Сүйүктүүң менен кумарлуу түн өткөрүү алдында көп тоюп алууга болбойт! Ток курсак ныксыратып, уйкуга тартып, төшөк оюну экинчи планга жылып кетет. Бирок көп жеп тоюп албасаң да кыялдагыдай кечти бүлгүнгө учурата турган азыктар бар. Ошолор тууралуу кеп козгойбуз.
БУУРЧАК, БРОККОЛИ
Кумарлуу кечти пландап жатсаңыз, анда буурчак, нокот, брокколи дегендерди унутуңуз! Айтылган азыктар ичти көптүрүп, жел чыгарууга түртүп, шайыңды оодарып, планды бүлгүнгө учуратат.
ЧҮЧПАРА, ВАРЕНИКИ
Чүчпара, вареники, фрикадельки сыяктуу жарым фабрикаттар секс-марафонго жеткире турган энергия менен камсыз кыла албайт. Бирок ичти көптүрүп, алсыздыкты тартуулайт.
ФРИ КАРТОШКАСЫ
Фри картошкасы жана башка фаст-фуддар энергияны өтө тез бөлүп чыгарчу азыктар. Тамактан кийин өзүңдү сонун сезгениң менен, энергияң бат эле жоголуп, кайра эле ачка калгандай сезесиң. Анын үстүнө фаст-фудга эски же жаман май колдонулса, анда ашказаның салмактанып, көңүлүң да айланышы мүмкүн.
ЭТ
Канаттуулардын эти жеңил келерине талаш жок. Ал эми бодо малдын этин ар кимдин организми ар түрдүү көтөрөт. Мисалы, кээ бирөөлөр эттин курамындагы темирден улам энергия алса, айрымдардын ашказанын салмактантып, уйкусун келтирет.
ЖАЛБЫЗ
Жалбыздын курамындагы ментол (эфир майы), албетте, ооздун ичиндеги жагымсыз жытты жок кылат. Ичеги-карындын да иштөөсүнө оң салым кошот. Бирок ошол эле кезде тестостерондун деңгээлин түшүрөт. Демек, төшөккө болгон самоону солгундатат.
ТАТТУУЛАР
Шоколад, сормо момпосуйлар (леденцы) буларды каныкпаган майлар жана кант деп түшүнсөк болот. Кант адамды дароо энергия менен камсыздаганы менен, организмде эндорфин гормонунун деңгээли кескин түшүп кетет. Андыктан улам кумарга батып, чер жазуу оюңуз ишке ашпай калат.
СЫР
Сүт жана сүт азыктары денеде былжырды көбөйтүп жиберет. Дүйнө элдеринин көбү сүт азыктарынын курамындагы лактозаны сиңире албайт. Андыктан организмде дискомфорт жаралып, сүйүктүүңдү кучагыңда өрттөй турган төшөк оюну боло бербеши ыктымал.
ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР
Таттуу газдалган суусундуктардын курамында даамды күчөтүүчү зат – хинин болот. Ал сиздин сексуалдык каалооңузду кескин түрдө азайтат. Андыктан суу же бир аз шарап ичкениңиз оң.
Эскертүү: Бел кубатты күчөтүүчү азыктар тууралуу маалыматты мурун жарыялаган элек. Айта кетсек, аларга казы-карта, чучук, кымыздан тышкары сыр, жумуртка, грек жаңгагы, мисте, курма, банан жана башкалар кирет.
Астра Айдарова