ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН КҮТҮҮСҮЗ РЕЙДИНЕН КИЙИН «МАНАС» АЭРОПОРТУНДА ӨЗГӨРҮҮ БАРБЫ?


ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТТОН РЕПОРТАЖ
Мындан 2 ай мурун премьер-министр Сапар Исаков таңкы саат 6да "Манас" эл аралык аэропортун капыстан барып текшерүүгө алган. "Эшигин көрүп төрүнө өт" демекчи, борбордогу жалгыз авиабекеттеги кемчиликтерге нааразы болгон жарандардын үнү өкмөт башчыга жетип, текшерүүдөн соң бир катар аткарыла турган тапшырмалар берилген эле.
Тапшырмалар кагаз жүзүндө эле калып калган жокпу? Рейдден кийин кандай өзгөрүүлөр болду? Жүргүнчүлөрдү тейлөө жакшырдыбы? SUPER.KG порталынын кабарчылар тобу "Манас" эл аралык аэропортунда болуп кайтты.

Кире бериште аэропорттун кызматкерлери ал жакка кирген жарандарды текшерүүдөн өткөрөрү бышык. Мурда мындай посттон бирөө гана болчу. Посттон экөө болуп калгандыктан биздин топ экиге бөлүнүп текшерүүдөн өттүк. Босогодон "Манас" эл аралык аэропорту ААКсынын Бишкек филиалынын башчысынын орун басары Бакыт Бекбача уулу тосуп алды.
– Бир катар тапшырмаларды аткаруу иштери жүрүүдө. Мисалы, мониторлор жаңы коюлду. Жүргүнчүлөр булар аркылуу каттамдардын учуу кезеги жана убактысы тууралуу маалымат ала алышат. Шаар тараптан кирип келген жарандар бир эле текшерүүгө туруп, кезек күткөндөр чогулуп калышчу. Кезек күткөндөрдү азайтуу максатында дагы бир көзөмөлдөп өткөрүүчү жай коштук.


2-кабатка жол алдык. Байкабаган адамдар үчүн бул жаңылык. Биздин эл аралык аэропортубузда быйылкы жылга чейин лифт жок болчу. 2-кабатка тепкич менен эмес, жаңы лифт аркылуу көтөрүлдүк.


2-кабаттан жүргүнчүлөр бажы жана чек ара кызматынын көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Жүргүнчүлөрдү ушул убакытка чейин түйшүккө салып келген маселе – бул кезек күтүү болуп келген. Премьердин рейдинде чек ара кызматынын көзөмөлүнө өткөрүүчү өтмөктүн тар жана ыңгайсыз экендиги айтылып, кеңейтүү сунушталган. Учурда эки кызматтын ортосун бөлүп турган дубал бүтүндөй алынып салыныптыр. Мындан улам залдын ичи жарык болуп, адамдар кенен өтүп калышканын байкадык.


Өкмөт башчы аэропорттун жүргүнчүлөрдү тейлөөдөгү башкы кемчиликтер катары кезекке туруу жана тейлөө маданиятындагы маселелерди айткан.


Рейдден кийин премьер: "Өлкө жарандарынын жана коноктордун даттануулары негиздүү. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорт жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечиши керек. Тийиштүү кызматтар жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышсын",- деп билдирген. Ушул эле күнү өкмөттө кеңешме өткөрүп, аэропорттун ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген.


Буга чейин аэропортко кирген жүргүнчүлөрдү каттоого алууда 6 кызматкер иштесе, эми катарынан 8 кызматкер иштеп жатат. Ал эми учуп кетүүчү залдагы чек ара кызматкерлери мурда 6 болсо, азыр 11ге көбөйгөн.


Кезекке турган аба жүргүнчүлөрү эми баш аламан тейлөөгө кабылышпайт деп ишендирди аэропорттун жетекчилиги. Алар кезексиз кызматкерге өтүп барышпасы үчүн атайын тасмалар тартылган. Ал эми балалуу жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө тилке киргизилген. Балалуу жүргүнчү чек ара кызматкерине тийиштүү документтерин текшертип жатканда бөбөктөр алаксып турушу үчүн жумшак оюнчук коюлуптур.
Кийинки сапарыбыз чек ара кызматынын көзөмөлүнөн өткөндөн кийинки күтүү залдарына болду. Эң негизги байкаган жаңычылдык – бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр үчүн күтүү залына тепкич аркылуу көтөрүлө турган жабдык болду.
Бул жабдыктын орнотулганына аз эле убакыт болгон. Али ишке бериле элек, бирок колдонууга даяр дешти. Аэропорт кызматкерлеринин арасынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлөө үчүн атайын бөлүм да ачылыптыр.


3-кабатка көтөрүлүп андан ары сапарыбызды уладык. Бизнес-класста учууга билет алган жүргүнчүлөр үчүн зал, аны менен катарлаш эле эне жана балага арналган залга бет алдык.

Эне жана балага арналган зал 2 бөлмөдөн турат. Алгач эс тартып, ойноп калган балдар үчүн оюн залы, андан соң ымыркайлар үчүн эс алуучу жана уктоочу бөлмө, баланын тамагын даярдоого жана жалаяк алмаштырууга шарттар түзүлгөн. Бул бизнес-класстын жүргүнчүлөрү үчүн даярдалган залга удаа жайгашкан. Ошол себептен жүргүнчүлөр бул кызматтардан колдонуу үчүн бизнес-класска билет алуу керек деп ойлоп калышы мүмкүн. Эгер сиз балаңыз менен барып калсаңыз, балдарга ыңгайлашып жасалган залда бекер эс аларыңызды унутпаңыз.

Балдар бөлмөсүнөн чыгып, учактар конуучу аймакка жөнөдүк. Жаңы эле Москвадан келип конгон учактын жүргүнчүлөрү аэропорттун ичине кирип келишти. Аларды чек ара кызматынын текшерүүсүнө алып баруучу тасмаларга атайын 1 кызматкер багыттап турат. Буга чейин кезекке туруу үчүн атайын тасмалар жок болгондуктан, балалуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды өз тилкесине багыттай турган кызматкер да болчу эмес. Тасмалар тартылганга чейин деле балалуу жана кары жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө текшерүүчү кызматкер бөлүп тейлетип койсо боло турган иш болчу.

Жүргүнчүлөрдүн дагы бир дарты – бул жүктөргө болгон орой мамиле. Арыз-даттануулар бекер жерден чыкпаса керек. Чемодандары бырыйып, сынып, айрым учурда жүктөрү ачылып-чачылып кеткен жүргүнчүлөр бул маселени да көп көтөрүп келишет. "Аэропорттогу жүк түшүрүүчү кызматкерлер жүктөрдү ары-бери ыргытышат" дешет. Бул боюнча аэропорт жетекчилиги эмне дейт?

"Азыр жүк киргизилүүчү жайга көзөмөлдөөчү жабдыктар, бардык жерде камералар орнотулган. Атайын транспорт менен кызматкерлер жүктөрдү учактан түшүрүп алышып, жүк өткөрүүчү лентага коё беришет. Ал жактан чемодандарын күткөн жүргүнчүлөр тосуп алышат. Ошондой эле биздин кызматтан пайдаланчу жүргүнчүлөр өздөрү да жүктөрүнө бекем болуп, айрыкча алыс жолдон, чет жактан келе жаткандар болсо ооздорун бекемдеп бекитип, сыртынан плёнка менен оротуп алышса, маселе деле жаралмак эмес",- дейт Бакыт Бекбача уулу.


ЖАКЫНКЫ АРАЛЫКТА ДАГЫ КАНДАЙ ИШТЕР ЖАСАЛАТ?
"Азыркы учурда аэропорттун аянтын кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Эл аралык каттамдар аркылуу чет жакка учкан жана ал жактан учуп келген жүргүнчүлөрдү өзүнчө залда тейлөө пландалууда. Бирок ал 2018-жылы ачылып, ишке берилет деп пландап жатабыз. Ал эми биз турган зал мурда эле бар болчу, бирок азыркыдан тар жана оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес эле. Эми бул жайды заманбап шарттарга ылайыктап оңдоп, учуучу зал катары ишке беребиз. Ошондой эле азыр жүк өткөрүүчү лентадан экөө болсо, аянтты кеңейтип үчүнчү лентаны орнотобуз. Бул дагы 2018-жылы ишке аша турган план. Мунун негизинде жүккө кезекке туруунун убактысы кыскарат",- дейт Бакыт Бекбача уулу.

Ошентип эл аралык "Манас" аэропортуна болгон сапарыбыз аягына чыкты. Бир катар өзгөрүүлөр, жаңылануулар, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар көңүл жылытты. Чатырынан суу тамып, дагара, чака коюп койгон мурунку жылдардагы маселелер көрүнбөдү. Эгер жогоруда айтылган пландар ишке ашса, дагы кыйла жакшырчудай.

Аэропорттун жетекчилиги өкмөт башчынын күтүүсүз рейдин күтпөй эле жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча тийиштүү шарттарды түзүүнү мындан ары да улантышы керек деген ой менен сапарыбызды жыйынтыктадык.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Балалуулар эми кезек күтпөйт. "Манас" аэропортунда дагы кандай жылыштар орун алууда?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
AlikAsel
2017-12-26 19:59:34
Окмот Оштогу аэропортко келип да текшерип кетсе жакшы болмок. Аэропорт кызматкерлери орой, ар бир кадамында акча алып, бербесен учпай каласын деп коркутушат. Ичин ачып каалаган нерсесин уурдап дагы коюшат.
+2
Shef87
2017-12-26 22:00:39
Оштун аэропорту да кундон кунго чонойуп ондолуп тузолуп атат масква да бир кундо буткон эмес акырындык менен онолот буйруса
+1
dina
2017-12-27 14:23:15
Москванын аэропортунан да жукторду каалагандай ыргытып салыпатышканын коруп жиним келген, бизде эле эмес. 2 жыл мурда эле учуп келгенде балалууларды биринчи кое беришкен Манас аэропортунда.
+1
D.Uezalieva
2017-12-28 14:26:12
Жакшы болуптур,суйундум.Паспорт.контролдогулар саламдашсан жооп беришпейт го,башка жакка алардын акчасына барып келоткансып.
+1
Nurgiza123456
2017-12-29 09:43:44
Азамат! Коз тийбесин жакшы иштейт экен. Ушул темпинен жазбасын! Ар бир чиновнигибиз ушинтип иштесе Кыргызстан онолмок! Кутуусуз саат 6 да барганы сонун болуптур. Бизде да ушундай министр бар экен деп умутум уланды. Акыркы кундору умутум узулуп калды эле. Ушинтип иштей берсе элдин суймончулугуно тез арада ээ болуп, элдин уулу аталат.
0
Nurgiza123456
2017-12-29 09:46:40
Жалал-Абадка келип да кутуусуз рейддерди откоруп кетти. Ушундай министрден 5-6 болсо кыйла жылса керек эле Кыргызстан.
0
Ali.na9595
2017-12-30 03:49:54
Кудайга миң шүгүр Сапар Исаков жакшы иштеп атат.
Эми көрө албагандар эле буттан чалып, жок кылып ийишпесе болду
0
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан