«КЫЗ БАЛА МУРАСКЕР БОЛО АЛБАЙБЫ?»

Окурмандардан келген суроолорго юрист Калыйнур Батыралиев жооп берет.

– Саламатсыздарбы, менин ата-энемдин үйүн алардын көзү өткөн соң атамдын бир тууган карындашынын талашууга укугу барбы? «Сен кызсың, мураскер боло албайсың» деп үйүбүздү талашып жатат. Анын 3 үйү, жалгыз уулу, 3 кызы бар. Чоң энемдин өзүнүн үйү бар. Ата-энем салган үйдү энем "сеники" десе деле болбой, эжем энемди өзүнүн таламын талашууга үндөп жатат. Эжемдин максаты – ата-энем салган үйдү жең ичинен атамдын инисине сатуу. Ата-энемдин уул баласы жок деген шылтоо менен үйдү өздөрүнө жаздырып алса болобу?

Нургүл, Баткен шаары

– Атаңыздын карындашынын үйдү талашууга укугу жок. Себеби Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1142-беренесине ылайык, маркумдун ата-энеси, келинчеги жана балдары биринчи кезектеги мураскерлер болуп саналышат. Алар жок болгон учурда гана бир туугандары мураскер катары чыга алат. Маркумдан калган буюмдар же мүлктөр биринчи кезектеги мураскерлерге (маркумдун ата-энеси, келинчеги жана балдарына) тең бөлүнөт. Мыйзамда кыз же уул деп бөлүнбөйт, баары мураскер деп аталат. Чоң энеңиздин өзүнүн үйү болсо дагы баласынан калган үйдүн өзүнө тиешелүү бөлүгүн алганга укугу бар, ал эми эжеңиздин укугу жок. Атаңыз каза болгондон кийин 6 айлык мөөнөттү өткөрбөй мамлекеттик нотариуска мурасты кабыл алууга күбөлүк алуу үчүн арыз жазууңуз керек, антпесеңиз мөөнөттү өткөрүп жибересиз.

«МАШИНАМДЫН АКЧАСЫН ТОЛУК БЕРБЕЙ ЖАТАТ. WHATSAPP`ТАГЫ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ДАЛИЛ БОЛО АЛАБЫ?»
– Мен Тойота Виш үлгүсүндөгү унаамды шылуундарга алдырып жибердим. Машинаны 3500 долларга баалагам. Алган адам анын 2 миңин берип, калган 1500 долларды 1 айда берем деген боюнча качып жүрөт. Менин кемчилигим – тил кат (расписка) жаздырып албаптырмын. Бирок WhatsApp`та жазышкан сөздөрүбүз, алдап кеткен баланын сүрөтү бар, булар далил болуп бере алабы? Ушул маселе боюнча кимге кайрылышым керек, акчаны өндүрө аламбы?

Талант, Ат-Башы району

– Тактай кетчү маселе, кандай келишимдин негизинде саттыңыз эле? Эгер машинаны анын наамына келишим аркылуу каттап өткөрүп берген болбосоңуз, техникалык паспорт боюнча ээси сиз болсоңуз, анда машинанын мыйзамдуу ээси сиз болуп саналасыз. Бул учурда машинаны башка бирөөнүн мыйзамсыз колдонуусунан кайтарып алуу тууралуу сотко арыз менен кайрыласыз. Бирок ал берген акчаны кайрып бересиз.

«КАЙЫН СИҢДИМ БАЛАМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ҮЙДӨН КУУП ЧЫКТЫ»
– Мен Оштон болом. Жолдошум менен ажырашып кеткем, ортодо бир балабыз бар. Кайын сиңдим үйдү талашып, мени акеси менен жашатпай кууп чыккан, айла жок төркүнүмө келе бергем. Жолдошум алимент төлөбөйт, ата-энем берген септи да кайра бербей жатышат. Балабызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк да алган эмеспиз, ошондуктан ооруп калганда ооруканага алып барсам карашпайт. Балам экөөбүз кыйналып жашап жатабыз, эмне кылсам болот?

Гүлшайыр, Ош шаары

– Сиздин маселеге бир нече жооп бар:
1. Эгерде алимент өндүрөм десеңиз, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, анда атасы ким экендиги көрсөтүлүшү шарт. Ал эми күбөлүк алуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу медициналык тактама (төрөт үйүнөн аласыз) керек.
2. Эгер атасы өзүн баланын атасы катары көрсөтүүдөн баш тартса, аны сот аркылуу аныктоо керек.
3. Атасы ким экенин мыйзамдуу түрдө тактаган соң атасынан алимент өндүрүүгө болот.

