ТҮШТҮК КОРЕЯЛЫК ЫРЧЫ ЖОНХЁН КАЗА ТАПТЫ

Түштүк Кореялык популярдуу “SHINee” тобунун солисти Жонхён деген псевдоним менен таанымал Ким Жон Хён өз өмүрүнө кол салганы белгилүү болду. Иликтөөнүн жыйынтыгында, 18-декабрь күнү 27 жаштагы музыкант иске ууланып каза болгону билинген. Ырчы кайтыш болгондон кийин анын өлүм алдындагы каты жарыяланды. “Жан дүйнөм сынды. Мени жеп келген депрессиядан кутула алган жокмун. Мен абдан жалгыз болдум. Өз өмүрүмдү кыюу оор болгондуктан ушул кезге чейин жашап келдим. Кошкула” деп ырчы мырза коштошуу катын жазып калтырган.
Маркумдун депрессияга түшүүсүнө Түштүк Кореядагы катуу тартип себеп болушу мүмкүн дешүүдө. Анткени кореялык поп жылдыздарга имидж, популярдуулугуна зыяны тийбесин деп сахнада гана эмес, баскан-турганына да көп чектөөлөр коюлат деген маалымат бар.
27 жаштагы Жонхён Түштүк Кореяда да, башка Азия өлкөлөрүндө да популярдуу ырчы эле.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Alibay
2017-12-26 09:53:40
Эми ушуга элеби,мындан оор нерселерге чыдап жашап жатабыз го.Тооба.
+13
akusya55
2017-12-26 14:09:41
Жаны жаннаттан болсун!((
+7
Aitun
2017-12-26 15:07:48
Чынында корей дорамаларын коп кором алар эмоционалдуу келишет менимче. Анан чечкиндуу эмес оной чечилуучу проблеммага деле баш оорутуп журо беришет. Оздоруно тиешелуу эмес нерсеге деле мурдун тыга беришет. Бирок эмгекчил калк. Менимче ошол нерседен коп жапа чегет. Буларда коп белгилуу жаштар депрессиядан улам оз жанын кыйышат. Кээ бир убакта салт санаа да терс таасирин тийгизет менимче.
+5
№ 790, 22-28-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан