«Жамгыр төктү», «Кызыл гүл менмин кызыл гүл» деген кыргыз ырларын ырдап, Кыргызстанда өз күйөрмандарын чогултканга жетишкен белорус кызы Юлия Руцкая менен тааныштырабыз.
Юлия 1981-жылы 14-майда Белоруссиянын Витебск шаарында төрөлүп, беш жашынан тартып Бишкекте өскөн. Хоббиси: фотоаппарат менен жаратылыштын кооздугун тартуу. Ордо калаабыздагы Борбордук Азиядагы Америкалык университетти бүтүргөн. Учурда шаардагы жеке фирмалардын биринде иштейт.
– Юлия, кандайча кыргыз тилинде ырдап калгансың?
– Мага кыргызча ырда деп эч ким түрткү болгон эмес. Кыргызстан экинчи мекеним болгондуктан, кыргыз тилин да өз тилимдей көрөм. Андыктан, кыргыз тилинде ырдап калганыма өзүмдүн каалоом түрткү болгон.
– Кыргыз тилинде ырдаган ырларыңдын мазмунун толук түшүнөсүңбү?
– Кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албасам да түшүнөм. Ошондуктан, ырды тандоодо алгач мазмунуна көңүл бурам. Жаңы жаздырганы жаткан «Күттүрбө» деген ырды да мазмунуна карап тандап алдым.
– Кыргызстандын атынан конкурстарга катышкансыңбы?
– Мен өзүм төрөлгөн Витебск шаарында өткөн «Славян базары» конкурсуна Кыргызстандын атынан баргам. Эстонияда өткөн «Эл аралык улуттук ырлар» конкурсуна жана «Эду» (кыргызча «Ийгилик») фестивалына барып катышып келгем. Андан сырткары, Москвада өткөн «Браво Азия» фестивалынын катышуучусумун. Бишкекте өткөн «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген конкурста кыргыз тилинде ырдап, 1-орунду алгам.
– Репертуарыңда дагы кайсы тилдеги ырлар бар?
– Англисче, испанча, орусча ырлар бар.
– «Кызыл гүл менмин кызыл гүл» ырыңдын клибинде белгилүү казак актёру Тахир Ишметов башкы каармандын ролун аткарат экен. Кандайча аны менен иштешип калдың?
– Бул ырдын клибинин режиссёру – Казакстанда да, Кыргызстанда да аты таанылып калган Азарио Майнтеги. Азарио актёр Тахир Ишметов менен көп жылдан бери иштешип, жакшы тааныштардан экен. Ошонун сунушу менен клипке Тахир тартылып калган. Андан сырткары, клипте он беш актёр тартылган.
– Ата-энең жөнүндө айта кетсең?
– Ата-энем өзүм менен кошо Бишкекте турушат. Апам музыкага жакын адам, тагыраак айтканда, фортепьянодон сабак берет. Ал эми атам чыгармачылыктан алыс. Учурда жеке ишкер.
– Кайда эс алууну жактырасың?
– Досторум менен жаратылышка чыгып, таза абада эс алууну жакшы көрөм. Кээде жигитим экөөбүз ресторан же кафеге барып эс алып келебиз.
– Жигитиң ырдаганыңа кандай карайт?
– Жигитим түшүнүктүү. Ырдаганыма каршы эмес, тескерисинче, колдоп, жардам көрсөтүп турат.
Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова