ООЗ КОМУЗ ОЙНОП, ОЙМО ЧИЙГЕН АЙНУ ЭЛИ


Күн чыккан жердин өлкөсү Японияда айну деген эл жашайт. Тарыхчылардын айтымында, айнулар Япон аралдарына болжол менен неолит (жаңы таш) доорунда барышкан. Бул элдин түпкү теги жана Япон аралдарына кайдан баргандыгы тууралуу азырынча так маалымат жок. Алар учурунда Сахалинде, Куриль аралдарында, Камчаткада жана Япониянын Рюкю аралынан Хоккайдого чейин отурукташкандыгын археологиялык казуулар жана топонимикалык маалыматтардан улам билсе болот. Учурда бул эл негизинен Японияда гана калган. Калктын расмий саны 25 миң, (расмий эмес статистика боюнча 200 миңге чейин) 2010-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча, Орусияда 109 айну катталган. Японияга барып айну эли менен таанышып, тасма тартып кайткан режиссёр-документалист Гүлжан Ирештин баяндоосу боюнча аталган эл менен тааныштырабыз.
 
АЙНУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

  • Айну тили азыр да изилдөөчүлөргө табышмак бойдон. Анын башка тилдер менен таптакыр жакындыгы жок.
  • Япондор 2,5 кылымдай айнулардан жер талашып согушушкан. Ошол учурда япон өкмөтү айнулар жашаган жер менен чектешкен аймактардан аскерлерге жер беришкен. Чек арада жашагандардан самурайлар пайда болгон.
  • Аконит өсүмдүгүнүн тамырынан уу жасап, аны аңчылыкка колдонушкан.
  • Аюу ыйык саналчу. Кара күчтөр, жин-шайтандар деп жыланды эсептешкен.


«АЙНУЛАРГА БИР ЖУМА «МАНАС» АЙТЫЛДЫ»
– Көчмөн элдин маданиятын таанытуу максатында «Жибек Жолдун Ак конушу» долбоорунун алкагында 2017-жылдын ноябрь айында Японияда болуп кайттык. Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын 25 жылдыгына арналган бул маданий иш-чара эки элдин достугун тастыктап, жогорку деңгээлде өттү. Бул жумалыкта япон эли кыргыз музыкасына, "Манас" өнөрүнө, кыргыз аялзатынын улуттук кийимдерине, кол өнөрчүлүгүнө жана көчмөн маданиятын чагылдырган фотокөргөзмөгө күбө болушту. Иш-чарадан кийин чыгармачыл топ Кыргызстанга кайтты, биз манасчы Камил Мамадалиев, оператор менен бирге Хоккайдо аралынын Акан айылына жөнөп кеттик. Алгач Машю көлүнүн жээгинде, Охот деңизинин жана Акан көлүнүн жээктеринде жалпы 1 жума "Манас" айтылды. Эл жакшы кабыл алды. Кыргыз түнү деп чакан кафеге эл чогулуп "Манас" угушту жана өз өнөрлөрүн тартуулашты. Театрында күндө кечинде туристтерге 1 саат концерт коюшат экен.

«АЙНУ ТИЛИ КАЙРАДАН ЖАНДАНУУДА»
– Айну эли эң көп жайгашкан Акан айылында 200 гана айну бар. Алардын дээрлик баары япондор менен сиңишип кеткен. Таза кандуу айнулар өтө сейрек. Япондордун катаал мамилесинен улам мындан 50-70 жыл мурда өз улутун ачык айткандан коркушчу экен. Эне тилин да унутта калтырышкан. Эми гана сакталып калган адабияттардан кайрадан эне тилин үйрөнүп жатышыптыр. Айну тилинде «хапо» деген сөз "апа" дегенди билдирет экен. Апа менен хапо окшош болгондуктан «биз силерден же силер бизден тарагансыңар» деп тамашалап жаттым. Улутун, тилин жоготуп алуунун трагедиясын ошол жактан сездим. Азыр бизде да кыргызча сүйлөгөндү билбеген муундун өсүп келатканына жана орусча сөздөрдү кошуп сүйлөөнү адатка айлантып алганыбызга өкүндүм.


«ТУРИЗМГЕ ЫЛАЙЫКТАЛГАН КЫМБАТ АЙЫЛ»
– Айнулар жаратылыш менен гармонияда жашаган, тоо-таш, сууну, жан-жаныбарларды ыйык көргөн эл экен. Биздин ата-бабалар да ушул сапаттарга ээ болгон. Машю көлү тунуктугу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Сууну сыйлап, бул көлгө түшүшпөйт. Токойдо дарактардын кулап жаткандарын көрдүм. «Жашоосу бүттү» дешип, аларга тийбейт, өздөрү чирип жерге сиңип жок болушат экен. Бугулар, турналар кенен эле басып жүрө берет, аларга эч ким тийбейт. Бизде бүркүт сыяктуу эле үкү ал элдин символу. Айылга кире бериште, үйдө, дүкөндөрдө, бардык жерде жыгачтан жасалган үкүлөр. Туристтер айнуларга кызыгып көп барышкандыктан колго жасалган буюмдары, зер буюмдары, саймаланган кийимдери өтө кымбат. Кылымдар бою башынан өткөргөн кыйынчылыктарга карабай япон бийлиги айну элинин маданиятын, каада-салтын сактап калуу үчүн аракеттерди көрүшүүдө. Азыр жаштары айну экендигин сыймыктануу менен айтып калышкан. 2020-жылы Японияда өтчү Олимпиаданын жарнамалык роликтерине да айнуларды тартышыптыр. Биз барганда көрүнүктүү промоушн компаниялары тартуу иштерин жүргүзүп жүрүшүптүр.


«НЕГИЗГИ МУЗЫКАЛЫК АСПАБЫ – ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ»
– Негизги музыкалык аспабы – жыгач ооз комуз. Анын 20га жакын түрү бар. Темир ооз комузда да ойношот. Кимоно кийишет, аларды биздин чапанга окшоштурдум. Бир чапандын баасы 3 миң доллар турат экен. Баары эле өнөрлүү. Ырдап, бийлеп, ооз комуз ойношот. Бул элдин кыргызга жакындыгы бар деген ойдон кача албай койдум. Илгерки кыргыздардын арасына түшүп калгандай эле болдум. Түштөн аян алып, арбактарды сыйлаганын, оттон секирип бийлегенин да окшоштурдум.
Кызыгы, Америкадагы индейлер менен тыгыз байланышып, катташып турушат экен. 2010-жылы Америкадагы индейлердин Навахо уруусуна барып келгем. Бирок алардын маданиятынан биздикине мынчалык окшоштук көргөн эмесмин.
Кыргызстан тууралуу угуп, келүүнү каалагандар бар. 90 жаштагы улгайган айым менен таанышып калдым. Ал жаш кезинде мыкты жыгач ооз комузчу болуптур. Жаштыгында Алтайга фестивалга барганда кыргыздар менен таанышып, сүрөткө түшүптүр. Үйүнүн дубалында элечек, үкү топу кийген кыргыздардын сүрөтү илинип турат.
Элчилик менен сүйлөшүп, бизге өнөр тартуулаган концерттик топту Кыргызстанга алып келүүнү пландап келдим. Буюрса, айну менен жакындан таанышасыздар деп үмүт кылып турам.

"Кыргыз өлкөсү менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын 25 жылдыгына арналган иш-чарада өнөр тартууладык".
Тарыхта айну калың чачтуу, сакал-муруттуу сүрөттөлөт. Тамак жеп жатканда сакалдарын атайын таякча менен карматып коюшчу. Айымдар бетине, колдоруна, денесине сүрөт чектиришчү.
"Кийимдери эле эмес, бардык имараттары, үйлөрү оймо чегилип жасалгаланат. Оюмдар жаман күчтөрдөн сактайт деп ишенишет. Ар бири өнөрлүү. Бийлеп, ырдап, жыгач, темир ооз комузда ойношот, кол өнөрчүлүк менен тиричилик кылышат".


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
landysh
2017-12-26 17:22:47
Аябай кызыгып калдым Айну элине.
+6
Nanei
2017-12-26 19:36:12
Таластык Камил байке го
+5
meni_kut
2017-12-29 12:13:44
муруту жиркеничтуу го ,цивилизициядан артта калышыптыр.
-1
__anna__
2017-12-30 02:40:47
Айну элине кызыгуу пайда болду.
+2
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан