“АЮ ХОЛДИНГ”. ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫК – 2017

Жылдын башында “Аю” компаниясынын жылына 21 пайыздык кирешеси бар корпоративдик облигацияларынын экинчи чыгарылышы жарык көрдү. 100 миң нуска менен чыгарылган облигациялар рекорддук 28 күндүн ичинде сатылып бүттү.


“Артезиан” компаниясынын продуктулары БАЭ жана Катар мамлекеттеринин лабораторияларында ийгиликтүү изилдөөдөн өттү. 24-ноябрда БАЭнин «Мохамед АльМулла Женерал Трейдинг Эст.» жана 5-декабрь күнү Катардын “Surge Trading Company” компаниясы менен келишим түзүлүп, аталган өлкөлөргө 0,3 жана 0,5л “Артезиан” суулары чыгарылды.


«Bear Beer» заводунун ассортименти ар түрдүү өзгөчө продуктулар менен толукталды: Морс Жемиш, Беллиссимо Гуарана, Беллиссимо Сливочный, Беллиссимо Кола Алча – накта, ар түрдүү даамдагы шире камтыган суусундуктар.


«Bear Beer» компаниясы кыргыз Коласын – Kyrgyz Cola чыгарууну баштады. Аталган суусундук рынокко жаңы гана чыкса дагы керектөөчүлөрдүн купулуна бат эле толду.


«Bear Beer» заводу заманбап европалык жабдуулар менен камсыздалып, саатына 12-16 миң бөтөлкө суусундук чыгарууга мүмкүн болду.


«Артезиан» компаниясынын логотиби жаңырды. Жакынкы аралыкта өлкөбүздүн ар бир дүкөнүнөн “Артезиан” суусундуктарын жаңыланган дизайны менен көрө аласыздар.


«Алия» соода маркасынын логотиби жаңыланып, ун жана макарондордун сырткы кабы өзгөрдү. Ошондой эле “Алиянын” макарондорунун ассортименти кеңейип, жаңы 6 кыска кесилген макарон түрү чыгарылып баштады – 3 лагман кесме, жайманын 3 түрү жана
2 “уя” кесмелери.


«Ала-Арча» арагы жылдын жаңырык жасаган продукциясы болду. Мурда аталган ичимдик атайын тапшырма менен Кыргыз Республикасынын резиденциясына гана чыгарылчу. Бүгүнкү күндө бул аракты ар бир каалоочу сатып ала алат. Курамы жана сапаты эч өзгөргөн эмес.


"Аю Холдинг" БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен байланыш түзүп, Кыргызстандын өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясы менен активдүү кызматташуу башталды.


«Узавтотрейлер» АКсы жана «Авторемонтный завод» ААКсынын ортосунда айыл чарба техникаларын жана бастырма шаймандарын чогулткан биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Ишкана келечекте КамАЗдын чиркегичин чогултуу жана ар түрдүү сыйымдуулуктагы чендерди заманбап технология менен жасоону көздөйт.
“Узагротехмаш» АКсы менен келишим түзүлүп, анда «Авторемонтный завод» ААКсынын базасында айыл чарба техникаларын чогултуп жана алардын санын көбөйтүү каралат.


“Алия” соода маркасы “Жыл тандоосу 2017” фестивалында “Өлкөдө чыгарылган макарон кесмеси №1» наамына татыды.


Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Аю» компаниясынын «Кыргыз Арагы» арагы “Өлкөдө чыгарылган супер премиум класс №1” наамында жеңүүчү аталды.


«Артезиан» компаниясы өлкөнүн өнүгүшүнө социалдык-экономикалык жактан өзгөчө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак грамотасына татыды.


«Аю Курулуш» курулуш компаниясы “Сары-Челек” турак жайында 7 жаңы кабаттуу үйдүн курулушун бүтүрдү. Ар бир үйгө газ киргизилди.


“Аю Холдинг” «Run the Silk Road» эл аралык марафонго демөөрчү болду. Муну менен катар холдингдин командасы чуркоого катышканга жетишти.


2017-жылдын август айында «Кыргызстан» телеканалы менен азербайжандык «Азеркосмос» компаниясынын ортосунда келишим түзүлүп, Azerspace-1 спутниги аркылуу аталган канал 14 өлкөдө көрсөтүлөт.


Ысык-Көлдөгү “Голубая Бухта” пансионаты эс алуучулардын географиясын кеңейтүүдө. 2017-жылы пансионатка 4 чет өлкөнүн коноктору келди. Жалпы эс алуучулардын саны быйылкы жылы 9700 адамды түздү. Бул “Голубая Бухтанын” жеке рекорду.


«Аю Фарм» фармацевтикалык компаниясы 2017-жылы Сапат менеджментинин системинин сертификатын алды. Заводдун базасында өздүк аналитикалык физика-химиялык лаборатория ишке киргизилип, заманбап шайман жана жабдуулар менен жабдылды.


2017-жылы «Аю Гарант» камсыздандыруучу компаниясы өлкөнүн дарыгерлеринин профессионалдык жоопкерчилигин камсыздаган алгачкы компания болду. Онлайн камсыздандыруу программасы ишке киргизилип, эми үйдөн же кеңседен чыкпай эле камсыздандыруу жүзөгө ашырылат.


«Ак сарай» дыйкан-фермерлик чарбасы 10 жылдан бери бодо малды көбөйтүү ишин жүргүзүп, сапаттуу эттер менен камсыздайт. Тоолуу аймактарда мал чарбачылыкты интенсификациялоо жана фермерлерге үйүрдү көбөйтүүдөгү маселелерге жардам берүү үчүн «Ак сарай» жыл сайын асылдандыруу жумушун өз эсебинен жасайт.


2017-жыл ичинде «Аю Холдинг» салык жана социалдык төлөмдөр үчүн 600 миллион сомдон ашуун каражат төлөсө, муктаж жана демөөрчүлүк жардам иретинде ар кандай долбоор жана иш-чараларга 18 миллион сомдон ашык каражат бөлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zahide
2018-01-02 18:23:23
Elge paidasy jok, nalogdu ar kandai joldor mn toloboi bayip jatat
0
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан