САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН 3-ПРЕЗИДЕНТИ АЯЛ БОЛОБУ?

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жакынкы бир жарым жыл ичинде Кыргызстандын президенти болот. 19-майда УӨнүн кеңешинде анын мүчөлөрү Роза Отунбаеваны Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти кылып жарыялоо тууралуу чечимин кабыл алды. Ага ылайык, “Өткөөл мезгилдин президенти” жөнүндөгү декрет түзүлдү. Аталган декрет Баш мыйзам менен чогуу референдумга коюлат. Эгерде эл колдоп берсе, аны эл аралык деңгээлде легитимдүү президент катары таанууга негиз болот. Референдумда элдин ишенимин алган өкүлдүн президенттик мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленди.
Жаңы президенттин милдетине октябрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүү жана парламенттик көпчүлүктүн негизинде өкмөттүн курамын түзүү каралган. Жаңы өкмөт куралганга чейин өткөөл мезгилдин президенти премьер-министрдин дагы милдетин аткарат. Ошол эле учурда азыр президент болуп бекилген жаран кийин президенттик шайлоого өз талапкерлигин коюу укугунан ажырайт. Жакынкы аралыкка келе турган мамлекет башчы кайсы партиянын өкүлү болбосун, өз партиясынын курамынан чыгып, шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылышы шарт.
Эскерте кетсек, УӨнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев 18-апрелде эле Роза Отунбаеваны президенттин милдетин аткаруучу катары тандап алууну сунуштаган. Ал кийин кызматынан бошогондо “экс-президент” деген статуска ээ болорун да айткан. “Эгерде сунуш өтүп калса, биздин тарыхыбызда алгачкы жолу мыйзамдуу түрдө президенттик бийлигин өткөрүп берген адам болот”,- дейт Ө.Текебаев. Анткени Кыргызстанды 15 жыл башкарган Аскар Акаев менен 5 жыл бийлеген Курманбек Бакиев экөө тең калктын жана оппозициянын басымы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болушпадыбы.


ЖАЛАЛ-АБАДГА КОМЕНДАНТТЫК СААТ КИРГИЗИЛДИ

19-май күнү Жалал-Абад облусунда экинчи жолу кан төгүлүү болуп өттү. Бул жолку митинг шаардык ипподромдо башталып, ага 5 миңдей киши келген. Митингчилер өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун иш-аракеттерин сынга алып, аны жоопко тартууну талап кылышты. Кийин алар экиге бөлүнүшүп, университет менен облустук администрацияга карай бет алышкан. Кадыржан Батыровдун университетине келген эл имаратты таш бараңга алып, милиция кызматкерлери асманга ок атышкан. Бул учурда 2 миңге жакын өзбек улутундагылар чогулуп, тирешүү башталды. Бирок шаарга аскер кызматкерлери жана УӨ тарабынан коменданттык саат киргизилип, кырдаал жөнгө салынды.
19-майдан 20-майга караган түн тынч өтүп, ооруканаларга кайрылгандар болгон эмес. Бул кагылышууда 2 адам каза таап, 70тен ашуун адам жаракат алды. Анын арасында 5 жашар кызга да ок тийген.


МОЛДОМУСА КОНГАНТИЕВ МОСКВАДА ДАРЫЛАНУУДА

Мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 16-майда Орусиянын борбор калаасына дарылануу үчүн учуп кеткен. Бул тууралуу экс-министрдин адвокаты Р.Нагаев билдирди. Экс-министр “Манас” аба майданынан Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы менен учуп кеткен.
Эске салсак, М.Конгантиев 6-апрелде Талас шаарында болгон митингде демонстранттар тарабынан сабалып, оор жаракат алган.


БАКИЕВДЕР КЕЛТИРГЕН ЗЫЯН 5 МИЛЛИАРД СОМ

Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына карата 100дөн ашуун кылмыш иши козголуп, алар келтирген зыяндын көлөмү 5 миллиард сомду (110 миллион доллардан ашуун) түзгөн. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров кабарлады. Анын айтымында, мурунку бийликтеги паракорчулуктун башында Максим Бакиев жетектеген Инвестиция жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик турган. Орусиядан алынган 300 миллион доллар насыя дагы М.Бакиевдин жеке кызыкчылыгына жумшалган.


КАМАКТАГЫ ИСХАК МАСАЛИЕВ
УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТКӨ КАЙРЫЛДЫ

12-май: Коммунисттер партиясынын лидери И.Масалиев эртең менен “Манас” аэропортунда Москвадан кайтып келе жаткан жеринен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалган. УКМКда беш саат бою сурак берген. Андан соң Масалиевди экс-депутаттар Алишер Сабиров, Хажимурат Коркмазов, Роман Шин жана Николай Байло курчап алып чыгып кетишкен.
Бул окуядан кийин маалымат жыйынында: “Биз Убактылуу өкмөттүн легитимдүүлүгүн тааныбайбыз. Ошондуктан жакын арада кезексиз жыйын өткөрүп, жаңы өкмөттү түзөбүз”,- деп билдирген Исхак Масалиев.
14-май: Кыргызстандагы телеканалдар аркылуу Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү уктурулгандан кийин депутат кайра экинчи жолу УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.
17-май: И.Масалиевдин адвокаты Кайрат Загибаев коммунисттердин лидери “массалык баш аламандык уюштуруу” (КЖКнын 233-беренеси) жана “бийликти басып алуу аракети” (295-берене) үчүн күнөөлөнүп жаткандыгын билдирди. Бул кылмыштарга 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун соту тергөө учурунда, тактап айтканда, эки ай бою камакта кармалары тууралуу чечим чыгарды.
19-май: И.Масалиевдин Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кайрылуусу ачыкка чыкты. Анда: “Мага карата коюлган күнөөгө Үсөн Сыдыков менен телефон аркылуу эки жолу эле сүйлөшкөндүгүм негиз болду. Эки учурда тең менин түштүктөгү окуяларга тиешем жоктугу көрүнүп турат”,- деп жазылат. Ошондой эле эч качан бийликтин зордук менен алмашышын колдобой тургандыгын билдирген. Ошентип, кайрылуусунда камактан бошотууну суранган.
Ал эми Коммунисттер партиясы УӨгө, Башкы прокуратурага, эл аралык уюмдарга, КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясына Исхак Масалиевге карата жасалып жаткан иштердин мыйзамдуу болушун камсыз кылууга таасир көрсөтүү чакырыгы менен кайрылышты.


“Бүтүн Кыргызстан”: «БИРИГИП, КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛАЛЫ»

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы кыргыз мамлекетин жана биздин жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу максатында бардык партияларды, коомдук жана укук коргоо уюмдарын жалпы коркунучтун алдында биригүүгө чакырат. Бардык саясий күчтөрдү, анын ичинде Убактылуу өкмөттү тез арада сүйлөшүүлөр столуна отуруп жана улуттук макулдашуу Хартиясына кол коюуга чакырат. Мында эң башкысы, сүйлөшүүнүн бардык катышуучуларынын зомбулук аракеттерден, митингдерден, демонстрациялардан жана пикеттерден баш тартууну, өлкөдө кырдаалды жөнгө салуу жолдорун издөөгө кошулуу болуп саналат.


“АК ЖОЛЧУЛАРДЫН” САНЫ АЗАЮУДА

Жогорку Кеңештин көпчүлүгүн түзгөн “Ак жол” партиясынан Алишер Мамасалиев, Динара Молдошева жана Ирина Летова чыгып, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырышкандыгын “Азаттыкка” билдиришкен. Буга чейин “ак жолчулардын” активдүү эл өкүлү болгон Динара Молдошева Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына сурак берген. 7-апрель окуясынан бери бийликчил партиянын курамынан Турдукан Жумабекова, Шарипа Садыбакасова, Борис Сан, Автандил Арабаев жана Аскар Салымбековдун чыккандыгы тууралуу маалымат берилген.

Айбек Кочкоров, Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Dooron
2010-05-24 15:46:48
Eng tuura, men Masalievke ishenem. Sebebi al ech kachan 2 juzduuluk kylgan emes. Dagy da ishenem 2 juzduuluk kylbashyna. Chyndap baarybyz birigip kyrgyzstanga tynchtyk ornotolu. Men aitat elem, Intymakta bolsok. Alakandai elbiz.
0
zama
2010-05-24 17:39:49
Эркектер кыйратып бутуп эми аял киши кыйратат беле аны жон эле олтургузуп коюп озулору каалаганын кылышат да, бир деме дей турган болсо женщина молчать, биз сени алып келгенбиз ишин болбосун дешет да. И.Масалиев туптуура айтат ВП лигитимдуу эмес. Жогорку кенеш дайындаган болсо анда башка кеп.
0
Debi
2010-05-25 10:21:33
Исхак Масалиев "легитимдуулугун тааныбайбыз" дегенин карачы, бул бийликте болсо эле окмот легитимдуу болмок го. Бу кишинин деле дарты бийлик болуп жатыптыр. элдин тынчтыгын ойлобой, портфель ойлогондору корунуп эле турбайбы. Бийликтин зордук менен алмашышына каршы имиш, буга эмне кийими бутун, курсагы ток, элдин эмне болуп жатканы менен иштери жок. Ошентип жатышса деле эл карап отура бериш керек болчу да ээ, мунун оюнда. Элдин акчасына эсиргени менен иши жок. Тиешесин алып жатат.
0
Debi
2010-05-25 10:24:12
Жогорку кенеш деген эмне эле? Текебаевдин айтканында калет жок. "ак жолчулардын легитимдештиргенинен коро, жон эле катардагы атуул болгонум жакшы" дебеди беле. Жогорку кенештин кымындай да жогорку кенештей касиети жок болчу.
0
Nash
2010-05-25 16:51:22
http://www.youtube.com/watch?v=2BeErawpxZI&feature=related
http://www.youtube.com/watch?v=zGKUrgGkyzg&feature=related
кыйратып жатышат!
0
imperator
2010-05-25 17:00:24
Энесини Эсенбай Исхактын атасы жакшы эле киши болчу,элди болуп-жарганга ундобой эле.Апсамат Масалиев убагында У.Сыдыковду сактап калган.Эски дос эстен кетпейт,эми уулу менен ынакташып арам ойлорду куруп атышат.Бору баласы ит болбойт.Комунист адамдардан Кыргызга пайда келбейт.Мээси орусташып калган манкурттар...
0
Taalaibek
2010-05-26 05:52:00
Исхак Масалиев атасын сыйлабаган бизди сыйламак беле. Анан коро Исхак Масалиевди партияга, бийлике, жана жумушка да албаш керек!
0
Aza
2010-05-26 16:44:39
Бизге тынчтык керек кыкелер,келгилечи ынтымактуу болуп тынч жашайбыз.
0
Aza
2010-05-26 16:45:14
Тынчтык керек
0
MAKYSEM
2010-05-27 00:31:45
Туура айтасын тынчтык керек!
0
egenberdi
2010-05-27 18:41:09
tunchtuk degeni menen bul jagunan uurdap kachup ketse prizidentteribiz chugasunda janun achushkanda aial adam bolboit sharyiatka tuura kelbeit jakshu jash azamattarubuzdan uurdap kachpagan aldabagan sozunun ustunon chukkan adamdardan koiush kerek kandai koz karashtarunar bar tuuuugaaandar?/////////////
0
aidor
2010-05-29 12:03:04
Tуурсы бизге тынчтык керек! Ал эми бийлике ким келсе да, эн башкысы олкону алдыга жылдыра алган, жеке эмес, ЭЛ кызыкчылыгын ойлогон инсан болсо болду да! "аял", "эркек" деп талашканда не пайда?...
0
Taalaibek
2010-05-30 07:04:39
Окмот мучолоруно кантип кайрыларымды билбей ушул супер инфого кайрылып жатам. Мумкун болсо, Роза Отунбаевага же саламаттык сактоо министилигине кантип байланышсам болот? Ой пикирлер же коррупция жонундо. Менин дарегим: taalaibek72@mail.ru
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан