Аслан Исабаев, музыкант: «АМЕРИКА АКЕ-ЖАКЕЛЕП ИШИҢДИ БҮТҮРҮП АЛГАН КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ ЭМЕС»

Үй-бүлө мүчөлөрү баары тең музыкант, баары тең атактуу. Бүгүнкү каарманым Аслан Исабаев "Камбаркан" ансамблинин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен комузчу Самара Токтакунованын тун уулу. Аслан мырза маегинде иниси Актан менен сыймыктанарын да баса белгиледи. Учурда АКШда жашап, иштеп жаткан скрипкачы Аслан мырза менен кенен маектештик.

– Саламатсызбы, Аслан мырза? Бала кезиңиз кандай өттү, кепти ошондон баштасак...
– Бала чакты эстегенде жүзүмө жылмаюу пайда болот. Эч нерседен капарсыз, оюн-күлкү аралаш сонун күндөр артта калыптыр. Ошондой күндөрдү бизге тартуулаган ата-энеме ыраазымын. Ушул даражага жетишибизге алардын салымы чоң, алигиче рахмат айтып келем. Мыкты мектепте окутушту, жогорку билим беришти.

– Иниңиз Актан мырза менен удаа эмессизби. Урушуп, атаандашып, же тескерисинче, балдардан коргогон учурлар эсиңиздеби?
– Бала чакта баары болот экен. Урушкан да, кайра сырдашкан да күндөр болду. Бир жакка барарда менин баргым келип, Актанды жаман көрө берчүмүн. Азыр иним экөөбүз ошол кезди эстеп «сен мени минткенсиң, мен сени мындай кылгам» деп каткырып калабыз. Бир окуя эсиме түшүп жатат. Ата-энебиз гастролдо жүргөндө сабакка барбай, тентек балдарга кошулуп кеткенбиз. «Эмнеге окууга келбей жатасыңар?» деген мугалимдерге «инимди машина уруп кетип ооруканага жаткырып жүрдүм» деп калп айткам. Анда да жөн айтпай ыйлап, ишендиргем. Кийин ата-энебиз мектепке келип, мугалимдерге жолугуп биз жөнүндө сурашыптыр. Мугалимибиз «баары жакшы, кичүү балаңыз ооруканадан чыктыбы?» дейт. Атам «кандайча?» деген боюнча чалкасынан кетиптир. Кечинде үйгө барганда атамдын "жакшы" таягын жеп, жакшы акыл-насаатын уктум. Кыргыздын «Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы» деген макалы бар эмеспи. Ошонун сыңары атамдын ошол күнкү какыс-кукусунан кийин калп айтпаган, түз жүргөн балдардын катарына өмүр бою кошулуп келе жатам. Ошол окуя мага катуу сабак болду.

– Сизди кыргыз эли скрипкачы катары таанышат, бул аспапка кандайча байландыңыз?
– Скрипкачы болом деп деле ойлогон эмесмин. Талант тукум кууйт деп коюшат эмеспи. Ошол нерсе мени жөн койгон жок окшойт. Скрипканын үнүн укканда эмнегедир ыйлап жиберчүмүн. Атам «атаңдын оозун урайын, ушул балам скрипкачы болот го» дейт эле. Балким, ушул сөздөр да таасир эткендир. Скрипканы алты жашымдан тарта үйрөнө баштагам. Менин биринчи устатым Мунарбек Атагелдиев Асанхан Жумахматов атындагы симфониялык оркестрдин негизги скрипкасында ойночу. Эң күчтүү, эң мыкты скрипкачы эле, арты кайрылуу болсун, 2014-жылы каза болуп калды. Андан кийин Николай Кормушин мугалимим болду. Ал киши мен Кыргыз улуттук консерваторияны аяктагандан кийин, колума диплом карматып, анан Санкт-Петербургга кеткен. Ошондон бери байланыша элекмин. Ушул эки адамга терең ыраазымын, ушул эки адам болгон үчүн азыркы деңгээлге жеттим. Жакшы мугалим болбосо адам өспөйт.
Мен АКШга келгенде скрипкада музыканы угуу жөндөмү бар гана адамдар ойной алат деп билчүмүн. Чынында, скрипка татаал аспаптардын бири. Бирок каалагандардын баары, жөндөмү жоктор, керек болсо маймыл деле үйрөнсө болорун бул жакка келгенде түшүндүм. Мындай окуя азыр менин көз алдымда болуп жатат. Аманчылык болсо Бишкекке барганымда музыкалык мектеп ачып, каалоочунун баарын бул жактын методу менен скрипкачы кылгым келет.

– АКШга кандай максаттар менен кеттиңиз?
– Америкага качып же жыргаганымдан келген жокмун. 2010-жылы келишим менен бир оркестрге музыкант катары келгем. Чет жерден жакшы сунуштар түшсө ким эле иштегиси келбесин? Учурда Сан-Францискодогу корей оркестринде музыкантмын, жеке менчик мектепте сабак берем. Андан сырткары каалоочулардын үйүнө барам же меникине келип окушат. Окуучуларым ар кайсы улуттан, кытай, орус, индус, америкалыктар. Кыргыздардан эки үй-бүлөнүн балдары сабак алышат. Азыр баары жакшы, келинчегим иштейт, уулум окуйт. Келишимди дагы улантканбыз. Жыл сайын жайында бир айга Ысык-Көлгө барабыз.

– Барганда эле АКШ кучак жайып тосуп албаса керек...
– Жаңы барганда үй маселесин чечип беришти. «Аслан Америкада жанын бага албай калыптыр» деген сөз болбосун, иштеп, жашап кетели деп аракет кыла баштадык. Азыр эч кимге көз каранды эмеспиз. Калифорния штатынын Сан-Хосе деген шаарында жашайм. Сан-Франциского 40 мүнөттүк жол. Барып-келип иштей берем. Америкада жашоо жакшы, бирок жүрөгүбүз Кыргызстанда, убагы келгенде мекенибизге кетебиз.

– Клиптериңиз стили жагынан биздикинен айырмаланып турат, кимдер тарткан?
– 1-клибим «Эсимде» чыгармасын Ракета ТВ телевидениесинде иштеген Алмаз деген жигит тарткан. «Кулун» чыгармасынын клибин мурунку маданият министри Алтынбек Максүтов атайын Сан-Франциского келип тартып кеткен. Эң өкүнүчтүүсү, учурда өзүмдүн чыгармачылыгыма убакыт аз. Жакшы клиптерди тартсам дейм, бирок жумуштан убакыт артпайт. Бишкекте болсом достор менен эс алганга да, чыгармачылыгыма да убакыт болмок деп коём. Бул жак Америка, бир күн жумушка чыкпай койсоң кадимкидей жашоо шартыңа таасир этет. Кыргызстандагыдай аке-жакелеп, тааныштыкка салып бүтүрүүгө болбойт. «Батирдин акчасын 2-3 күн күтө туруңуз» деп айтууга мүмкүн эмес. Баары орду менен так аткарылышы кажет. Тартип катуу, мыйзам катуу, ошон үчүн иштеш керек. Кыргызстанда кээде 10-20 күн оорудум деп жатып алып жумушуңа маалымдама көтөрүп барсаң болот.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.
– Жубайым мурун комузчу болчу, кайнатасынын студенти. Бирок Америкага келгени дары чыгарган фирмада эмгектенет. Кызым турмушка чыккан, күйөө балам америкалык. Азыр Вашингтондо жашашат, кызым жолдошунун фирмасында эсеп жагын тейлейт. Уулум 7-класста окуйт. Кыргызча таптак сүйлөйт. Башкалар «балаңар кантип таза кыргызча сүйлөйт?» деп таң калышат. Кызыбыз Америкада калды окшойт. Уулубуздун мекенине кайрылып барышын, ошол жакта жашашын, кыргыздан кыз алышын каалайбыз.

– Рахмат маегиңизге, ой-тилектериңиз орундалсын.

"Жубайым фармацевт. Кызым турмушка чыккан, күйөө балам америкалык. Уулум 7-класста окуйт".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nanei
2017-12-26 10:42:46
Жакшв,квзыктуу маек деп айтса болот
+2
Aikamon
2017-12-26 13:31:24
Жакшы экен. Кайсынысы кызы болду экен.
+6
Aitun
2017-12-26 15:15:53
Ушуну маданият жанылыгы десе болот))
+4
mira28
2017-12-27 08:02:11
Aitun,ообада коптон бери ток этерлик чыныгы музыка менен алп урушкан маданият адамдарынын маегине кубо боло албай ичим толбой жаткан.Ким интервью берсе эле фонаграмма менен тойдо ырдаганын айтып элге кызмат кылып жатабыз дешет .Самара Токтакунованын уй булосун терен урматтайм.Дайым таза ак барактай икир чикирин чачпай келишет.Актан Исабаев бир жылдары кыргыз эстрадасына жанылануу жаны стиль алып келген.Андан сон Аслан Исабаевтин «эсимдеси»чыгып дагы бир белек болгон эле.
+1
mira28
2017-12-27 08:06:13
mira28,батыраак Кыргызстанга кайтуунузга тилектешмин.Сиздей инсан бизге эн керек.Актан Исабаев жонундо маалымат кутом.Жаштыгымда суйуп калган элем .(мыскылдамай жок)Чын айтам концерттерине барып мени албайт да карабайт бул ырчы да деп ыйлаган кундорум болгон.
0
zahira
2017-12-26 15:57:02
Кайсынысы кызы экен деп баш катып калдыго;)
+8
karakyz23
2017-12-26 19:42:59
Суранам Бегимай Эсенгуловадан да маек алгылачы
+1
admin_media
2017-12-27 10:05:15
karakyz23,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат.
0
Arlenchik
2017-12-26 22:48:09
Кызыл кийимчен кызы окшойт, бет тузулушу окшош экен.
0
Aikan1966
2017-12-27 12:58:53
кызы кызыл кийим чачин жазган
0
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан