Жүрөк сыры
«Өлүм алдында жаткан адамдын акыркы керээзин аткаруу – парз» дешет. Бирок аны ишке ашыруу мынчалык оор болот деп ойлогон да эмесмин. Азыр мен бир нече адамдын тагдырын өзгөртүп жиберишим мүмкүн. Ошого акым барбы?..»
Редакциябызга баш баккан Гүлнараны учурда дал ушундай суроолор кыйнап жатыптыр.
Жумуштан келсем, үйгө кире бериште кошуналар үрпөйө чогулуп турушуптур. Көрсө, кошунабыз Салима апа ооруп калган экен. Көп жылдар бою төрөт үйүндө иштеп жүрүп пенсияга чыккан бул апанын жакындары жок, жалгыз жашайт. Андыктан кошуналар кирип-чыгып тиричилигине жардамдашып турар элек. Салима апа мени башкалардан өзгөчө жакшы көрөт. Бүгүн да “Гүлнара келдиби? Чакыргылачы, сүйлөшөт элем” деп кечке мени күтүптүр. Кирсем оор дем алып, эти ысып жаткан экен.
– Кел, Гүкүнтай, сени күтсөм, аябай кечиктиң да...
– Кечээ эле жакшынакай жүрбөдүңүз беле, сизге эмне болду?
– Аа, балам, карылык да. Эшикти бекитип келчи, сага айта турган сөзүм бар.
Жүгүрүп барып каалганы бекитип келдим. Кошунам телмире бир чекитти тиктеп отуруп, анан күрсүнө кеп баштады.
– “Эмне шумдукту айтат экен...” деп эсиң чыкпасын, балам. Жакшыбы-жаманбы, айтор, көп жашадым, Жаратканга зарым жок. Бирок кокусунан көз жуумп кетсем, моюнумда бир карыз калып калчудай. Ал ишти өзүм бүтүргөнгө чамам жетер эмес. Сенден суранам, бир адамды издеп таап бер. Өзүң милицияда иштейсиң, сенин колуңдан келет...
Мындан отуз жыл мурун... СССР, коммунизм деген күчүндө. Мен №2-төрөт үйүндө иштечүмүн. Башкы врач еврей болчу. Ишин мыкты билген, куулук-шумдугу да ашынган аял эле. Ачык айтылбаса да, “Исполком тарапта күчтүү бир колдоочусу бар” деп ага эч ким каяша айтып, тийише алчу эмес. Ошол аял мени бир күнү чакырып калды. “Катардагы акушерка болсом, мени эмнеге издетип калды? Тынччылык болгой эле...” деп ичимден чочуп да алгам. Кирсем ойлуу отуруптур. Саламыма алик да албай, “отур” дегенсип көз шилтеп койду.
– Салима, бизде беш жылдан бери иштейсиң, ээ?
– Ооба...
– Үйүң барбы?
– Жок, батирде турам. Кезегим келгенче дагы көп бар го.
– Сыртыңдан байкап жүрөм. Жооп-керчиликтүү кызматкерсиң. Кезегиңди алдыга жылдыртып койдум. Быйыл тиги 10-кичирайондо салынып жаткан үйдөн квартира берилет, ошондон аласың. Бирок...
Сөзүнүн ушул жерине келгенде мени сынай тиктеп, кыйлага туруп калды.
– Бирок бир өтүнүчүм бар. Шарт деп койсо да болот.
– Ал эмне болгон шарт?
– Эртең бизге бир жаш кызды алып келишет. Жакында төрөй турган. Ошону өзүң карайсың. Операция менен төрөтөбүз. Анда да өзүң киресиң.
– Дайыма эле кыла жүргөн жумушум. Аны суранбасаңыз деле аткармакмын.
– Сен түшүнбөй калдың. Ал кыздын палатасына менин уруксатымсыз эч кимди киргизбейсиң.
– Макул, түшүндүм.
Айткандарына толук түшүнбөсөм да, ийне-жибине чейин сураштырып отуруудан тартынып, чыга бердим. Айткандай эле эртеси кечке жуук капкара Волга келип токтоп, буурул чач бир киши жана кош бойлуу татынакай келин түштү. Жүгүрө тосуп чыккан башкы врач көпөлөктөй чарк айланып жатканына караганда чоң кызматтагы киши окшойт, тиги буурул чач.
Ошентип, четки палатага жаш келинди жаткырып, мени кайтарууга коюшту. Аты Гүлнур экен. Байкашымча, бир жума аралыгында төрөй турган. Башкы врачтын “операцияга да өзүң киресиң” деген сөзүн эстеп, бул жерде бир сыр бар экенин түшүндүм. Анткени Гүлнурдун ден соолугу жайында, өзү деле төрөй ала тургандай.
– Салима, бүгүн сен түнкү нөөмөткө калат экенсиң.
Бир күнү ушундай сөздөрдү айтып, менин шеригим кабинетке кирип келди.
– Кандайча? Менин кезегим эмес да?..
– Билбейм, башкы врач “эскертип кой, кетип калбасын” деди.
Башкы врачтын атын укканда денем жыйрыла түшүп, тиги Гүлнур эсиме келди. Жүрөгүм түпөйүл тартып, бушайман боло түштүм. Бекеринен чочулабаган экенмин. Ошол түнү башкы врач мени, наркоз куюучу врачты жана бир мээрман айымды гана калтырыптыр. Толгоосу келе электе эле “баланын жүрөгү сокпой калды” дешип, Гүлнурду шашылыш операцияга киргизип кетишти. Ошол арада “Тез жардам” менен башка төрөт үйүнөн жаңы төрөлүп, каза тапкан баланы алып келишти. Гүлнурдун боюндагысы эгиз кыздар экен. Ал наркоздон эсине келгиче эгиз кыздарды “Тез жардам” менен келгендер алып кете беришти. Аңгыча баягы буурул чач киши да келип калды. Өзүнө келип, баласына умтулган Гүлнур каза тапкан наристени көрүп, эки ийини солкулдай ыйлап жатып калды. Жүзүнөн өөп, аны сооротмокчу болгон буурул чачка: “Мага айтпаганың менен, сен ушуну каалаган элең. Мына эми баш оору жок. Кете берсең болот...”- деп айтып, жүзүн буруп кетти.
Башында “атасы го” деп ойлогом. Анын бул сөздөрүнөн кийин гана маселенин төркүнүн баамдадым. Сыягы, бул кишиден Гүлнур кош бойлуу болуп калып, ал чиновник “баш ооруну” чечүүнүн оңой жолун тапкан окшойт. Мындай иши үчүн башкы врачыбыз акысына эмне алганын билбедим, мага ошол жылы өкмөттөн эки бөлмөлүү үй беришти.
Канчалык унутайын десем да, баягы келиндин жүзүнөн мөлт-мөлт аккан жашы мага тынчтык бербеди. Шаардагы төрөт үйлөрүндө курбу-курдаш, тааныштарым болор эле. Абайлап сурамжылап, айрымдарынын кагаздарына өзүм көз жүгүртүп жүрүп, ошол түнү эки аял эгиз кыз төрөгөндүгүн билдим. Даректерин алып, бир нече жыл сырттан байкап жүрдүм. Биринин кыздары ата-энесине абдан эле окшош. Экинчисиники такыр окшобойт. Гүлнурдун кыздары ошолор болсо керек. Аттары – Айжан, Гүлжан. Азыр алар үйлүү-жайлуу болуп калышты. Айжандын университетке окутуучу болуп ишке киргенин уккам. Тиги бечара келинди ошол боюнча жолуктурбадым. Буурул чач кишинин ким экендигин да сураштырган эмесмин. Териштирип жүргөнүмдү байкап калышса, өлтүртүп же жиндиканага каматып салышары деле мүмкүн эле. Башкы врачыбыз Союз тарагандан кийин Израилге көчүп кеткен. Азыр өлүү-тирүүсүн билбейм.
Эки ирет турмушка чыгып, бала жытын искей албадым. Кээде ошол күнөөм үчүн Жараткан мени балага зар кылып койду көрүнөт деп кетем.
Гүкүнтай, менин сенден башка жакыным жок. Колуңдан келсе Гүлнурду, анын кыздарын таап, ачыгын айтып бер, моюнума жүк болуп кетпесин.
***
Салима апа экөөбүз сүйлөшкөндөн бери эки ай өттү. Иликтеп жүрүп университеттердин биринен Айжан аттуу мугалимди таап, сыртынан сүрөткө тарттырып да келдим. Салима апа сүрөткө көпкө чейин тигилип: “Ошол, Гүлнурдун көздөрү, мурду, эрини. Бул кыз ошол”,- деп шолоктоп ыйлады.
Өзүмдүн жумушума тоскоол болгонуна карабай, бул ишти иликтөөнү токтоткон жокмун. Азыр колумда Салима апа билбеген бир топ фактылар турат. Бирок бир нерсени чече албай жатам. Ал кыздарга бул тууралуу айтуу керекпи? Өмүр бою өнтөлөп багып келген ата-энесинин абалы эмне болот? Башка бирөөнүн балдары экенин билишсе, Айжан менен Гүлжан кандай абалда калышат?
Наристелеринен тирүүлөй ажырап калган Гүлнур эженин да дайынын таптым. Турмушка чыгып, бала-чакалуу экен. Балдары тирүү экенин укса, ал бечаранын жүрөгү жарылып кетпейби? Бул окуяны күйөөсү, бала-чакасы билеби? Айтор, суроолор көп... Жооп таппай убарамын.
Гүлнара, Бишкек шаары.
Айбек Нурадилов
koom@super.kg