БАНКТЫК ТОБОКЕЛДИКТЕР ЖАНА БАНКТЫК КӨЗӨМӨЛ

Коммерциялык банк экономиканын рынок шарттарында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өзүнүн капиталын көбөйтүүнү же башкача айтканда, өзүнүн наркын жогорулатууну көздөйт. Ошондуктан банкка өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу келип чыгуучу тобокелдиктерден сырткары да башка күткөн-күтпөгөн, ички-тышкы тобокелдиктер таасир этүүсү толук ыктымал. Банктык тобокелдиктерди жана анын маанисин (теориясын) түшүнүү үчүн төмөнкүдөй суроого жооп берүү зарыл:

БАНКТЫК ТОБОКЕЛДИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Банктык тобокелдик – бул банктын белгилүү бир финансылык операцияларды аткаруу учурунда өз ресурстарынын же бөлүгүн жоготуп алуу, пайда албай калуу же кошумча чыгымдарга учуроо ыктымалдуулугу, тагыраак айтканда, ишмердүүлүккө кандайдыр бир коркунуч болуп саналат.
Учурда активдүү өнүгүп жаткан банк рыногун тобокелдиктерсиз элестетүү кыйын. Анткени тобокелдик банктын ар кандай операцияларында болот, бирок ар кандай өлчөмдө жана ар түрдүүчө компенсацияланат. Банк ишмердүүлүгүнүн маңызы болуп, тобокелдиктен качуу эмес, тобокелдикти алдын ала байкоо жана аны минималдык деңгээлге чейин түшүрө билүү болуп саналат.
Тобокелдик – чыгашага учуроо деген түшүнүк менен бирге эле, чыгымга учурабай калуу ыктымалдуулугу да болуп калышы мүмкүн, башкача айтканда, чыгаша эмес пайда алуу мүмкүнчүлүгү (пайда тобокелдиги). Банктар коммерциялык ишкана катары, көбүрөөк пайда табууну көздөшөт. Бирок бул умтулуу чыгымдарга учурап калуу тобокелдиги менен чектелет. Күтүлүп жаткан пайда канчалык чоң болсо, тобокелдик да ошончолук чоң. Банктын кирешелүүлүгү менен тобокелдигинин ортосундагы байланыш жөнөкөйлөтүлгөн вариантта, түз көз карандылыкты чагылдырат десек болот.
Банктык операциялардын тобокелдигинин өзгөчөлүгү банктын кардарларынан объективдүү же субъективдүү түрдө алган тобокелдиктердин деңгээли менен аныкталат. Банк кардарлар менен иштөөдө кардардын ишмердүүлүгүндөгү тобокелдик канчалык жогору болсо, банк ошончолук жогору тобокелдикти күтөт. Банктар акча рыногундагы убактылуу бош жаткан акча каражаттарды тартуу менен аларды ар түрдүү активдерге жайгаштыруу (кредиттерди да кошкондо) боюнча банктык операциялар коммерциялык банктардын кардарларынын финансылык абалынын туруктуулугунан, акча рыногундагы абал жана ошондой эле бүтүндөй мамлекеттин экономикасынан өзгөчө көз каранды экендигин шарттайт. Белгилей кетчү нерсе, банктык тобокелдикти баалоодо маалыматты топтоо жана аны туура анализдөө негизги орунду ээлейт. Ушул этаптан кийин гана банкка потенциалдуу чыгым алып келүүчү факторлорду аныктоого жана тобокелдикти өлчөөгө болот.

БАНКТЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ КЛАССИФИКАЦИЯЛОО
Банктарды көзөмөлдөөчү Базель комитетинин банктын активдеринин жана пассивдеринин балансын бузууга жөндөмдүү тобокелдиктердин классификациясы негизинен төмөнкүлөр деп белгилейт:

► Кредиттик;
► Рыноктук;
► Операциондук;
► Мамлекеттик;
► Стратегиялык;
► Ликвиддүүлүк;
► Репутациялык.

Тобокелдиктердин бардык түрү бири-бири менен тыгыз байланышкан жана банктын ишмердүүлүгүнө таасир этет. Тобокелдиктер шарттуу түрдө 2 түргө бөлүнөт: таза жана спекулятивдүү.
Тобокелдиктерди башкарууну уюштуруудагы эффективдүүлүк аны туура классификациялоодон көз каранды. Тобокелдиктерди классификациялоо деп белгилүү максатка жетүү үчүн тобокелдиктерди белгилерине жараша конкреттүү топторго бөлүү болуп саналат. Банктар өз ишмердүүлүгүндө тобокелдиктердин ар кандай түрлөрүнө дуушар болушат. Банктык чөйрөнүн кеңдиги, банктык продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көп түрдүүлүк шарттарында, жогоруда белгилегендей банктык тобокелдиктерди классификациялоо зарыл.
Коммерциялык банктын чөйрөсү сырткы макрочөйрөнүн таасири астында, ошондой эле банктын ички микрочөйрөсүнүн шарттарында калыптанганына байланыштуу тобокелдиктердин таасир этүү чөйрөсү сырткы жана ички деп бөлүнөт. Тиешелүү түрдө сырткы тобокелдиктерди таасир этүү чөйрөсүнүн кеңдигине жараша, ал эми ички тобокелдиктерди банктык операциялардын мүнөзүнө, татаалдыгына жана коммерциялык банктардын түрүнө жараша топтоштурууга болот.

УЛУТТУК БАНКТЫН ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ТЕСКӨӨ БОЮНЧА ТАЛАПТАРЫ
Улуттук банк регулятор катары коммерциялык банктарга тобокелдиктерди тескөөдө милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон минималдуу талаптарды аныктайт жана коёт. Банктар Улуттук банктын талаптарынын чегинде банктын Директорлор кеңеши менен анын масштабына, керектөөсүнө жана жүргүзүлүп жаткан операциялардын татаалдыгына ылайык келген тобокелдиктерди тескөө боюнча ички документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш. Ошондой эле банк ишинин стратегиясын жана масштабын чечмелөө максатында банк мыйзам талаптарына жана банктын ички документтерине ылайык бизнес-план түзүүгө тийиш.
Банктык тобокелдиктер боюнча айтууну жыйынтыктоо менен, белгилеп айта кетчү нерсе, учурдагы рынокко шайкеш келген банк тобокелдиктерден коркпойт жана аны өз ишмердүүлүгүндөгү бир элемент катары карап, аны менен иш үстүндө чеберчилик менен тескөөгө боло турагандыгын дайыма сезип-билүүсү зарыл.

БАНКТЫК КӨЗӨМӨЛДҮН МААНИСИ ЖАНА ЗАРЫЛДЫГЫ
Өнүгүп жаткан рынок шартындагы банк системасынын ийгиликтүү иштөөсүнүн зарыл шарты болуп мамлекеттик жөнгө салуу саналат, башкача айтканда банктык көзөмөл.
Банктык көзөмөлдүн зарылчылыгы, банктардын экономикалык жана социалдык абалына карата келип чыгат, анткени банк ишмердүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүндө өзгөчө чоң орунду ээлейт.
Биринчиден, банк – бул кеңири коомчулуктун (фирмалардын, жеке ишкерлердин, калктын, финансылык институттардын) акча каражаттарын топтоочу жана аларды жайгаштыруучу коомдук институт, ошондуктан анын ишмердүүлүгү коомдун калың катмарынын кызыкчылыктарын камтыйт.
Экинчиден, банк – рынок экономикасында пайда табуучу жана жогоруда айтылгандай, ар түрдүү тобокелдиктерге кабылуучу коммерциялык ишкана. Банк өзүнүн микрочөйрөсүндө иш алып баруу менен, өз ишмердүүлүгүндө сырткы тобокелдиктерге туш болот.
Банк системасы кайсы гана өлкөдө болбосун экономиканын эң негизги бөлүгү. Ал дайыма кыймылда болуу менен өнүгүп турат. Жаңы технологиялардын, банк бизнесин компьютерлештирүүнүн жана интернет/мобилдик банкингдин тез өнүгүүсү банк системасына ар кандай операцияларды ыкчам аткарууга мүмкүнчүлүк жаратат. Алар эсептик-кассалык операциялардан тартып, эсептешүүнүн онлайндык ар кандай формалары. Муну менен бирге эле банктар тарабынан көрсөтүлүп жаткан жаңы кызмат көрсөтүүлөр – электрондук акчаларды чыгаруу, баалуу металлдар менен иштөө операцияларынын орду жогорулоодо.
Мамлекет ушул шарттарды эске алуу менен финансы секторунун туруктуулугун камсыздоо, инвесторлордун, кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында банк ишмердүүлүгүн жөнгө салат, башкача айтканда, көзөмөлдөйт.

БАНК КӨЗӨМӨЛҮ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АНЫН МААНИСИ КАНДАЙ?
Банк көзөмөлү – бул негизинен тийиштүү мамлекеттик органдын, башкача айтканда, Улуттук банктын коммерциялык банктардын банк ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарды жана банктарда бекитилген нормативдик актыларды, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана талаптарды, бухгалтердик эсептин жана отчёттуулуктун эрежелерин аткаруусуна жана сактоосуна көз салып туруу процесси болуп эсептелет.

► Банк көзөмөлүнүн мааниси – коммерциялык банктар кабыл алган чечимдердин жана аткарган иштеринин банк ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик актыларына шайкеш келүүсүн текшерүү.
► Банк көзөмөлү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктардын ишмердиги жөнүндөгү» мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Банк көзөмөлү Улуттук банктын ишинин негизги багыттарынын бири. Улуттук банк банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында банктык көзөмөлдү жүргүзөт жана жөнгө салуу ченемдерин белгилейт. Ошону менен бирге эле, белгилей кетчү жагдай, аталган мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт.

Банк көзөмөлү ырааттуу түрдө жүргүзүлөт жана негизинен ичине төмөндөгү 3 компонентти камтыйт:
• Жөнгө салуу жана көзөмөл методологиясы, лицензиялоо. Жөнгө салуу жана көзөмөл методологиясынын иши коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган методологиялык базаны өркүндөтүүгө жана «көзөмөл циклин» толук өзүнө камтыган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу процессин иштеп чыгууга багытталган. Буларга банктарга лицензия берүү, тышкы көзөмөл жүргүзүү, инспекциялоодон тартып, финансылык абалды чыңдоо жана банктардын жоюлуусуна чейинкиси камтылат.
• Тышкы көзөмөл ( дистанциондук). Тышкы көзөмөлдүн негизги максаты банктардын баштапкы стадиядагы көйгөйлөрүн табуу, ошондой эле банктардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларын аткаруусуна жана сактоосуна көз салып туруу. Тышкы көзөмөл жеке бир банк жана бүтүндөй система дуушар болгон тобокелдиктерди баалоо аркылуу банктын активдерин жана пассивдерин (мисалы, банктын пайдалуулугун, активдердин сапатын, капиталды жана ликвиддүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн талдоо ж.б.) башкаруу сапатын баалоо үчүн коэффициенттердин негизинде банктардын ишине стресс-тестирлөөлөрдү жана талдоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
• Инспекциялоо. Инспекциялоо – бул банктардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерге баа берүү, финансылык абалын аныктоо, банктардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларын аткаруусун жана сактоосун аныктоо, банкты башкаруу процессинин сапатын жана банктын келечек перспективасын аныктоо максатында жеринде банктын ишин текшерүүгө багытталган.
Жогоруда аталган көзөмөлдүн негизги элементтери бири-бири менен тыгыз байланышкан жана бул системалардын биримдиги сапаттуу көзөмөлдү камсыз кылат.

БАНК КӨЗӨМӨЛҮНДӨГҮ ЖАҢЫ БАСКЫЧТАР
Азыркы тапта дүйнө жүзүндө банктар сунуштаган продуктулары жана банк тутуму активдүү өнүгүп жатат. Улуттук банк дагы коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө ыкмаларын өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш жүргүзөт жана банктарды көзөмөлдөө багытында эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүп турат.
Ушул тапта Улуттук банк тарабынан тобокелдиктерге басым жасаган көзөмөлгө өтүү боюнча бир топ иштер жүрүүдө. Бул этап-этабы менен жүзөгө ашырылат. Мындай моделдин же көзөмөлдүн маңыз-мааниси – бул банктын туруктуулугуна олуттуу таасир тийгизе турган тобокелдиктерге жана анын банк тутумуна тийгизе турган таасирдүү тобокелдиктерине айрыкча көңүл бөлүү болуп саналат.
Ушул себептүү көзөмөлдүн негизги багыттары болуп банктын ишмердигинде тобокелдиктерди тескөө жана банктын ушул тараптагы саясатына басым жасоо. Ошону менен бирге эле көзөмөлдүн максаты – банктардын негизсиз, ылайыксыз тобокелдиктерди кабыл алуусун чектөө. Банктык көзөмөлдөөдө банктарда балким орун алып калуучу тобокелдиктерди жаба турган банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) өзгөчө маани берилет.


Элкеева Зулфия Рысбаевна,
КРнын Улуттук банкынын Банктарга
тышкы көзөмөл башкармалыгынын
жетектөөчү инспектору

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан