МУЗ ҮСТҮНДӨ МАХАБАТЫНА ЖОЛУККАН НАВКА

Беш жашында коньки менен таанышкан Татьяна Навка отуз жылдан бери муз айдыңында жашап келет. Жалаң "5ке" окуган "отличница", Олимпиада чемпиону жана кайрадан муз үстүндө махабатына жолуккан сулуу айым жөнүндө сүрөт баян курабыз.

Александр Жулинге болгон сүйүүсү муз үстүндө башталган. Аны менен беш жыл жарандык никеде жашап, АКШда расмий түрдө 2000-жылы баш кошушат. Ушул эле жылы кыз төрөп, атын Александра коюшат. Татьяна 2010-жылы 35 жашка толгондо жолдошу «туулган күнүң менен» деп ажырашуу арызын «белекке» берди.

Кичинекей Таня Елена Водорезованын муз үстүн­дө бийлеп жаткандыгын телевизордон көрүп, ата-энесинен коньки сатып берүүнү суранат. Танянын спорттук жашоосу ушундайча башталган.

«Жылдыздар муз үстүндө» программасында Татьяна Навка актёр Марат Башаров менен бийлеп жүрүп, өнөктөштүк мамилеси сүйүүгө айланат. Татьянага муз айдыңы кайрадан сүйүү тартуулайт. Бирок азырынча жарашыктуу бул жуптун расмий түрдө баш кошору белгисиз.

2002-жылдан баштап Александр Жулин Татьяна Навка менен Роман Костомаровду машыктырып, жыйынтыгында алар 2006-жылы Туринде өткөн Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алышкан.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан