– Ук, оку, үйрөн. Дагы сага эмнени айтайын, уулум?
Турган турпатың менин кичинекей кезимдин эле өзү. Кичинекей кезиңдеги ар бир кылыгың ата-энең үчүн бакыт, сүйүнүч тартуулайт. Бара-бара сен да чоңоёсуң. Тентектигиңден улам апаңдын чачын агартып жатканыңды түшүнөр бекенсиң?.. Мен да ошондой болуп чоңойгом.
Апаң сени дайыма аяп турат. Ал эми мен, тескерисинче. Мунун баары өзүң үчүн тажрыйба болгонун, жашооңо кереги тийгенин билгенде гана мени эстеп, ыраазы болсоң керек. Муну мен дагы чоңойгондо түшүнгөм. Сени жазалап да коюшум мүмкүн, бирок ал менин катаалдыгым эмес, кээде сени катуу кармап коюу да болорун эсиңе түйдүрүү. Бул туура эмес нерсе жасасаң жаза болот дегендик. "Эже-карындаштарымды эмнеге мынча урушпай, мени эле уруша бересиң?" деп ыйлап да каласың. Анткени аялзаты гүл сыяктуу. Ал эми эркек аны коргой турган жоокер сымал. Аларды коргой турган, сыйлай алган, жароокер кылып тарбиялоо – бул атага жүктөлгөн милдет. Ата десе эле ар бир кадамыңды текшерет экен деп ойлобо, ал сенин тандооңду түшүнө билет. Сен да өзүнчө инсансың, сенин да жеке көз карашыңды сыйлайбыз.
Көчөдөгү ылайды кеч, топту тоголото теп. Моокумуң кангыча ойноп ал. Ойночу мезгилиңди оюн менен өткөр. Өз убагында ойной албай калып, кийин ойноп баштасаң убактыңды текке кетирип жатканыңды кеч түшүнүп каласың. Анан мектептеги окуу башталат. Оюнуң азая түшүп, сабак окуй баштайсың. Мектептен дос күтөсүң, теңтуштарың менен кызыктуу күндөрүң башталат. Апаңдан кийинки эле жакын адамыңды жолуктурасың. Ал сага тамга тааныткан мугалимиң болот.
Билимге умтул, спортко жакын бол. Атаң сага башын көрсөтүп берет, калганын өзүң улантып кете алгандай бол. Спорт менен машыкканың өзүңө жакшы. Физикалык абалың гана эмес, ден соолугуң да бекемделет. Өзүңө ишенимдүүлүк, алдыга болгон умтулууну көрсөтүп берет. Жашың 10го келип калганда сенин спорт үчүн алтын убакытың келет. Спорт менен оюнду айырмалап калган мезгилиң. Спорттун кайсы түрүн тандаба – бул сени чемпиондукка жеткире турган башталгыч жол. Аны менен спорттун кайсы тепкичине жетсең дагы ата-энеңдин колдоосунда болоруңду унутпа. Жеңгенди да, жеңилгенди да үйрөн. Жеңилгенди билбеген жеңиштин чыныгы даамын сезе албайт. Мектептен экинчи апаңды тапсаң, спорттон экинчи атаңды табасың. Ал сенин машыктыруучуң. Жумуштун артынан жүрүп апаң да, мен дагы сага көп убакыт бөлбөй калышыбыз мүмкүн. Ошондо бул экинчи апаң менен атаңдын сага болгон таасири зор болот.
Класстын атаманы, класс менен класс, мектеп менен мектеп. Ушундай жашка келгенде кур намыс үчүн балдар менен урушуп-мушташмай башталат. Бул дагы болуп турган эле көрүнүш. Андан качсаң коркок деген атка коносуң, катышып калсаң, эмне дейин, абайла. Аша чаап кетпе! Өзүңдү ойлобосоң дагы, ата-энеңди ойло! Ал баланын дагы ата-энеси бар. Сенин мушташканыңдын азабын биз эле тартабыз. Сен аны эртеси эле унутуп коюшуң мүмкүн. Бирок акыркы кездерде жүрөктүн үшүн алчу жаш балдардын массалык мушташтары, ал мушташтардын өлүм менен аяктап жатышы эмитен эле ата-энеңди санаага салат. Мындай нерсе ар бир жеткинчектин башынан өтөт. Менин убагымда да андайлар болгон. Бирок бир нерсени эсиңе түйүп ал! Андай мушташтардан эч ким эч нерсе тапкан эмес, таппайт дагы. Билегиң күчтүү болгону менен, билимиң жок болсо, күчүңдөн эмне пайда? Чоңойгон сайын чочулатасың, чунагым...
Барган сайын мүнөзүң калыптанат. Кулк-мүнөзүң өзгөрөт. Дүйнө таанууң өөрчүйт. Муну менен катар сенин пикириң менен башкалардын пикири, көз караштары туура келбеши мүмкүн. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Намыс деген бар, жигитти жигит кыла турган, жигиттин талуу жери да ушул нерсе. Көчөнүн таасирин, даамын да татасың. Өз курагыңда ар кандай балдарга жолугасың. Арасында чеккени, ичкени да бар. Айтарым, ал нерселерден алыс жүр.
Эркектин эркек кыла турган ички өзөгү бар. Ал убагы менен жыл өткөн сайын катыйт, бекемделет. Канчалык чыдамкай боло турган болсоң, ал ошончолук бекемделет. Сени күчтүү кыла турган дал ошол өзөк. Аны ар ким тытмалайт, ийет, сөздөр менен шылдыңдашы да мүмкүн. Сен ага туруштук бере алгандай өзөгүңдү бекемдешиң керек. Аны кантип бекемдейт деп сураарсың... Ал убагы менен улуулардын акылынан, кылган ишиңдин жыйынтыктарынан, ар кимдин сөздөрүнөн түптөлүп отуруп, бара-бара куралат.
Күчтүү жана чечкиндүү. Баладан жигитке жеткирчү ушул эки гана сөз. Эркек деген сөздө бекеринен эрк деген сөз турган жок. Эрки күчтүү адам көп нерсеге жетет, алыска барат. Күчтүү бол дегеним, бул алсызды, аялзатын уруп-согуу эмес. Бул күч эмес. Күч деген турмушта кандай кыйынчылык болбосун аны көтөрө алуу, аны жеңе билүү. Чечкиндүүлүк – жигитке ылайык сапат. Үстөлдүн үстүн бир коюп “мен айткандай болот” деп айткан дагы сенин чечкиндүүлүгүңдөн кабар бербейт.
Азыркы убакыттын татыктуу жигити – саркеч чач жасалгалуу, шумдуктуу кийингени деп эсептелип калды. Ал эми мырзанын чыныгы татыктуусу түз жана туура баса алгандыгы. Бул классика. Эч бир убакытта өзгөрбөй турган принцип. Жигит качан мырзага айланат? Качан балалык мүнөзүн таштаганда. Качан өзүмчүл болбой, башкалардын пикирин уга билип, көнө алганда. Качан өзүнө ишенип, туруктуу болгондо. Качан бирөөнү туурабай, өзүң кандай болсоң ошондой болгонуң туура экендигин түшүнгөндө. Аз сүйлөп, көп жумуш аткарып калганда. Сөзүнө турганды үйрөнгөндө. Анан, албетте, түз жана туура басып калганда...
Мен сенин өзүм басып өткөн жолумду басууңду каалабайм. Аны сен менин жанымда эле басып өтөсүң. Сен мен жетпеген, өзүң тилек кылган, максат кылган жолдорго чейин жетүүңдү каалайм.
Ук, оку, үйрөн. Эркек балага бир сөз менен айткан жетиштүү болушу керек.
Атаң