«БАЛДАРДЫН АПАСЫ ЖОК БОЛСО ДЕЛЕ АНЫ ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТСА БОЛОБУ?»
– Менин агам каза болгон, артында 3 баласы калды, аларды ата-энем багат, баары мектепте окуйт. Жеңем турмушка чыгып кеткен, быйыл 3 жыл болот. Сурайын дегеним, жеңем балдардын жөлөк пулун (пособие) өзү алат, телефон чалып сурап да койбойт. Балдарды кантип өзүбүзгө жаздырып алсак болот? Балдардын апасы жаныбызда жок болсо деле аны энелик укуктан ажыратууга мүмкүнбү?

Асел, Кант шаары

– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексинин 74-беренесине ылайык, өз милдеттерин аткарбай жаткан учурда ата-энелик укугунан ажыратса болот. Энелик укуктан ажыратуу боюнча маселени сот карап чечет. Соттун ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу чечиминде бала кимге (опекун) берилип жаткандыгы тууралуу көрсөтүлүшү керек. Эгер камкордукка алчу киши белгилене элек болсо, бала Балдарды жана үй-бүлөнү коргоо боюнча органга берилет. Эгер баланын туугандары камкордукка алуучу катары белгиленген болсо, ушул учурда гана бала туугандарына берилет. Камкордукка алуучу адамды белгилеп алган соң энесинин баласына карабай жаткандыгы тууралуу так далилдерди топтоп жана жөлөк пул алып жаткандыгы тууралуу дагы далилди тактап, анан сотко кайрылууга болот.

«ЖОЛДОШУМ МЕНИН МАКУЛДУГУМСУЗ КЫЗЫМДЫН ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТӨ АЛАБЫ?»
– Күйөөм менен ажырашып кеткем, кызым бар. Кызым менин фамилиямда, эми атасы өзүнүн фамилиясына өткөзөм деп жатат. Мен буга каршымын, менин макулдугумсуз жолдошум өзүнүн фамилиясына өткөзүп ала алабы?

Бермет, Ош шаары

– Жолдошуңуз сиздин макулдугуңуз жок баланын фамилиясын өзгөртө албайт.
Бул маселеге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 64-беренесинде «Жашы жете элек 16 жашка чейинки балдардын фамилиясын ата-энеси фамилиясын өзгөрткөндө же экөөнүн бирөөсү фамилиясын өзгөрткөндө, же ата-энесинин экөөнүн тең суранычы менен ЗАГС органдарынан өзгөртүүгө болот» деп жазылган.

«ЖЕРИБИЗДИ ИЖАРАГА АЛГАН АДАМ АНЫ ӨЗҮНӨ КАТТАТЫП АЛЫПТЫР...»
– Бизде үлүш жер бар эле, атам 20 жылга ижарага берген. Ижара убактысы бүтөрүнө 1 жыл калган. Нотариус аркылуу алдым-бердим кылганбыз, бирок ижарага алган киши кызыл китепти сурап алып калган. Нотариустун оригинал барагы бизде, биз китепти сурап барсак, жерди өзүнө каттатып алыптыр. Кантип кайтарып алсак болот?

Эльнура, Ысык-Ата району

– Эгер сиздер жерди ижара келишими аркылуу колдонгонго берсеңиздер, ижарага алган киши кандай жол менен өзүнө каттатып алды, ошону такташыңыз керек. Ал киши кандайдыр бир келишим аркылуу же соттун чечими жана башка ушу сыяктуу укукту бекитүүчү документтер менен өзүнө каттап алышы мүмкүн. Бул жөнүндө маалыматты, ижарага берген жер кайсы районго караса, ошол аймактын Мамлекеттик каттоо органынан ала аласыздар. Эгер каттоону чын эле укук бузуу менен болгон деп ойлосоңуздар, анда сотко укукту бекитүүчү документтерди жокко чыгаруу маселеси менен кайрылсаңыздар болот.

 

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aizirek...
2017-12-13 13:27:00
Менин балам да менин фамилямда эле. Менден сурабай эле менин паспортумду алып барып мен кол койчу жерлерге кайненем кол коюп өзгөртүп коюшуптур го.
+5
zamir_kgz
2017-12-14 18:10:08
aizirek...,эчтеке болбойт сенда кайнене болосун ошондо тушуносун, ананда кыз турмушка чыкканда да атасынын фамилиясында калуусу керек. Бул салт - санаа - ислам шариятынын шайкештиги
+2
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА