Технологиянын өнүгүшү адамзаттын жашоосуна бир кыйла өзгөрүүлөрдү алып келип жатат. Жаңы инновациялардан улам учурда көпчүлүк нерсе компьютердин жардамы менен ишке ашып калды. Эмки кезек акчага жетти. Алардын ордун эми криптовалюта – электрондук каражаттар ээлеп баштады.
ЖАРАЛЫШЫ
Криптовалютанын жаралышы 2008-жылы дүйнөлүк финансы каатчылыгынан башталган. 2009-жылдын 9-январында биринчи криптовалюта биткоин жана анын электрондук капчыгы интернет тармагына чыккан. Анын ойлоп табуучусу Сатоши Накомото деген бир эле адам же ушундай ник менен бир канча адамдардан турган топ айтылат.
КРИПТОВАЛЮТА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Криптовалюта – бул санариптик валюта. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул компьютердеги электрондук акча. Анын бирдиги – "коин".
Криптовалютанын өзү татаал коддордон турган санариптик маалыматтар. Аны интернет тармагынан табуу үчүн атайын алгоритмдерди эсептеп чыгып, тыйынды табууга болот. Тыйын табылып сизге таандык болгон учурда ал блокчейнге криптовалюта сакталуучу жеке капчыкка түшөт. Муну менен атайын программа менен жабдылган жана кубаттуу компьютери бар ар бир каалоочу колдонуп, криптовалютаны издей алат. Криптовалюта боюнча иш алып барган компаниялар аларды интернет тармагына коё берип турат.
БААСЫ КАНЧА?
Биткоинден башка лайткоин, нубитс, нэймкойн, пиркоин, рипл жана башка криптовалюталар бар. 2010-жылы биткоинди биржалык фонддордун бири кадимки акчага которуп, трейдерлердин кызыгуусун жараткан. Ошондон бери биткоиндин баасы көтөрүлүп отуруп, учурда бир биткоин тыйындын баасы 7-декабрга карата 11 850 долларды түзсө, эң арзан криптовалюта 1 долларга жетпеген баада.
НЕГИЗГИ КАДАМ
Электрондук акчанын реалдуу товар менен алмашуусу 2010-жылы май айында катталган. Америкалык Ласло Хенч тамаша иретинде 2 пицца үчүн 10 миң биткоин берип, төлөөнү ишке ашырган. Бул сыртынан жөнөкөй төлөм катары көрүнгөнү менен, криптовалютанын реалдуулукка карай таштаган негизги кадамы. Ушундан тарта криптовалюта менен төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүн экендиги анык болуп, электрондук акчанын өнүгүүсүнө жол ачкан.
КАНТИП АКЧАГА АЛМАШТЫРАТ?
Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөрдө криптовалюталарды банкоматтарда кадимки акчага алмаштырууга мүмкүн. Ошондой эле интернет-дүкөндөр, кызмат төлөмдөрдү биткоин аркылуу төлөп, ишке ашырыла баштады.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
Ачыктык. Криптовалютанын капчыктары кандай гана төлөмдөр же операциялар болбосун алардын тарыхынын баарын сактайт.
Коопсуздук. Криптовалютанын жасалмасын жасоо мүмкүн эмес.
Көз карандысыздык. Банктар жана салык кызматкерлери криптовалютанын кыймылын көзөмөлдөшпөйт. Криптовалютанын жүгүртүлүшү мамлекеттин карамагында эмес.
КЕМЧИЛИКТЕРИ:
Укуктук статусу белгисиз. Кээ бир өлкөлөрдө криптовалютага толугу менен тыюу салынса, кээ биринде колдонууга сунушталбайт.
Көмүскө экономикада колдонуу. Кылмышкерлер криптовалютаны өз ара алыш-бериши үчүн колдонушу мүмкүн.
Анын реалдуу баасы жок. Криптовалюталардын баасы бир дагы валюта же башка актив менен байланган эмес.
БИТКОИН ТУУРАЛУУ
Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – бул биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет. Компаниянын негизги куратору Гэвин Андерсендин айтымында, биткоиндин башкы максаты – интернет тармагында коопсуз, туруктуу каражатты түзүү. Аталган компаниянын айтымында, 2031-жылга чейин 21 миллион биткоинге жеткенде аны чыгаруу токтотулат. Учурда 15 миллионго жакын биткоин интернет тармагына коё берилген жана алардын ээлери бар.
ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАДАН АЙЫРМАСЫ КАНДАЙ?
Азыркы электрондук акча (электрондук капчыктагы каражат) менен криптовалютанын айырмасы чоң. Электрондук акчага банк же терминалдан кадимки акчаны төлөө менен гана ээ боло алабыз, ал эми криптовалюта бир гана интернет тармагында. Ал бир дагы кадимки акча менен, бир дагы мамлекеттик валюталык систем менен байланышы жок. Криптовалюта көзгө көрүнбөйт дагы, колго кармалбайт дагы, бул түз маанисинде эле электрондук каражат.
КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?
Криптовалютанын келечеги жок деген пикирди көптөгөн адистер айтышканы менен, ал күндөн күнгө ордун бекемдеп баратат. Бул нерсени 1990-жылдардагы интернет жаңы өнүгүп келе жатканы менен салыштырышууда. Анда да көпчүлүк интернет технологиянын заманы келет дегенге ишенишкен эмес. Биткоин учурда дал ушундай мезгил сыноосунан өтүп жаткан убагы. Алгач кичинекей жана анча кирешелүү эмес компаниялар криптовалюта менен иштеп келген болсо, учурда дөө-шаа компаниялар криптовалюта менен иштегенге киришишти. «Азыркы убакытта адамзат биткоинге даяр эмес, бирок келечекте кадимки акчалардын ордун криптовалюталар алмаштыра турган мезгил келе жатканын танууга болбойт»,- деп белгилешет адистер.
ДҮЙНӨДӨ
Учурда дүйнө жүзү криптовалюта менен "ооруп" жаткан кези. АКШ биткоинди толугу менен тааныган өлкөлөрдүн сап башында турат. Евробиримдикте криптовалюталар интернет аркылуу төлөө системи катары бааланса, Японияда 2016-жылдан тарта мыйзамдуу түрдө төлөө каражаты. Ошондой эле Дания, Түштүк Корея, Канада, Улуу Британия биткоинди мыйзамдуу түрдө тааныган.
Ал эми Кытай, Бангладеш, Боливия, Эквадор, Исландия, Индия, Орусия, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдө криптовалютаны пайдаланууга тыюу салынган.
КЫРГЫЗСТАНДА
Өлкөбүздө криптовалюта мыйзамдуу түрдө төлөө системи катары таанылбайт. Ушул жылы жайында интернет айдыңында Кыргыз өлкөсү криптовалюта чыгарат деген маалымат тараган, бирок бул маалымат өкмөт тарабынан жокко чыгарылган. Бирок Бишкекте биткоин-банкоматтарды кездештирүүгө болот. Алсак, шаардын ресторандарынын биринде биткоин менен төлөсө болот. Мындан тышкары интернет-дүкөндөр да биткоин менен төлөм кабыл алып баштаган.
УЛУТТУК БАНК ЖООП БЕРЕТ:
– Биткоин интернетте текшерүүсүз жүргөндүктөн эч бир мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлгө алынбайт. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча өлкөдө төлөмдөрдү ишке ашыруучу жалгыз расмий бирдик – бул сом болуп эсептелинет. Улуттук банкта азыркы учурда жарандар арасындагы жүгүртүлүшүндө канча биткоин бар экендиги тууралуу маалымат жок. Криптовалюта виртуалдык жүгүртүлүүдө болгондуктан, демек, ал глобалдык деңгээлде. Муну менен катар Улуттук банк эл аралык тенденцияда болуп жаткан криптовалютаны байкап, бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
Каржы боюнча серепчи жана блокчейн адиси Назик Чоноева өлкөбүзгө алгачкы биткоиноматты алып келип, криптовалютаны жайылткандардын бири.
– 2014-жылы жолдошум Эмануэле Коста экөөбүз Бишкекке биткоиномат алып келип, шаар тургундарына тааныштырып, ошондон тарта өлкөдө биткоинге болгон кызыгуу башталган. Криптовалюта актив катары таанылып, анын келечеги кең болуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде каралуусу керек деп ойлойм. Криптовалюта колдоого алынса көптөгөн инвестицияларды тартууга, жаңы компаниялардын ачылышы менен экономикага оң таасирин бере алат. Муну менен инновациялык борборго айлануусу толук мүмкүн.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg