калып, аюуга эмне үчүн бала болгондугу, туткундан кантип кутулгандыгы тууралуу болмокчу.

Өткөн кылымдын 30-жылындагы ачарчылыкта айласы кеткен Мискендик эл жабыла мергенчиликке чыга баштаган экен. Ал кезде айылда бирин-серин гана түтөтмө мылтык болот. Ошондуктан, көпчүлүк колдоруна таяк, шиш, добулбас (кайыш барабан) алып, кар бир-эки жааганда мергенчиликке аттанып чыгып турат. Тоо эчкилерди топ-тобу менен көчкү жүрөөр тик бетке айдашат. Көчкү баскан тоо эчкилердин кээсин ит менен издетип таап артынып кетишсе, мөңгүнүн тереңинде калгандары жазгы үзүмчүлүккө калчу экен. Көрсө, тоо эчкилердин эти жазга чейин бузулбай, муздаткычтагыдай сакталчу тура.
Ошондой бир аң уулоодо тоо эчкилер менен кошо Далыбай аттуу киши көчкүнүн астында калыптыр. Мискен айылындагылар аны өлдү деп эсептешип, куран окутуп коюшат.
Далыбай болсо ажалы жок экен, эсине келип, бир чоң асканын түбүнө кептелип, карга терең көмүлүп калганын сезет. Баш кийими кайда түшкөнү белгисиз. Эки күн тырмалап карды казып отуруп, узун үңкүргө туш келет. Анда үңкүрдү чээнге айланткан чоң аюу жаткан болот. Жанында энесине жабышып, жаңы туулган эки мамалагы да бар болуп чыгат. Далыбай нары-бери карап, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк жок экендигин түшүнөт. Белинде оролгон жоолуктагы наны ошол бойдон жүргөн экен, аны үнөмдөп жеп, бир жумага жеткирип өлбөстүн күнүн өткөрөт. Наны түгөнгөн соң аргасы кетет. Ачкадан өлгүчө деп тобокел кылып, мамалактарга кошулуп аюуну ээмп көрмөк болот. Бирок, сасык жытынан жийиркенип даабайт. Баары бир ачкачылык кысып келгенде аргасыз аюуну эме баштайт. Үңкүрдүн ичи жылуу болгондуктан, Далыбайдын денсоолугуна көп зыян келбейт. Уктап жаткан аюу ар аптада бир жолу бир эмчеги бошогондо экинчи жагына оодарылып жатат. Аргасыз туткунда калган Далыбай эриксе мамалактар менен ойноп, кааласа кар жеп семире баштайт. Шишикпи же аюунун сүтүнүн күчүбү, айтор, көйнөгү батпай айрылып калат. Үч- төрт айдын ичинде мамалактар чоңоюп, Далыбайга бир туугандай үйүр алып калышат.
Өлбөгөн кулга жаз да келет. Аюу ойгонуп өзүнүн жыты сиңип калган Далыбайга тийбейт. Сезиминде муну да мен туудум деп ойлогонбу же башка сыры барбы, Далыбайга кол салбайт.
Далыбай аюулар менен кошо сыртка чыгып, алар менен кошо чөп-чар жеп, түндө кайра үңкүргө келип жатып жүрөт. Бир аз кубатына киргенде айылына качып кетүүгө аракет кылат. Бирок, Далыбайды үйбүлө мүчөсүн­дөй көрүп калган аюу кадимкидей кайтарып жибербей коёт. Бир ирет аюулар менен кошо «жайылган» Далыбай тоонун этегинде жалгыз жайгашкан боз үйдү, жана боз үй жакка бастырып бараткан атчанды көрөт. Канча убактан бери адамды көрбөгөн Далыбай кадимкидей эрээркеп ыйлайт. Аюуга билинбей секин жылып жөнөгөндө аюу анын кыймылына көз салып турганбы, күрүлдөп Далыбайдын алдын тороп, жибербей коёт. Азыр аюунун ою менен болбосо, аюу кокустукка кептелтеби деп чочулаган Далыбай жерди бир муштап кала берет. Бирок, түнү менен үйбү­лөсү, ата-энеси элестеп, таң атканча кирпик ирмебей азаптанат.
Ошондон көп өтпөй Далыбай амалын таап аюуга көрүнбөй Мискенди бет алып качып жөнөйт. Айылга 2-3 чакырым калганда жайылып жаткан кой-эчкилерге кез болот. Сакалы, чачы аябай өсүп, шыбоо сыяктуу буркурап сасыган Далыбайды көргөн койчу малын таштап айылга качат. Аңгыча айылдын эркектери согушка аттангандай колдоруна мылтык, таяк, бакан көтөрүшүп, Далыбайдын алдынан чыгышат.
– Ой, атпагыла, мен Далыбаймын. Үңкүрдө кыштап келатам,- деп үн салат.
– Коё тургулачы, бул жин-шайтан эмес эле адам окшойт. Сурап билели,- деген чечимге келет көпчүлүк.
– Ай, адам болсоң атың ким? Кайсы уруудансың? Кимдин баласы болосуң? Аялыңдын атын айт,- деп алыстан кыйкырып сурашат.
Аягында Далыбай экендигине көздөрү жеткен соң жакын барып көрүшүп:
– Ой, түрүңдү урайын, жапайы киши, кийиктей болгон! Сен бул жерде күтө тур, айылга барсаң бул турпатыңдан бала-чака, аялдар коркот. Жуунуп, өзүңө келип анан бараарсың,- деп күлүшөт.
Жигиттер тез арада айылдан чоң казан, кийим-кече, самын, кайчы, устара алып келишип, Далыбайды мурдагы келбетине келтирип туруп айылга алып барышкан экен.

Чаткалдын Көксай айылынын
жашоочусу Рахманкул мергенден жазып алган Нурбек Эшалиев


ДӨБӨНҮН ЭЭСИ

Бул окуя Аксы районунун Акдөбө айылында болуп өткөн. Айыл четинде илгери “Чечен- дөбө” деген боло турган. Минтип айтылып калышынын себеби, 1943-жылы Кавказдан сүргүн болуп келген чечен ошол жерден жер кепе казып жашаган экен.
СССР кулагандан кийин жер менчиктерге бө­лүн­гөндө “Чечендөбө” айылыбыздагы Арзымат деген кишинин бойго жеткен баласынын энчисине тийди. Жер тилкесин кеңейтүү үчүн дөбөнү тегиздөө керек болот. Жер ээси дөбөнү каздырып, топурагын элге сатууну чечет.
Ошол күнү акыга жалданган Талантбек эксковатору менен дөбөнү казып, эртеден кечке машиналарга топурак жүктөйт. Шоопурлар топуракты элге сатып келип турушат. Дөбөнү казып жаткан Талантбектин кулагына онтогон, бакырган үндөр угула баштайт. Бирок, акчага кызыккан ал буга анчалык көңүл бура бербейт. Кечке чейин жумуш бир мүнөт да токтобойт.
Күн уясына жашынып, караңгы түшөт. Топурак ташыган машиналар улам суюлуп, акырында жалгыз машина калат. Шоопуру : «Мен бирөөгө дагы бир рейс топурак алпарам деп убада берип койдум. Мен кайра келгиче кетпей күтө турчу»дейт. Талантбек макул болот. Машина жүрүп кетет. Абдан чарчаган Талантбек эксковаторун өчүрбөй эле жерге түшүп, ары-бери басып тамекисин түтөтөт. Аңгыча эксковаторунун мотору өзүнөн-өзү өчүп калат. Талантбек аны жүргүз­мөккө канча аракет кылса да жүрбөйт. Чарчап, тердеген Талантбек жерге түшөт. Бир нерсени сезгенсип, денеси калтырап барып эксковатордун сузгусуна көзү урунат. Караса, сузгунун ичинде аппак көйнөк, ыштанчан, куудай сакалы белине түшкөн, узун бойлуу, ак селдечен бир абышка отурган экен. Кабагы салаңдап, капалуу экендиги байкалат.
Талантбектин жүрөгү козголуп, эси ооп кулайт. Ошол абалда жатканда баягы шоопур келип, аны үйүнө жеткирет. Бир жума өтпөй эле Талантбек каза болот.
Ал эми дөбөнү тегиздетүүнү уюштурган Арзымат аке да кийинчирээк катуу ооруга чалдыгат. Ошол жер тилкеси кийин бирөөгө сатылган дешет.

Капарбек Сөлпүев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан