MEGACHAT – ЧЫНЫГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ БАР ВИРТУАЛДЫК НОМУР

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда уникалдуу продукт пайда болду – MegaChat мобилдик тиркемеси. Бул инновациялык тиркеме кыргызстандыктардын көңүлүнө төп келет деп ишенимдүү айтсак болот. Бул жаңычылдык тууралуу биз «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (MegaCom соода маркасы) маркетинг бөлүмүнүн башчысы Николай Кан менен маектештик.

– MegaChat тиркемесинин кандай артыкчылыктары бар? Виртуалдык номур деген эмне?
-Кыргызстандын уюлдук операторлорунун арасынан MegaCom компаниясы биринчилерден болуп MegaChat инновациялык тиркемесин ишке киргизди. Бул уникалдуу продукт биздин абоненттер үчүн байланыштын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн тартууламакчы. MegaChat тиркемесин орноткон колдонуучу интернетке туташуу менен аталган тиркеме аркылуу башкаларга телефон чалып жана алардын телефон чалуусун кабыл ала алат. Абонент тиркеме ичиндеги контакттарына гана эмес, Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун абоненттерине, үй, кеңсе номурларына да дүйнөнүн ар кайсы бурчунан пайдалуу тариф менен байланыша алат!
MegaChat тиркемесинде телефон чалуулардан сырткары чаттан кат жазышуу, сүрөт, видео жана башка файлдарды жөнөтүү, уникалдуу стикерлердин жардамы менен ар кандай эмоцияларды билдирсе болот.
Ал эми виртуалдык номурдун кадимки номурлардан айырмасы – интернет желеси аркылуу иштегенинде. Өзүңүздөр билгендей, учурда үн байланышы GSM тармагы аркылуу ишке ашат. Ал үчүн абонент оператордун СИМ-картасын сатып алып, аны уюлдук телефонуна орнотушу керек. Биз сунуштап жаткан учурга токтолсок, колдонуучу Google PlayMarket же AppStore’дон MegaChat тиркемесин жүктөп алып, MegaCom’дун виртуалдык номурун колдоно алат.
Виртуалдык номурду пайдалануу өзгөчө бир СИМ-карталуу телефон аппараттарын көтөрүп жүргөн колдонуучулар үчүн ыңгайлуу. Анткени көпчүлүк учурда алар эки телефон сатып алууга аргасыз болушат – жеке сүйлөшүүлөр үчүн жана жумуш үчүн. MegaCom’дун виртуалдык номуру менен кошумча аппараттын кереги жок болот.
Баса, MegaCom’дун MegaChat тиркемесин колдонгон абоненттер билиши керек, MegaCom сунуштаган интернетти колдонсоңуз, тиркемеде интернет-трафик акысыз. Башкача айтканда, MegaCom’дун виртуалдык номурлары менен MegaChat тиркемесинде чат аркылуу кат жазышуу, файлдарды жөнөтүү жана чалууларды аткаруу бекер.

– Бул тез кат жазышуу веб-тиркемесине абдан окшошуп кетет экен. MegaChat тиркемеси дүйнөгө белгилүү башка мессенджерлерден эмнеси менен айырмаланат?
-Бир катар мессенджерлер тиркеменин ичинде гана баарлашууну сунушташат. Бул колдонуучулар арасында чек коёт, эки тарап тең ошол тиркемени колдонушу керек болот. MegaChat болсо байланышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, MegaCom’дун абоненттери үчүн тиркемеден сырткары да чалууларды сунуштайт. Сиз Кыргызстандын башка уюлдук операторлорунун номурларына гана эмес, үй телефондоруна да дүйнөнүн ар кайсы бурчунан пайдалуу тарифтер менен чала аласыз. Мындай мүмкүнчүлүктөр кыргызстандыктарда али жок болчу.

– Чет жактарга көп чыккан саякатчылар жана ишкерлер үчүн MegaChat – бул жакшы табылга экен. Анткени анын жардамы менен байланыштан үнөмдөсө болот экен да?
-Адам чет мамлекетке чыккан соң жергиликтүү оператордун СИМ-картасын телефондон алып чыкканы көнүмүш нерсе эмеспи. Бул учурда абоненттер альтернатива издей башташат – чет мамлекеттин СИМ-картасын сатып алат. Эл аралык байланыш болсо кымбат ырахат. MegaChat менен MegaCom’дун кадимки номуру менен эле жакындарыңыз менен байланышып, ошол эле учурда байланыш үчүн каражатыңызды үнөмдөп каласыз. Тиркеме иштеши үчүн жөн гана интернет керек, бул жаатта чет мамлекетте көбүнчө маселе жаралбайт. Көптөгөн мамлекеттерде коомдук Wi-Fi орнотулган.

– Бул тиркемени орнотуу кимдерге пайдалуу болот?
-Биринчиден, биз өзүбүздүн абоненттерибизге ыңгайлашабыз. Алар тиркемени көчүрүп алганда кадимки номуру автоматтык түрдө виртуалдык номур катары катталып калат. Учурда керектөөчүлөр үн байланышына караганда чат аркылуу кат жазышууга өтүп жатышат. Тиркемеде кат жазышуу, сүрөт жана башка файлдарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар.
MegaChat тиркемесине айрыкча чет мамлекетте жашап, иштеген биздин мекендештер кызыгышат. Алардын көпчүлүгү ата мекендик операторлордун СИМ-карталарынан баш тартышып, чет мамлекеттикине өтүшкөн. Бул түшүнүктүү нерсе. Эми алар MegaChat тиркемеси аркылуу MegaCom’дун виртуалдык номурун бекер ала алышат.
Мигранттар виртуалдык номурду кантип ала алышат? Ал үчүн жөн гана тиркемени көчүрүп алып, электрондук каттоодон өтүү керек (бул учурда колдонуучунун байланыш номуру көрсөтүлөт да, ошол эле номурга катталуу үчүн атайын код жиберилет) жана тиркемеде байланыш кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзүлөт. Андан соң виртуалдык эсептелген абоненттик номур берилет. Бул абоненттер үчүн стандарттык иш-чара, анткени байланыш кызматында ар бир номур сөзсүз түрдө жекелештирилет. Абонент керектүү маалыматтарды толтуруп, андан сырткары өздүгүн тактаган документти жөнөтүшү керек. Паспортту же айдоочулук күбөлүгүңүздү тиркеме аркылуу эле сүрөткө тартып же болбосо сканерден өткөнүн деле жөнөтсөңүз болот. Башкача айтканда, мекендештерибиз атайын кеңсеге барып СИМ-карта алып отурбайт.

– MegaChat тиркемесинде байланыштын сапаты кандай?
-Тиркеменин ишмердүүлүгү үчүн SIP маалымат байланыш протоколу колдонулат жана бардык чалуулар дүйнөлүк желе аркылуу өтөт. Андыктан байланыштын сапаты түздөн-түз интернет-туташуудан көз каранды болот. Айта кетчү нерсе, эгер абонент MegaCom’дун интернети менен колдонсо, анда тиркемеде байланыш сапатынан кам санабай эле койсо болот. Биз эң жогорку байланыш сапатына кепилдик беребиз.

– Коомчулукка MegaChat азыр бета-версияда гана жеткиликтүү. Акыркы жыйынтык качан болот?
-Белгилей кетүү керек, тиркеменин өзү – бул эл аралык иштелип чыккан нерсе, бирок MegaCom’дун талаптарын эске алуу менен биздин шарттарга ылайыкташкан. MegaChat’ка да тестирлөө талап кылган көптөгөн өзгөртүүлөр, жакшыртуулар киргизилген. Анын үстүнө бул жаңы кызмат жана азыр акырындан тиркемени оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок тестирлөө режимине карабай тиркемеге карата кызыгуулардын саны көп экенин байкап жатабыз, MegaChat’ка катталган активдүү колдонуучулардын саны өсүүдө. Ал эми алардын тиркемеге карата оюнан улам MegaChat’ты жакшы кабыл алышканын билип жатабыз.

– Маегиңизге рахмат!


Азамат Касыбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
vavilon.
2018-01-02 15:44:52
Маил ру агентке окшош экен. Агентте деле почтандан дуйнонун баардык бурчунан чалуу, видеочалуу аткарса болот интернет аркылуу. Эч кандай номурдун да кереги жок
-2
ayva
2018-01-04 00:28:27
Ватсап Ватсап Ватсап
0
Eureka
2018-01-04 22:55:34
Мегачат виртуалдык номер боюнча алгач телерекламадан көрүп, эрте менен жумушка баратып мегакомдун Оштогу кеңсесине барып кеңири маалымат берип коюусун өтүндүм, кызыгы ал жердеги иштеген кызматкер "бизде анда кызмат жок, рекламаны дагы бири көрүп келиң" - десе болобу. Дароо жумушка келип интернеттен карап тактадым
. Урматтуу мегаком жаңылыктарды өз кызматкерлериңерге да жеткирип, үйрөтүп турсаңар.
0
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан