Бекчоро: «ЖЕРДЕШТЕРИМ МЕНИ ЖЕРГЕ БЕРЕЛИ ДЕП КАЛЫШЫПТЫР»

Түз байланыш

“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2009-жылдын стилдүү ырчысы” наамынын жеңүүчүсү Бекчоро концерт берүү үчүн Түштүк Кореяга 19-майда сапар алды. Бул сапардан эки күн мурун ырчы күйөрмандары менен түз байланышта баарлашкан эле, анда чогуу окуйлу.

Саадат, 12 жашта:
– Кийингениңиз мага абдан жагат. Кийимдериңизди, көз айнектериңизди кайдан аласыз?
– Кийимди борбордогу соода түйүндөрүнөн алам жана атайын заказ менен Түркиядан алдыртам. Ал эми көз айнектеримди досторум Италиядан, Орусиядан, Түркиядан алып келип беришкен. Анан, албетте, Бишкектен алынгандары да бар.

Бермет, 18 жашта:
– Өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Мен дагы ырдап, сахнага чыгайын дедим эле, жардам бере аласызбы?
– Мен 1984-жылы Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында 14-ноябрда туулгам. Ошол жердин суусун ичип, тузун татып чоңойгом. Сегиз бир туугандын алтынчысымын. Ырдап чыгам дегениңиз жакшы. Продюсер болбогондон кийин ыр жаздырып, форма тиктирип жардам бере албайм, бирок кеп-кеңешимди айта алам.
– Ильяз Абдыразаков менен мамилеңиз кандай?
– Ильяз экөөбүз элге тааныла электе эле ага-ини катары жакшы мамиледе болчубуз. Азыр ошол кездеги кызыктуу күндөрдү эстеп, каткырып калабыз. Мамилебиз учурда абдан жакшы.

Айжаркын, 21 жашта:
– Качан үйлөнөсүз?
– Үйлөнөм деп айта берип тажап кеттим. Өткөн күздө эле үйлөнөйүн дегем, каржы жагы туура келбей артка жылган. Эсептесем, тойго келүүчүлөрдүн саны 400дөй болуп кетти. Байкелерим “кыргызча эле сөйкө салып, нике кыйдырып үйлөнө бер. Күзүндө чоң той беребиз” деп жатышат. Бул ойго мен да кошулдум. Анткени намаз окуган адам кыздарга жолобошу керек. Эркек болгондон кийин кыздарга кызыгууң артпай койбойт экен. Көчөдөн сулуу кыздарды көргөндө өзүмдү жоготуп, көзүм токтоп калып жатат. Ошон үчүн бир айга жетпей үйлөнөм, буюрса.

Бегайым, 20 жашта:
– Сизге кандай кыздар жагат?
– Айрым кыздар өзүнүн байлыгы, бийлиги менен мактанып, жигиттерге кыйын боло беришет. Мындай кыздар эркектерге жагымдуу маанай алып келбейт. Байлыгы, бийлиги жок назик, уяң кыздар байлыгына чиренген кыздардан жогору турат деп ойлойм. Мага жөнөкөй, чачы узун, назик кыздар жагат.

Акжуурат, 18 жашта:
– Намаз окуган адам ырдабайт да. Сиз ырдамак түгүл клибиңизге жарым жылаңач кыздарды тарткансыз, бул күнөө эмеспи?
– Ал клиптер мен намаз окуганга чейин тартылган. Азыр клип тартсам андайга жол бербейм. Ал эми намаз окуган адамдын ырдашы күнөө эмес экен. Илимдүү аалымдардан кеңеш сураганы барсам, “ыр дүйнөсүнө аралашканыңа көп болуптур, дароо таштоо сага оор болуп калат. Намаз окуган адам ырдабасын деп Куранда жазылган эмес. Ырдап жүрө бер, бирок беш убак намазыңды таштаба" дешти.

Элянура, 20 жашта:
– Намаз окушуңузга эмне түрткү болгон?
– Азиз Жетигенов жана бир тууган иним түрткү болгон. Аларга кошулуп дааватка биринчи жолу 2009-жылы 5-январда чыккам. Ал эми беш убак намаз окуп, дин жолуна түшкөнүмө бир жыл болду.

Айназик, 30 жашта:
– 7-апрелде аянтка барды­ңызбы?
– Ал күнү аянтка барбай коё албадым. Бир аз жүрүп, анан үйгө кетүүгө туура келди. Аянтта жүргөнүмдү көргөн жердештерим казармандыктарга телефон чалып “Бекчорону атып салышты. Сөөк жолдо баратат” деп салышыптыр. Казармандыктар “бир ырчыбыз болсо, аны атып салат деген эмне?!” деп ызы-чуу болуп, мени жерге берүүгө камынып калышыптыр. Апам телефондон үнүмдү угуп алып “тирүүсүңбү?” деп ыйлап жиберди. Ушундай ушактарды ким, кантип таратат, түшүнбөйм.
– Көзүңүз жакшы эле көрөбү?
– Көз айнек тагынсам эле көзү бүтүк, көрүүсү начар дей беришет экен. Бирок көзүм эл катары көрөт, татынакай деп койбоюнбу. Көз айнек тандоодо көрүүгө терс таасирин тийгизбейби, биринчи ушул жагын карайм. Сапаттуусун кымбатына карабай алам. 133 көз айнегимдин ичинен эң кымбаты 250 долларга түшкөн.

Айгүл, 17 жашта:
– Жашоодо эмнеден коркосуз?
– Жашоодо аябай коркконум – Алла Таала. Эгер адам Алла Тааладан корксо, анда арстандан, жыландан же жер титирөөдөн коркуу сыяктуу сезимдери жок болот.
– Кимди кумир тутасыз?
– Негизи кумир туткан адамым жок. Бирок Жастин Тимберлейк жана Ашер жагат.

Бегимай, 19 жашта:
– Стилиңиз башка ырчылардан өзгөчө. Эмнеге мындай стилди тандап алгансыз?
– Батыштын жылдыздарын байкап, биздин кыргыз шоу-бизнесине алардыкына окшошураак өзгөчө стиль жетишпесин билдим. Ошондон тарта Кыргызстанга кийинүү, сахнада өзүн алып жүрүү, ырдоо жагынан жаңылык киргизгим келген.

Жанэл, 24 жашта:
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
– Жаңы эле жазып бүткөн “Сагындым” деген ырыма мурунку продюсерим Семетей экөөбүз клип тартсакпы деп турабыз. Бул ырды WWW.SUPER.KG сайтындагы медиа-порталга кирип уга аласыз. Ырдын тексти аябай көп убакыт иштелди. Аранжировкасы менен обону жаралары менен эле жаккан. Кыскасы, “Сагындымды” башкача эргүү менен ырдадым. Негизи, бул ыр сүйлөшкөн кызыма арналып жазылган. Клиптин бир жеринен көз айнегимди алып, кызыма сүйүүмдү билдирейин деп турам.
– Анда клиптен кийин көз айнегиңизди таптакыр алат турбайсызбы?
– Аны убакыт көргөзөт. Бирок таптакыр алайын деген оюм жок.
– Сүйлөшкөн кызыңыз тууралуу айтып бербейсизби?
– Назгүл үй-бүлөдөгү жалгыз кыз. Ата-энеси ар кандай келишпестиктен улам ажырашып кетишиптир. Болочок кайненем менен таанышкам. Мени ырчы эмес, өз баласындай жакшы көрөт.

Гүлкайыр, 16 жашта:
– Канча жашыңыздан тарта ырдап келе жатасыз?
– Кичинекей кезимде эле мектептен “Апакем” деген ырды созуп калчумун. Бирок 6-класстан спортко кызыгып кетип, таштап койгом. 11-класстан кайрадан ырга кызыктым. Борборго келгени бир нече кафеде иштеп жүрүп, көп кыйынчылык менен араң шоу-бизнеске аралашкам. Мени элге тааныткан биринчи ырым “Мен үчүн белең?”
– Токмок шаарына качан концерт коюп келесиз?
– Оюмду окуп койдуңуз го. Буюрса, сиз айтмакчы, Токмокко барсакпы деген пландар бар.

Назик, 15 жашта:
– Мода кубалайсызбы?
– Модага айылда жүргөндө эле кичине кезимден кызыкчумун. Бул сапатым борборго келгенде өнүгүп кетти. Бирок эл кубалаган модадан оолакмын. Мисалы, кайсы шым менен кандай көйнөк жарашарын алдын-ала көрүп турам. Сизге модага байланышкан кызыктуу бир окуяны айтып берейинби? Кадимкидей эле шым кийип алып, Казарманга бардым. Чемоданга эки тизеси жыртык шымымды салып алгам. Апам кийимдеримди кагып-силкип жатып, баягы тизелери айрык шымды көрүп калат. Анан “байкуш балам, жыртык шым менен жүргөн турбайбы” деп бир тешигин жамап, экинчи тешигине "кол салганы" жаткан жеринен кармап алгам. Ал шымымды апама мода деп араң түшүндүргөм.

Айсалкын, 23 жашта:
– Табышмак айтсам табасызбы? Эки сегиз, бир тогуз, качан болот он тогуз?
– Булар он тогуз болбойт да. Аа, таптым, экиге сегизди кошсо он болот, анан тогузду кошуп койсок, он тогуз чыгат.
– Туура таптыңыз. Экинчи суроом, апаңызга жакынсызбы же атаңызгабы?
– Атамдын дүйнөдөн өтүп кеткенине көп болгон. Негизи, экөөнө тең жакын болчумун. Атама бөлүнгөн жакшы көрүү сезимимди азыр апама арнап калгам. Апам болсо өзүнүн да, атамдын да ордуна мээримин төгүп келет.

БЕКЧОРО 1 СААТ ИЧИНДЕ
35 күйөрманынын суроолоруна жооп берди. Алардын ичинен кайталанма суроолор гезит бетине жарыяланган жок.


Жылмайып коюңуз!

8-апрель. Түнкү саат 02.00. Бекчорого досу телефон чалып, дүкөндөрдү тоноп жаткандарын айтып, “келип кал” дейт.
– Баргым келбей турат, маанай жок. "Динь-Чинге" барсам, көз айнектерди талап кетишиптир.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aizirek87
2010-05-24 11:42:47
Кыздарды баалаган сапатыныз жакты, ар дайым бар болунуз
0
ayza
2010-05-24 18:48:32
Чыгармачылыгынызга ийгилик,осо бериниз!
0
AlmazKG
2010-05-27 16:20:52
Сага ийгилик Бекчоро! Оркундой бер!
0
egenberdi
2010-05-27 18:09:16
ax bek choro uigilik saga//////////////////

0
kanye
2010-05-29 15:41:45
кыргыз эстрадасында жанып турган жылдыз бол
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан