Сүйүү – бул искусство. Эркек сага көңүл буруп, сүйүп калышы үчүн эмне кылуу керек? Анын сүйүүсүн ойготуп, анын жанынын жарымы болгудай абалга жеткизчү мамиле түзүү кажет.
ЛИДЕР БОЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕР
Байыркы адамдардын жашоосу кандай болгон? Эркектер аңчылыкка чыгып, аялдар үй жумуштарын жасашкан. Андан бери канча кылым өтсө да эркектер дале лидер болуу ниеттеринен кайтышкан жок. Андыктан коргоого муктаж болгон алсыз, назик аял бол. Анын сага кам көрүүсүнө мүмкүнчүлүк бер. Акыркы чечимди ал кабыл алсын (андай болбогон күндө деле ошентип ойлогондой болсун).
ӨЗҮН БААТЫР СЕЗСИН
Ар бир эркек ичинен супермен болууну кыялданат. Андыктан анын оюн угуп, анын кызыкчылыктары эмнеде экенин бил. Убак-убагы менен андан жардам сурап тур. Мисалы, шкафты жылдырууга, керектүү жерге картина илгенге. Эркек сенин сыйлап турганыңды сезсе, ал шкаф жылдырмак тургай тоону томкорууга күчү жетет.
ЭРКИНДИГИН ЧЕКТЕБЕ
Эркине каршы кимдир бирөөнү күч менен кармап тура албайсың. Андыктан анын эркиндигин чектебегенге аракет кыл. Мисалы, улам СМС жазып же телефон чалба, бирге убакыт өткөрөлү деп көгөрө жабышпа, кызгана бербе. Эркек достору менен бирге болууга, өзү менен өзү калып убакыт өткөрүүгө да акылуу эмеспи.
СЕНИ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНГЫДАЙ БОЛСУН
Эркекке чөйрөдөгүлөрдү кызыктырып, тартып турган, өзүнүн досторуна да жаккыдай бийкеч керек. Андыктан сырткы көрүнүшүңдү оңдоп, өзүңдү тыкан алып жүр, жагымдуу, сексуалдуу көрүнүүгө аракет кыл. Ага кызганууга себеп таап бербей, сага болгон ишеничин акта. Анын туугандары, достору менен сылык бол.
Ага жакшы тамактарды жасап бер. Ал сени келечектеги үй очогун сактаган мыкты кожойке катары сезгидей болсун. Ашыкча сүйлөп тажатпа, улам бир нерселерди суранба, сын тага бербе. Өткөн жашооңдун баарын төгүп салбай, сырларыңды сакта, сырдуу көрүн.
ЭРКИНДИГИҢДИ САКТА
Кайда, эмне кылып жүргөнүң тууралуу ага айтып турууңдун кереги жок. Эркектин жанында дайыма жүрө берип тажатып баштасаң, ал сага көңүл бурбай баштайт.
АГА КОЛДОО КӨРСӨТ
Кээде эркек өзүндө маселе жаралганда аны сени менен бөлүшкүсү, колдоо алгысы келет. Андай кезде аны угуп, колдоо көрсөт. Чогуу балык уулаганга, тоого чыкканга да компания түзсөң жакшы. Кыскасы, анын позитив булагы бол. Жакшы идеялары, жоруктары, иштери үчүн аны мактап тур. Ушинтсең анын өзүн-өзү баалоосу өсүп, сени да баалап калат.
Астра Айдарова